Нарын
Нарын шаарында 4-апрель күнү бизнес-форум өтүп, ал алыскы облуска инвесторлорду кызыктыруу үчүн уюштурулду. «Форумдун катышуучулары үчүн аймактын мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы жазылган маалымат даярдалып, ишканалар экономикалык эркин «Нарын» зонасынын жеңилдетилген шарттары менен таанышты»,- деди Нарын облустук администрациясынын өкүлү.