КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

АБАКТАН ЖАДАБАЙБЫ?
30-мартта Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин оперативдүү тобу 6-кичирайондон 33 жаштагы Г.Е. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан. Анын денесинде жана бетинде көптөгөн жарааттар болгон. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Маалыматтарга караганда, ошол күнү Г.Енин үйүнө тааныштары чогулган. Арак ичилгенден кийин аялдын көңүлдөшү аны сабап, оор жарааттарынан улам үй кожойкеси ошол жерден каза болуп калган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Октябрь РИИБинин №4-шаардык бөлүмүнүн аймактык инспекторлору бул кылмышка шектүү катары мурун 7 жолу соттолгон 35 жаштагы Д.А. аттуу адамды кармашты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ЗОРДУКЧУГА АМАЛ ЖОК
28-мартта кечки саат сегиздерде Токмок шаарында улгайып калган аялды бирөө зордуктап кеткен. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, аялдан азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы чала тааныш адам зордуктап жана сабап кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында аймактык инспекторлор тарабынан ушул эле шаардын Б.Н. аттуу тургуну кылмышка шектелип кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

БАЛА БАКЧАГА КИРГИЗҮҮ 8000 СОМБУ?
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "пара талап кылган" деп шектелип бала бакчанын башчысы кармалды. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, милицияга Бишкек шаарында жашаган аял кайрылып, анын баласын бала бакчага кийирүү үчүн акча талап кылышканын айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы бала бакчанын башчысы 8000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

АВТОКЫРСЫКТАН 2 КИШИ КАЗА БОЛДУ
Бишкек-Лебединовка-Восток унаа жолунда автокырсык катталды. ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, 2-апрелде таңкы саат 8:30да Хонда автоунаасы Мазда үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 киши каза болуп, 4 киши ар кандай жаракат алышкан. Жабырлангандар Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

БАРАК ҮЙ КҮЙҮП КЕТТИ
2-апрелде Бишкек шаарындагы Севастополь туюк көчөсүндөгү барак тибиндеги үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен үйдүн 100 чарчы метр чатыры жана Е.Дерябинанын 12 чарчы метр бөлмөсү толук күйүп кеткен. Дерябинадан сырткары дагы бир нече тургун жабыр тартышкан. Өрттүн эмнеден улам чыкканы аныкталууда.

ТААНУУГА ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕР!   
31-мартта Аламүдүн районундагы ГЭС-3 шлюзунан азиат түспөл, 35-40 жаштардагы адамдын денеси табылган.
Белгилери: чачы кара, үстүңкү оң жаагында эки сынык тиши бар, башка тиштери жок.
Сүрөттөгү адамды таанып-билгендер болсо, Аламүдүн РИИБине кабарлап коюңуздар. Байланыш телефондору:
(0312) 60-30-02, 0555 25-00-18,
0550 64-17-50, 0779 97-07-12

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан