Талас
Жакында Талас облусунда жүрөк түшүргөн кылмыш иши катталды. 15 жашка толо элек окуучу кызды таажеңеси мыкаачылык менен сабап өлтүрүптүр. Баарынан да 7 баланын энеси болгон аялдын колунан келген иш экен бул.
ШАРФ МЕНЕН МУУНТУП, ТАЯК МЕНЕН САБАП...
2012-жылдын 12-февраль түнү Манас райондук ооруканасына Бала-Саруу айылынын тургуну, 1997-жылы туулган Нурзада Назаралиеванын киши колдуу болуп каза болгон денеси жеткирилген. Опертоп Нурзаданын денесиндеги жаракаттар күч колдонуудан келип чыккандыгын билишкен. Мындан тышкары Нурзаданын апасы 50 жаштагы Рыскан Назаралиева да денесинен оор жаракат алып ошол эле ооруканага түшкөн.
Милиция кызматкерлери эртең мененки саат жетиде бул кылмышка шектүү деп Райла Акбаеваны автобустан кармашат.
Тергөөнүн версиясы боюнча, бул окуя төмөнкүчө болгон: Шектүү катары кармалган Райла Акбаева Нурзаданын таажеңеси. Ал маркумдун Кайрат аттуу таякеси менен эки жылга жакын турмуш кечиришкен. Бирок Кайрат өзүнүн мурунку үй-бүлөсүнө кетип калган. Окуя болгон күнү Кайрат үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынан Бала-Саруу айылына конокко келмек болгон. Аны угуп калган Райла 10 жаштагы кызын жетелеп алып келип калат. Тилекке каршы, Кайрат ал күнү келбей калып, көксөсү суубай калган Райла мурунку кайнежеси Рыскандын үйүнө келет. Ага “Кайрат экөөбүз Казакстанда иштеп жүргөндөгү акчабыз келиптир, силердин да карызыңарды берейин, ошону алып келе калалы” деп өзүнүн кызын Рысканга таштап, 8-класста окуган Нурзаданы ээрчитип кетет. Нурзаданы ээрчитип алып чыккандан кийин чарбактын этегине жеткенде Райла мойнундагы моюн орогучу менен Нурзаданы муунтуп, ары-бери сүйрөй баштайт. Кызды таяк менен башка-көзгө койгулап, акыры өлтүрүп тынат. Рыскандын үйү айыл четинде жайгашкандыктан, муну эч ким көрбөй калат. Райла кайра үйдү көздөй келе жатканда жүрөгү сезгенби, Рыскан Райланын кызын ээрчитип алдынан чыгат. Кызынын жок экендигин көрүп “кызым кайда?” деп сураса, Райла “тиги жакта чалынып калды” деп жооп берет. Канга чыланып жаткан кызын көрүп кыйкырып жиберген энени да моюн орогуч менен муунтуп, канга боёлгон таяк менен ургулап кирет. Ошол убакта кол чырак менен кимдир бирөө келе жатканын көргөн Райла кызын ээрчитип качып кетет. Келе жаткан жигит Рыскандын иниси Бакыт бул тууралуу коңшу-колоңго билдирет. Нурзада ошол жерден эле каза болуп, оор абалдагы энеси экөө ооруканага жеткирилет.
Райланын мурунку жолдошу Кайрат “Райланын балдарды сабаганын көргөн эмесмин” деп айтыптыр. Ал эми Райла “мен Нурзаданы өлтүрөйүн деген эмесмин, жөн гана коркутуп коёюн дегенмин” деп көрсөтмө берген. "Райла өзүн таштап кеткен Кайраттан өч алууну каалаган үчүн ушул жолго барган" деген версия айтылууда.
“АКЫЛ-ЭСИ СОО ТУРУП КЫЛМЫШ ЖАСАГАН”
Талас ОИИБинин маалымат кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов:
– Кылмыш тууралуу маалымат түшөр замат Манас РИИБинин өздүк курамы иштеп баштаган. Кылмыш болгон жерден далил буюм – кан болгон таяк табылды. Райондон чыгуучу бардык жолдор тосулуп, чек арага чыгуучу жерлерге блок-посттор орнотулган. Кылмышка шектүү аялдын эртеси эртең менен Бишкекке барары такталып, ал автобустан кармалган. Кармалган Райла Акбаевага карата соттук-психологиялык экспертизалар дайындалып, алардын корутундусуна ылайык, Р.Акбаеванын акыл-эси соо абалында кылмыш жасагандыгы аныкталды. Анын үстүнөн Манас РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97 (киши өлтүрүү) жана 28-97-(киши өлтүрүүгө аракет кылуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө аяктап, кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg