ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Өзбекстан

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БИР ЖЫЛГА КЕЧИГЕТ
Өлкө парламентинин Жогорку Палатасы 23-мартта парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү тууралуу мыйзамды бекитти. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2014-жылдын декабрь айында, президенттик 2015-жылы болуп өтөт. Өзбекстанда буга чейинки парламенттик шайлоо 2009-жылы, президенттик шайлоо 2007-жылы болуп өткөн эле. Былтыркы жылы өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизилип, президенттик мөөнөт жети жылдан беш жылга кыскарган.
74кө келип калган Ислам Каримов Өзбекстанды 1991-жылдан бери башкарып келе жатат.

Тажикстан

ТАЖИКТЕР ӨЗБЕК ГАЗЫНАН КУРУ ЖАЛАК КАЛЫШТЫ
Быйылкы жылдын 1-апрелинен тарта Тажикстан өзбек газынан кол жууду. «Узтрансгаздын» жетекчилиги Дүйшөмбү шаарына жазган катында: «Биз үчүн башкы шериктешибиз Кытайга газды ташуу милдетин аткаруу маанилүү»,- деп жазылган. Тажикстан өлкө ичиндеги газ муктаждыгын кайсы булактан толуктаарын билбей башы маң. Анткени Өзбекстан – Тажикстандын жападан жалгыз газ ташуучусу, өзүнүн көгүлтүр отун өндүрүшү кыйратарлык эмес.
Иш жүзүндө Кытай эмес, эки мамлекеттин ортосундагы «Фархад» суу сактагычынын тегерегиндеги талаш чыныгы себеп деп айтышууда. Советтик мезгилде бул аймак Өзбекстанга ижарага берилип, ушул күнгө чейин Тажикстанга кайтарылбаган. Биротоло суу сактагычты ээлеп алууга өзбектерге тажиктер макулдугун бербей келет.

Чеченстан

ЧЕЧЕНДЕРДИН ХАНАЙЫМЫ ДАЛАЙЫН КИЙИНТЕТ
Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун жубайы Медни Дубайда мусулман кыз-келиндери үчүн тигилген "Чеченстандын айымдары" деген кийимдер коллекциясын көрсөттү. 70тей күнүмдүк жана той көйнөктөрүн кийген моделдер подиумда ханайымдын коллекциясын көрсөтүштү.
Медни Кадырова 2009-жылы "Firdaws" мода үйүн түзгөн. Былтыр аталган мода үйү Москвада эл аралык модельерлер сынагында "Жылдын кутюрьеси" сыйлыгын илип кеткен.

Орусия

МЕДВЕДЕВ: “КАЙСЫ АКЧАГА АЛДЫҢ?”
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев 2012-2013-жылдарга карата коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук планга кол койду. Мындан ары аткаминерлер чоң каражат сарптай турган болсо, ал акчанын кайсы булактан келгенин айтып бериши керек. Жооп болбосо, аткаминер кызматынан айдалып, сатып алган буюму же менчиги мамлекеттин пайдасына өтөт. Аткаминерлер бир жолку сатып алуу келишими анын үч жылдык кирешесинен ашып түшсө, каражат булагы тууралуу маалыматты тиешелүү органдарга тапшыра баштайт. Медведев баш прокурорго ар алты ай сайын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат берип туруусун буюрду.

Латвия

ПЕДОФИЛДЕРДИ БЫЧЫП САЛЫШАТ
Латвиялык депутат Гунар Русиньш Кылмыш кодексине өзгөртүү иштеп чыкты. Ага ылайык, педофилдер хирургиялык жана химиялык кастрацияга (бычуу) кабылат. Жаш балдарды зордуктоо кылмышын кайрадан кайталагандарга хирургиялык кастрациялоо жасалат. “Педофилдер өз кылмышы үчүн түрмөдө көп деле отурушпайт. Андан да коркунучтуусу, коомчулукка кайтып келген соң чачты тик тургузган жоруктарын кайталагандары көп”,- деди Г.Русиньш.
Химиялык кастрациялоодо жыныстык катнаш мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн препараттар колдонулат. Мындай чара бир катар өлкөлөрдө, анын арасында Орусияда да колдонулат.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
De.Kg
2012-04-10 02:58:35
waauuuuwwww, maga adaan jakty minday zakonu, bizdeda KG bizde oshondoizakonkirgizischse kana!!!
0
Taalaibek
2012-04-11 21:19:13
Кылмышкерди бычып койгону жакшы экен.
0
jalalabad
2012-04-13 01:42:53
бычкан законду бизге да кабыл алыш керек. Же елдердин алдында ташбаранга алыш керек, кылмыш кылаарда ойлонот кылмышкер.
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан