Ысык-Көл
Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң айылында бактар кыйылууда. Айыл тургундарынын айтымында, соңку жылдар ичинде эле жолдун жанындагы 200дөй дарак арааланып отунга кеткен. Буга курулуш иштери да себепчи болуп, акыркы 10 күндүн ичинде эле жергиликтүү бийлик 5тен ашуун дарактын түбүнө жетти.
Ал эми Каракол шаарында жайгашкан мамлекеттик администрациясынын тегерегине 40тай чырпык-көчөт тигилди. Чакан иш-чара БУУнун Кыргызстанда иштеп жатканына 20 жыл болгондугу жана “Манас” эпосунун мааракесине арналган. Көчөттөрдү жула качышпасын деп тигилген ар бир эки даракты карап, кайтарууга бирден өз ыктыяры менен дайындалган күзөтчүлөр шайланды.