МАШЫКТЫРУУЧУНУН АТЫНДАГЫ СПОРТ ЗАЛ АЧЫЛАТ

Ысык-Көл

21-апрелде Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын тургундарын бир салтанат кече күтүп турат. Анткени бул күнү облустун бир кездеги таэквондо, тай бокс жана вале тудо боюнча командасынын башкы машыктыруучусу болгон Таалайбек Исмаилов атын алган спорттук зал ачылат. Залга 2011-жылдын октябрында автокырсыктан каза тапкан машыктыруучунун атын берүү демилгесин Чок-Тал айылдык Кеңешинин башчысы Нурлан Усупов көтөрүп чыккан. Демилгени маркумдун теңтуштары жана Чок-Тал айылдык жаштар уюму колдошкон. Идеянын авторлору учурда ачылышка даяр болуп калган залдын тегерек чекесине бак тигүү менен алек.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
KoldYk__JIGIT
2012-05-04 15:47:44
Эркектер
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан