«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата коюлган байгенин ээси, Лейлек району боюнча жеңүүчү Ыргалай Жолдошова:«ГЕЗИТТИН БИЗГЕ КЕЧ ЖЕТКЕНИ ӨКҮНДҮР

– Ыргалай эже, катты кеч жөнөткөнүңүзгө караганда, гезит сиздер жакка кеч жетет көрүнөт?
– Ооба, Лейлектин Андарагында турам, эң четки айыл, Тажикстан менен чектеш. Бизге гезит дүйшөмбү күнү гана колубузга тиет. Кээде келбей калат. Андай учурда райондун борборунан же Бишкектен атайын заказ менен алдыртам. Сиңдилериме чалам, гезит салып жибергиле деп. Алар “эжебиздин “дарысы”, ала барыңыз” деп каттагандардан берип жиберишет. Ушул жагын эске алып койсоңуздар. Биздин аймакта авиакаттамга байланыштуу катты тез жеткирүү кызматы иштебей калып, катты кадимки почта менен жөнөтүүмө туура келди. Бул жагын эске алып, мени жеңүүчү тапкан сиздерге ыраазычылык билдирем.

– Утушка ээ болом деп ойлодуңуз беле?
– Гезит колума тие электе эле Бишкекте жашаган сиңдилерим чалып, “жөнөтүңүз, биз жардам беребиз” деп калды. Чогултуп жүргөн архивдеримди карап эки суроого жооп таптым, үчүнчүсүн божомолдоп эле жазып койгон элем. Жыйынтыгында минтип электр мешине ээ болуп, кубанып отурам. Акча болсо эски мешимди алмаштырсамбы деп жаттым эле, ырас болду.

– Байгеңиз керегиңизге жарасын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kyrgyz-Sher
2012-04-09 17:52:06
суперде кандай конкурс болуп жатат деги
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан