Гезит сатуучулардын бири Нурбек Кенебаев: «СУПЕР-ИНФОГО» ЧЕЙИН ПИРОЖКИ, СЕМИЧКЕ САТЧУМУН»

"Супер-Инфону"өлкөбүздүн булуң-бурчуна таратуучулар бар. Алар – гезит сатуучулар. Түн ортосунда жумуш баштаган гезит сатуучулардын айрымдарын кепке тарттык.

– Нурбек, "Супер-Инфо" гезитин канчадан бери сатып иштейсиң?
– Мен 3 жылдан бери Ат-Башыда “Супер-Инфону” сатып оокат кылып келе жатам. Ага чейин базарда семичке, пирожки сатчумун. Кийин Турусбек байке ("Супер-Инфонун" мурдагы кызматкери)мага жолугуп калып, “мага жардамдашып иште” деп кошуп алган. Ата-энем үйдө, пенсияга да чыгыша элек. Жети бир туугандын улуусумун, 32 жаштамын. Өзүмдүн үй-бүлөм да бар, 1 уулдун атасымын. Үйдүн улуусу болгондон кийин бир туугандарыңа кам көрүүгө туура келет экен. Гезит сатып иштеп тапкан акчама карындаштарымды турмушка узаттым, инилеримди үйлөнттүм, өзүм үйлөндүм. Турусбек байкеге ыраазымын, мага кирешелүү жумуш таап бергенине. Турусбек байкем кечээ жакында өзүмчө бөлүнгөнүмдө да төшөк, идиш-аяк алып берип кубантты.
– Сени тааныгандар "Нурбек гезитти ырдап жүрүп эле сатып коёт" деп айтышты го...
– Ооба, “Супер-Инфо-о!..” деп созолонто кыйкырып, ырдап, көчөлөрдү кыдырып сатам. 1-класстан кийин ооруп калганыма байланыштуу ата-энем окутпай коюшкан. Азыр да бутум ооруйт. Ооруганына деле карабайм, үй-бүлөнү багыш керек, баары менин тапканымды карап отурушат.

– Сага гезитибиздеги кайсы макалалар жагат?
– Тамгалап гана окуй алам. Кээде кыйналып кетем. Анымды байкаган ата-энем мен жактырган макаланы өздөрү окуп беришет. Көбүнчө ырчылар тууралуу макалалар жагат.

– Рахмат, маегиңе! Үй-бүлөңдүн кашында аман бол!

Орозбек Бөрүгулов: «ЭҢ ӨТҮМДҮҮ ГЕЗИТ БУЛ – «СУПЕР-ИНФО»
– Бишкектеги гезит базарда 1998-жыл­дан бери иштейм. Эң өтүмдүү гезит деп “Супер-Инфону” айта алам. Мисалы, жумасына бул гезиттин 7 миңден ашык нускасын эле мен сатам. Менден башка да толтура адамдар сатып, пайда көрүшөт. Бир кезде “Супер сканворддор” деген гезитиңер да чыкчу эмес беле. Эсимде, аны Ишен деген байке сатчу. Бир күнү базарга келсем, Кылычбек гезиттерин жанына коюп алып, бурчта Ишен байкесин күтүп туруптур. Ошондо мен “мага таштап кете бер, таратып коём. Ишен байкеге алгандардын тизмесин берем, акчасын өзү чогултуп алат” деп алып калган элем. Ишен байке саат 11лерде келип, “акчасын деле өзүң чогулта берчи” деп калды. Кийин Кылычка бир да гезитти кайтарбай, акчасын санап берсем, сүйүнүп “бир кафе” деген. Бир жолу жолукканымда ошол сөздү Кылычка айтсам, “эстедим, кафе ресторан болуп чоңоюп кетти окшойт” деп күлдү.

Эркин Садывакасов:«АЙЫЛЧЫЛАМАЙ ДЕГЕНДИ БИЛБЕЙБИЗ»
– Келинчегим экөө­бүз тең "Супер-Инфонун" күйөрмандарыбыз. Гезит базарда иштегенибизге 5 жыл болду. Экөөбүз тең жогорку билимдүүбүз, экиден дипломубуз бар дегендей. Мурун бул жерде эжебиз иштечү. Кийин чарчады көрүнөт, “силер иштете бергиле” деп бизге тапшырган. Биздин жумуш оңой көрүнгөнү менен, сата келгенде түйшүгү көп. Элдин оюн таба билип, түшүнүп, эскисин эски деп, жаңысын жаңы деп сатыш керек. Эл таттуу уйкуда жатканда, таңкы саат 4төн, жума күнү саат түнкү 2ден баштап түшкө чейин ушул жердебиз. Бизде жакшылык, жамандык деген болот эмеспи. Эки-жакка чыга албайсың. Мисалы, этти муздаткычка салып, эртең эритип алып тамак жасай бересиң. Ал эми гезит-журналдарды анте албайт экенсиң. Бир күн калса эле эскирип кетет.

Эркин Кырбашев: «КЫЛЫЧБЕК ГЕЗИТТИН ЫГЫН ТАПТЫ»
– Башынан бери эле жубайым экөөбүз “Супер-Инфону” сатып келебиз. Башында кадимки гезит болчу. Кылыч ыгын таап, жакшы журналисттерди, кызматкерлерди чогултуп, ишин мыкты алып кетти. Азыр Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит. Өткөндө Нарынга барып келдим, ишемби күнү "Супер-Инфо" калбай калыптыр. Өзүм аябай таң калдым.



Турат Сыдыков: «ГЕЗИТТИН НУСКАСЫНЫН ӨСҮШҮ БИЗГЕ ДА ПАЙДА»

– Гезит базарда иштегениме 15 жыл болуп калды. Менин оюмча, чындыкты жазган, чындыкты чагылдырган басылмалар, жаңыча ой-жүгүрткөн, элдин талабындагы макалаларды жазган гезиттер өтүмдүү. Буга "Супер-Инфо" мисал боло алат. Негизинен, гезиттердин көбү окшош. Албетте, бул анда иштеген журналисттердин көп изденбегендиги. Сыртка чыкпай эле бир кабинетте отуруп, телефондон сүйлөшүп, интернеттен көчүрүп алып жазып коюп жатышкандыгы. Мурун жалаң жандуу кабарлар берилчү. “Супер-Инфонун” акыркы сандарынан байкап калдым, аймактык бет ачып, жакшы иш баштапсыңар. Нускаңар өсө берсин! Негизи, гезиттердин нускасынын өскөнү бизге да пайда.

Чынара Мырзабаева:«ГЕЗИТТИН ТУЗУ ООР» ДЕГЕН ТУУРА»
– Өзүм 1998-жылдан бери иштейм. Ал эми жолдошум Муртаза Ашымов ушул базар ачылгандан бери эле иштейт экен. Өзүнүн кесиби журналист, биздин шефибиз. А менин кесибим врач. Айына, болгону, 2050 сом тапчумун. Эч нерсеге жетчү эмес. Акыры ушул жумушка токтогонбуз. "Гезиттин тузу оор" деген туура экен. Алган гезитибиз өтпөй калганда капаланабыз, соодабыз жакшы болсо сүйүнүп кайтабыз. Ушул жерде иштеп жүрүп бала-чакалуу болдук, үй-жай күттүк. Гезит-журнал саткандын дагы бир пайдасы, балдарыбыздын аң-сезимине, дүйнө таанымына, ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө пайдасы көп тиет экен. Кызым Арууке жума күнү келери менен "Супер-Инфону" колуна алат.

Зуура Балтаева:«ГЕЗИТ САТУУЧУЛАРДЫН ЫНТЫМАКТУУЛУГУНА БАА БЕРДИМ»
– Өзүм айылда турам. Эжем көп жылдан бери бул жерде гезит сатат. Жыл сайын кышкысын ага жардамдашып иштеп кетем. Бул жерде иштегендердин ынтымактуулугуна баа бердим. Жакшылык-жамандыкта чогуу болуп, бири-бирине колдоо көрсөтүшөт экен. “Супер-Инфо” шаарда кандай өтүмдүү болсо, бизде, Өзгөндө да ошондой өтүмдүү.


Миргель Токушев:«ГЕЗИТ САТЫП ЭЛЕ БУТКА ТУРСА БОЛОТ»
– Тапканыбыз күнүмдүк жашообузга жетет. Кирешенин көбү "Супер-Инфодон" түшөт. Иштеп тапкан акчамды чогултуп, там, машина алганга да жетишкем. Бул жердегилердин дээрлик бардыгы ушул жерде иштеп бутка турушкан.

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфо" гезитинин таратуучулары жана сатуучулары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
cosmopolit
2012-04-09 21:33:13
Супер Инфо-Супер гезит! Кылычбек Мырза ар дайым бар болсун!!!
0
Cyldyzka
2012-04-10 12:38:53
da sonun gezit men da cuma sayın kütüp okuym
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан