ТАРАКАН БАШЫ ЖОК ОН КҮН ЖАШАЙ АЛАТ

Жашоосун түндө өткөргөн таракандар жылуулукту, нымдуулукту сүйүшөт. Күндүз таштардын, жалбырактардын түбүнө, жердин жаракаларына, чириген дарактарга, кемирүүчү жаныбарлардын жүнүнүн арасына жана башка өзүн коркунучтан коргой ала турган жерлерге жашынып алышат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Орточо эсеп менен ар бир таракан жашоосунда экватордун жарымынчалык аралыкты басып өтөт.
  • Муруту жыт сезет.
  • Көзү да өзгөчөлүккө ээ. Бир учурда бардык тарапты көрө алат.
  • Секундасына 25 жолу багытын өзгөртө алат. Ошондуктан кармоодо кыйынчылык туудурат.
  • Картайып калган таракандарда да тизе оорусу кезигет. Картайып баса албай калган адамдар сыяктуу кыймылдаганда кулай берет.

БИЗДЕ 16 ТҮРҮ ЖАШАЙТ
Мындай жандыктар жер жүзүндө 280-300 миллион жыл мурун пайда болгон. Азыркы учурда 4500дөн ашык түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 55, Кыргызстанда 16 түрү жашайт. Көбүнчө сары жана кара түрү кездешет. Колония болуп жашашат. Бир колонияда 10дон 100гө чейин таракан болот. Түрүнө жараша 6 айдан 3 жылга чейин өмүр сүрүшөт.
Климаты жылуу өлкөлөрдө көп учурашат. Узундугу 4 миллиметрден 9,5 сантиметрге чейин жетет. 280 миллион жыл мурун жашаган таракандарга караганда өтө эле кичинекей. Алардын узундугу 50 сантиметрге чейин жетчү.

УЧА ТУРГАН ДА, СУУДА СҮЗӨ ТУРГАН ДА ТҮРҮ БАР
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, таракандардын көп түрү уча алат. Калимантан аралындагы саравак тараканы жерге түшкөн жалбырактардын астында, көлчүктүн тегерегинде жашайт. Коркунуч туулган учурда сууга кирип, суу түбүнө жашырынат. Башкача айтканда, бул таракандардын сууда сүзө алган түрү.
Таракандардын сырткы көрүнүшү түрдүүчө. Кыпкызыл, кызгылт сары, кызыл, ак, ак-кара. Ошондой эле кызыл түстөгү муруту барлар да кездешет. Африканын үңкүрлөрүндө кездешчү таракандардын өңү боз жана көздөрү көрбөйт (тубаса сокурлар). Муруту менен буттары узун.
Филиппин таракандарынын денесинин формасы да, түсү да эл көчөрдү элестетет.

АЙНЕК МЕНЕН МЕТАЛЛДАН БАШКАНЫН БААРЫН ЖЕЙТ
Бар нерсенин баарын жеген бул жандык жаратылышта көбүнчө өсүмдүктөрдүн чириндилери жана жаныбарлардын калдыктары менен азыктанат. Үйдү байырлагандар тамактарды, териден жасалган буюмдарды, самынды, кийимдерди, китептерди, үй өсүмдүктөрүн жеп, зыян келтиришет. Кыскасы, айнек жана металлдан башкасынын баарын жей берет. Кээ бир түрлөрү таштанды, адамдын заңы менен да тамактанышат. Таракандар дагы көп жандыктардын азыгы. Аларды чымчыктар, жөргөмүштөр, хамелеондор, маймылдар, балыктар жана башка жаныбарлар жешет. Илгери адамдар таракандарды жакшы көрүшчү. Үйдө таракан болсо, киреше, байлыктын белгиси деп эсептешчү. Азыр ыпластыктын белгиси деп, ооруларды жугузуучу катары жаман көрүшөт.

АТОМДУК РЕАКТОРДО ДА ЖАШАЙ АЛЫШАТ
Организминдеги сууну бууландырып жибербей, аны керектүү жана суу тартыш учурда колдонуу үчүн 45 мүнөткө чейин дем албай тура алышат. Таракандардын организми радиацияга туруштук берет. Алар атомдук реактордо да жашай алышат.
20 градус ысык таракандар үчүн нормалдуу жашоо шарты. Ошондой эле 40 градус ысыкта кыймылдап, тамак тапканга жетишет. Жылуулук 15 градусту гана түзүп калса, анда көбөйө алышпайт. Минус 5 градус суукта 30 мүнөттө, ал эми минус 7 градус суукта бир мүнөттүн ичинде өлөт. Кээ бир түрлөрү бир канча ай тамаксыз жашай алат. Кокустан же кырсыктан таракандын башы үзүлүп кетсе, анда мээнин кызматын денесинде жайгашкан башка нерв клеткалары канча бир убакка дейре аткара алат. Ошондуктан алар башы жок 10 күндөй жашай алышат.

ӨТӨ ТЕЗ КӨБӨЙҮШӨТ Таракандар жыныстык жана жыныстык эмес (партеногенетикалык) жол менен көбөйүшөт. Бир ургаачы таракан жыл бою 2 миллионго жакын жумуртка таштайт. Жумурткаларын жердин үстүнө же таштын үстүнө таштап кете берет же топуракка көмүп коёт.
Кээ бир түрлөрү жумурткаларын капсула түрүндө ташташса, кээ бир түрү личинкаларын денесинин ичинде чоңойтот.

40ТАН АШУУН ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫ АЛЫП ЖҮРӨТ
40тан ашык жугуштуу ооруларды жана мите-курттардын жумурткаларын алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Таракан өлгөндө курамында хитин бар скелети калат. Хитин үйдөгү чаңга аралашканда чоңдор жана балдарда астманы пайда кылат. Таракандардын кичинекей балдар бар жерде жүрүүсү өтө коркунучтуу. Анткени алар балдардын кулагынын четтерин, мурдун жана оозун тиштеп салган учурлар жана кулакка кирип кеткен кездер кездешкен.
Коркунучтуу бактерияларды да алып жүрөт. Бул бактериялар адамдын организмине киргенде тамак сиңирүү начарлап, кээде ууланууга дейре жеткирет.
Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, таракан “чарчоо вирусун” да алып жүрөт экен. Бул вирус денеге киргенде адамды шалдыратып, алсыз кылып, эрте картаюуга жол ачат. Ал тамакта болгон бардык пайдалуу заттарды канга аралашууга жеткирбей эле жеп салат. Бул акырындап өлүмгө алып келет. Мындай вирусту алып жүргөн таракан түрү алгач Францияда пайда болгон. Ал жактан туристтер аркылуу дүйнөгө тараган. Окумуштуулар бул вируска каршы дары-дармек ойлоп табыша элек.
Япон окумуштуулары таракандар рак оорусуна да алып келерин аныкташкан.
Көп ооруну алып жүргөндүгү үчүн өтө коркунучтуу делген менен, таракандарды тамакка кошуп жегендер (Кытай, Таиланд, Камбоджа ж.б.) жана элдик медицинада колдонгондор да бар.
Мисалы, таракан чайы денесин сары суу басып кеткендерге пайдалуу. Сарымсак менен кошо куурулган таракан ашказан ооруларына пайда. Чыгышта кургатылган жана упа түрүндөгү таракандар заара чыгаруучу органдарды дарылоодо колдонулат. Мындай дарылоо ыкмалары Орусия, Кытай жана башка өлкөлөрдө пайдаланылат.

ТАРАКАНДАР ЖАРЫШЫ
Австралиянын Брисбен шаарында эки киши барда сүйлөшүп отуруп, кайсы райондун таракандары тез чуркайт деп мелдеше кетишет. Ошол эле түнү алар таракандарды жарыштырышат. Муну көрүүгө бир канча эл чогулат. Ошентип, 1982-жылдан баштап Австралиядагы Квинсленд штатында жыл сайын январь айында “Улуу таракан жарыштары” өтүп келет. Жердин төрт бурчунан алынып келинген үйрөтүлгөн таракандар жарышы “Story Bridge” мейманканасында өткөрүлөт. Жеңүүчү Алтын кубок менен сыйланат. Салт боюнча, жарышка мадагаскардык таракан түрү катыштырылат. Алар дарактардын сөңгөк, бутактарында жашап, чөп жана жемиштер менен тамактанышат. Жарышта таракандарга жарык берип койсо, ал көлөкө издеп чуркап кете берет. Саатына 4 чакырымга дейре чуркай алат.
Таракан жарыштары Байыркы Египетте, Византияда жана Байыркы Грецияда деле уюштурулуп турганын окумуштуулар айтышат.


Жылмайып коюңуз!

Асан кошунасы менен сүйлөшүп жатат.
– Үйгө таракандар толуп кетти. Тажатышты. Өлтүрүп эле жатам, түгөнбөй койду.
– Анда уктаардын алдында бөлмөлөрдү кыдырып “жегенге эч нерсе жок” деп кыйкырып чыксаң, таракандар качып кетишет.
Асан кошунасы айткандай кылат. Уктап жатса, ийининен бирөө түртөт. Ойгонсо, таракандар үймөлөктөп турушат:
– Уктай бербей, тур! Жегенге тамак алып келдик...

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Bishkek
2012-04-09 15:58:22
hahahah
0
lapusi
2012-04-09 19:18:39
фуу,ушу жандыктын бизге не кереги бар?
0
daniyar.
2012-04-16 00:46:08
Мен ушу таракан эмне экенин билчү эмесмин.Россияга келгенде биринчи көрдүм өөлө жагымсыз курт.
0
daniyar.
2012-04-16 00:47:11
Аны кантип өлтүрүүгө болот? билгендер маалымат берип койгулачы.
0
loredana
2012-05-14 02:22:48
уау, мен мунун суротун коргондо еле кускум келет, ушундай жиркенем,мен кыргызстанда жашап жургондо айына 1 жолу профилактика жасачумун
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан