Ысык-Көл
Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барып, Каракол шаарындагы облустук оорукананын маселелери менен таанышып чыкты. Бейтапканада жаткандардын ал-абалын сурап жүрүп, Өмүрбек Бабанов оорулуу байбичеге жолуккан. Ал жакын туугандары жок экендигин айтып, карылар үйүнөн орун бөлүп берүү суранычы менен кайрылган. Өкмөт башчы кары жашында жалгыз калган оорулууну өзү менен Бишкек шаарына ала кетүүнү чечип, ага социалдык жардам берүүгө сөз берди.
Андан тышкары Өмүрбек мырза Каракол шаарынын таза суусун тазалоо боюнча жаңы станциянын ачылыш аземине катышты. Станция 100 миңдей адамды таза суу менен камсыз кылмакчы.