Негизи, кыргызда алысты көрө билген, кылымдарга көөнөрбөс насаатын калтырган инсандар көп болгон. Алардын айтып кеткен накыл сөздөрүн бүгүнкү күндө дагы кеңири колдонуп келебиз. Мисалы, “укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба”, “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген кептер бар. Бул сөздөр кайсы окуядан улам, кайсы заманда айтылып калганын билбейбиз, бирок актуалдуулугун бүгүн да жоготпой келет.
Былтыр продюсер Ислам Сатаров: “Саламатсыздарбы, жакшы бир жаңылыгым бар. “Тумар” радиосунан саат сайын жаңырып жаткан “Танхам” деген ырды билесиздер да. Ошол ырдын аткаруучусу Рамин Кыргызстанда. Мен аны менен иштешип жатам”,- деп бизге коңгуроо кылып, “кубанычтуу кабарын” айткан. Ага удаа эле, концерттерде билет сатып иштеген, концерттерди уюштурууну жакшы өздөштүргөн Астра аттуу эжекебиз бар, белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун балдызы, ошол эжеке айтып калды, “Ош тарапка баратам, Рамин концерт берет. Ислам сунуштады эле, макул болдум, мен уюштурам” деп. Ошентип, өткөн жылдын декабрь айынын башында өзүн Рамин атап, “Танхам” аттуу популярдуу ырды аткарып жүргөн жигит Ош шаарында концерт берген. Ал концертке келген Ош шаарынын тургундары болсо, эстешсе керек.
Бул экөө: Ислам Сатаров менен өзүн Рамин атап жүргөн жигит Бишкекте бир топ корпоративдик кечелерге, тойлорго да барып жүрүштү. Анан ырчылар арасында күбүр-шыбыр кеп башталды, “бул Рамин эмес, жөн гана “самозванец” деген. Бул жигитке кайрылып калганыбыздын себеби да ушунда эле. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында бул жигит менен Ислам Сатаровду редакциябызга чакырып, “чын эле Рамин Монтазерисиңби?” деп суроо узатканбыз. Кыргызстандын элин канчалык алдагандыгын толук жеткире айтып берүү үчүн ошол маектен (№485-сан, 17-февраль) үзүндү келтирүүнү чечтик. Ал минткен:
– Иранда ырчы болсоң, дүкөндөргө кенен кирип, көчөдө эркин басып жүрө албайсың. Чыктың дегиче таанып жүдөтүшөт. Ошондуктан сиздерге кенен басып жүрүш үчүн келдим (күлүп). Бизде, Иранда ырчы болуп көтөрүлүш абдан кыйын. Кыргызстанда болсо көтөрүлүш оңой (эч ким текшербейт деп ойлосо керек), кала берсе менин стилимде ырдагандар жокко эсе экен. “Танхам” деген ырды 5 жыл мурда, рэпер таанышым Бибак менен ырдаганбыз. Ал ыр хит боло баштаганда мен Кыргызстанга келе бергенмин. Бул жакта жүргөнүмдө Бибак “кел, клип тарталы” деп калды. Шартка байланыштуу бара албадым. Ал болсо менин уруксатымсыз башка бирөөнү ырдатып, клип тартып салыптыр. Чынында, атам менин ырчылыгыма каршы. Кыргызстанга келсем, “буларда ырчыларды өлтүрүп кетет экен” деп аябай чочулаган. Ошого байланыштуу Бибак менен териштирбей, унчукпай кала бердим. Иранда ырдоого уруксат алуу көп маселени жаратат. Андыктан чыныгы атым менен эмес, Рамин Монтазери деген лакап ат менен чыккам. Ал эми паспортто өз атым – Расул Хейр Абади.
Кээде “самозванец” деген сөздөрдү угуп аябай капа болом (капа болуп турган адам элди алдамак эмес!). Ислам Сатаров менен эки жылдык келишим менен иштешип жатам. Түшкөн сумманын мага 60, продюсерге 40 пайызы калат.
“Танхамга” жаңы клип тарттым, Бибак ырдаган жерлери мурунку клиптен кошулган. Ырдын автору катары менин да укугум бар. Башында Бибак менин уруксатымсыз клип тартып, башка ырчыны ырдатып чыгарып салды. Эми ушинтип мен да клип тартууну чечтим.
Мына ушундай деп бизге маек берген ал жигит. Калп айтып жатканын моюнга алар, катасын оңдоор деп биз 2 айга жакын күттүк. Андай болбоду. Анан Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинен сураштырып, бизге атактуу ырчы катары маек берген Расул Хейр Абадинин Рамин Монтазериге эч кандай тиешеси жоктугун, атүгүл ал жигит ырчы да эмес экендигин тактап, гезитибиздин өткөн санына жарыялаганбыз. Бул жигит ошол макаладан кийин да айыбын моюнга алса болор эле. Тескерисинче, продюсер Ислам Сатаров “Расул маек бергенде Рамин Монтазеримин деп айткан эмес, ал Рамин R.K. деген лакап ат менен чыгып жаткандыгын айткан” дейт. Ооба, ата-энесинин ысымынын баш тамгаларынан курап, ушундай лакап ат менен чыга баштагандыгын айткан. Бирок маектин башынан аягына чейин Рамин Монтазеринин “Танхам” аттуу ыры жөнүндө сөз кылып, “ырдын авторумун” дебеди беле? Ошол ырга, ошол ырчынын атына жамынып акча таап жатканын жашырган эмес, “түшкөн сумманын 60 пайызы мага, продюсериме 40 пайызы тиет” деп. Демек, ал ырчыны акча төлөп кечелерине, тойлоруна чакырган, анын концертине акчага билет сатып алып барган ар бир кыргызстандыктын акысы бар, бул жигит менен продюсеринен өзүнүн материалдык жана моралдык чыгымын эсептетип, төлөтүп алганга. Маселе бул жерде акчада деле эмес. “Ушинтип эле элди алдаса боло берет” деп иштеген жоруктары зээнди кейитет.
Айбек Нурадилов
star@super.kg