Нарын
31-март күнү Терек-Сай дарыясынын суу деңгээли көтөрүлүп, Нарын-Баетов унаа жолундагы 2 көпүрөнү жана 1 электр мамысын бузуп кетти. Дамбаны каптап өткөн агын суу Баетов айылында жайгашкан 150дөй турак үйдү да каптаган. Кырсыктын залалдарын жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Учурда электр берүүчү линияларды кургак жер аркылуу алып өтүү, дарыянын жээгин бекемдөө иштери жасалууда.
Эльвира Караева
koom@super.kg