КИМ КҮЧТҮҮ? (КЫРГЫЗ ЭЛ ЖОМОГУ)

Кыштын бир күнү Кыргоол бадалдан койкоюп чыгып, чаңкаганын кандырыш үчүн ойдогу сууга кирет. Каптаган көк музду кыдырып жүрүп күбүрдү араң таап, муздак суудан иче баштайт. Ошондо булайган куйругу музга чап жабышып, чыкпай калат.
– Ой-эй, Көк Муз! Дүйнөдө сенден күчтүү эч ким жокпу дейм. Заматта куйругумду куп кармапсың,- дейт Кыргоол Музга.
– Жок, Кыргоол. Менден Жамгыр күчтүү. Ал жаап келгенде тымтыракайым чыгып, эрип кетем. Ал сөздү угуп калган Жамгыр шатыратып келип:
– Мен кайдан күчтүү болоюн?! Менден Жер күчтүү. Канчалык шатырата жаасам да, бир заматта соруп алат,- дейт.
Анда Жер да ары-бери солк этип, күңгүрөнүп тилге келип:
– Менден Токой күчтүү. Ал үстүмдү каптап, жалбырактуу бутактары жайылып, болгон күчүмдү бүт тартып кетет.
– Жо-ок, кайдагы күчтү айтып жатасың? Менде күч жок! Күчтүү деп Өрттү айт. Ал каптаса, соройгон сөңгөгүм гана калат,- дейт Токой шуулдап.
Муну уккан Өрт жалбырттап:
– Менден Шамал күчтүү. Андан аябай корком. Шамал катуу соккондо чаңым асманга чыгып, кайда качарымды билбей калам.
Анда Шамал:
– Ырас эле менде күч көп. Бакты түбү менен омкоруп, үйдү кулатам, отту чачам. Бирок жерге жаңы чыккан Көк Чөпкө түк алым жетпеди. Канчалык каарданып соксом да, ал былк этип койбойт. Ошондуктан, менин оюмча, Көк Чөп күчтүү го...
Көк Чөп чыйылдап сөзгө аралашты:
– Менде эч кандай деле күч жок. Калың кой каптаганда чымчылап, мүлжүп жеп, туягы менен тепсеп, айламды кетирет. Жо-ок, баарынан Кой күчтүү.
Анда маңкайган Кой байкуш минтип маараган экен:
– Ма-аа, ма-аа, менде балээнин күчүбү? Көк бөрү жолукса, куйругумду бир апчып сугунуп, ал аз келгенсип алкымдап, канымды соруп кетет. Дүйнөдө Карышкырдан өтөр балбан жок.
– Силер таптакыр эч нерсе билбейт турбайсыңарбы, макоолор!- деди Көк бөрү жонго чыгып. – Баарыбыздан адам күчтүү! Ал кыргоолду кылтактап алат, музуңду жарып салат, жаан канча жааса да тоготуп койбойт. Жериңди бир жылда эки курдай тытып айдап, жыл бою жанын тындырбайт. Токоюңду каалаганынча кыркып алат, өрттү дароо өчүрөт, шамалды өз пайдасы үчүн жумшайт, чөптү чаап алат, койду союп жейт. Карышкыр эмес, илбирс, жолборсуңду жок кылат. Ошондуктан бул дүйнөдө баарынан адам күчтүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
egemberdievagulbara
2012-04-19 22:43:35
жакшы жомок екен
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан