Нарын
10-апрелде Султан Садыралиевдин концерти Нарын шаарында коюлмакчы. Ырчы Нарынга концерт берем деп үнүн таптап жаткан кези. “Мен буга чейин Нарынга домбрам менен бара элек экенмин. Ушул сапар нарындыктарга домбранын коштоосунда да ырларымды арнаганы турам” дейт ал. Султандын концертине келгендер жандуу аткарылган мукамдуу кайрыктардан гана ырахат алып кайтпастан, кызыктуу оюндарга катышып, ырчынын колунан белек-бечкектерди да алып кайтышмакчы. Султан “концерт сахналаштарым Мирбек Иманбеков менен Акбар Сүйүнбаев жана куудулдардын коштоосунда болот” дейт.