ЖЕЛЕК КАЙТАРГАН ЖООКЕРЛЕР

Желекти катардагы жоокер кайтарбайт

Улуттук Гвардияга бир жылда күз­гү жана жазгы чакыруу менен өл­кө­бүз­дүн жети аймагынан жоокерлер тандалып алынат. Ага бардык эле каалаган атуул кызмат өтөй албайт. Тандалган жоокер орто билимдүү, бою 180 сантиметрден кем эмес, сырткы келбети жагымдуу, ден соолугу чың, милициянын каттоосунда турбаган жана толук үйбүлөдөн болуш керек. 18-19 жаштан кабыл алынган балдар келе калып эле желекти кайтарууга тура калышпайт. Ал үчүн 5 ай даяр­дыктан өтүү керек.

Желек коюлган Ала-Тоо аянтына жакын жерде Улуттук Гвардияга тие­шелүү атайын эс алуу бөлмөсү бар. Ал жакка Гвардиядан бир күнгө 8 жоокер бө­лүнөт. Жоокерлер эртең менен саат 08:00дө желекти көккө көтөрүшөт. Экөө күзөттө турушса, алмашканга коштоочулары менен 4 жоокер эс алуу бөл­мө­сүндө болот. Анда сыналгы көрүп, китеп окуп, тамактанып, эс алышат. Алмашууга убакыт келгенде жоокерлер 10 мүнөт эрте чыгып басып келишет. Кыш мезги­линде эртең мененки 08:00дөн кечки 18:00гө чейин, ал эми жайкысын кечки 20:00гө чейин желекти кайтарып туруу милдети бар. Кышында катуу суук болгондо күзөттө туруу 30 мүнөткө гана созулат. Жоокерлер желекти үч күндө бир жолу кайтарышат. Ошондо бир жоокерге мамлекеттик желекти бир айда майрам же эс алуу күндөрүнө карабай он жолу кайтарууга туура келет.

Жоокерлер күзөттө турган учурда өзгөчө кырдаал болуп калса, ошол жерде атайын дайындалган милиция кызматкерлери абалды жөнгө салышат. Алар желектин тегерегинде болуп жаткан ар бир кыймыл-аракетке көз салып турушат. Мисалы, мас болгон адам атайын тосулган жерден ашып кирип кеткен күндө мили­ция кызматкерлери тез эле алып кети­шет.

Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокерлер курал-жарак боюнча кенен маалыматы бар болушу керек. Жоокерлердин колундагы карабиндин салмагы 8 килограмм. Ал курал машыгуучу жана майрамдык болуп экиге бөлүнөт. Мындан тышкары, жоокерлердин ар биринде кийүүчү форманын үч түрү болот. Биринчиси – атайын аскер кызматкерлери үчүн талаа кийими, экинчиси – аскердик жүрүштөрдө кийилүүчү майрамдык кийим, буга аксельбант, сары кур, ак кол кап жана өтүк кирет. Ал эми үчүнчүсү – кышкы баш кийим жана шинель.

Улуттук Гвардия

Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы 1992-жылы түзүлгөн. Аскер кызматынын ичинде мында кызмат өтөө аябай престиждүү деп эсептелинет. Улуттук Гвардия үч бө­лүктөн турат. Алар:

1. Аткычтар бөлүгү. “Барс” деп аталат. Бул бөлүк мамлекеттик желекти кайтарат.
2. Өзүнчө аткычтар бөлүгү. “Эдельвейс” деп аталат.
3. Атайын багытта даярдалган бө­лүк. “Пантера” деп аталат.

Көп жылдан бери эмгектенип келген Улуттук Гвардиянын тарбия бө­лүмүнүн башчысы, полковник Мусу­ралиев Алай Окенович: “Бизде эң негизгиси – бекем тартип. Жоокерлер бул жерден Ата Мекенин сүйгөн мыкты атуул болуп чыгарына көзүм жетет. Гвардиянын жоокерлери бир гана желек кайтарышпайт. Өлкөбүзгө келген сыйлуу конокторду тосуп алып, кайра узатышат. Мамлекетте болуп жаткан ар кандай иш-чараларга катышышат,”- дейт.

Жоокерлердин күн тартиби

Жоокерлер таңкы саат 06:00дө турушуп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасашат. Андан кийин жаткан жерин жыйнашып, бөлмөнү тазалашат. Тарбиялоочу тараптан эртең менен жоокерлердин тазалыгы текшерилип бүткөн соң эртең мененки тамактанууга киришишет. Түштөнүүгө чейин алдын-ала түзүлгөн күн тартип боюнча иш кылышат да, 13:30дан 14:10го чейин түштөнүү болот. Ал эми кечинде 22:00дө баары бирдей түнкү уйкуга өтүшөт.

Сүйгөнүн таарынтып алган жоокер

Адамбы же роботпу?” деген кээ бир адамдар желек кайтарып турган бизди мүмкүнчүлүк болуп калса, кармап да көрүшөт”,- дейт Улуттук Гвардиянын жоокери Тынчтыкбек уулу Жыргал. Анын кызмат өтөгөнүнө 9 айдын жүзү болду. Аскердик кызматы жөнүндө ал төмөндөгүлөрдү билдирип кетти: “Жакындарым: “Аскерге барып эмне кыласың? Андан көрө жогорку окуу жайга тапшыр”,- деп айтышчу. Бирок мен көшөрүп отуруп аскерге келдим. Мектепте окуп жүргөндө бул жерге бою узун балдардын алынарын угуп калчу элем. Ошондуктан дене тарбия сабагына активдүү катышып, турникке көп тартынчумун. Көздөгөн максатымдын бирине жеттим деп айта алам. Ал жерде ар кандай кызыктуу окуялар болот. Көбүнчөсү маймылча тилдерин чыгарып, шылдыңдаган жаштардын азабы өтөт. Кыздар болсо тийишишет. Кийинчерээк ал нерселер көзгө такыр эле көрүнбөй калат. Бир чекитти тиктеп алып, көп нерсени кыялданасың. Ошондой күндөрүмдүн биринде сүйгөн кызым Айзада келип алып мени менен учурашып, алыстан “сагындым” деп кыйкырып калды. Мен тараптан эч кандай реакция болгон жок. Бизде кызмат ошол да. Айзада мага бир ай таарынып келбей жүрдү. Эптеп чакыртып алып, ага баарын түшүндүргөм”.

Жоокерлер менен баарлашканда өл­кө­бүздү чексиз сүйгөн мыкты атуулдар бар экенине көзүм жетти. Демек, мындай эр-азаматтар барында кандай гана кырдаал болбосун, келечекке коркпой туруп кадам таштасак болот.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sugar92
2011-02-04 11:34:31
bizdin jookerlerge yraazybyz!bar boluwsun patriottuk sezim kaalaym!
0
suhrab.kg
2013-09-18 20:12:30
Кандай сонун кундор откон ошол кундорду саагындым
0
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан