Жакында Талас шаарында жаштар арасында “Жаш таланттар” аттуу сынак өткөнү турат. Буга облустун булуң-бурчунан бардык таланттуу жаштар катыша алышат жана өз өнөрлөрүн тартуулашат. Манасчы, ырчы, дастанчы, кол өнөрчүлүк сыяктуу 7 өнөрдүн ээлери ат салышкан бул таймаш келерки жумада өтөрү болжолдонууда.