Ысык-Көл
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылында маалыматтык борбор иштей баштады. Мындан ары борбор айылдын тургундарын облустун жана республиканын акыркы кабарлары менен тааныштырып турмакчы. «Ал үчүн борбордук көчөлөрдүн мамыларына радиотүйүндөр орнотулган. Жергиликтүү бийлик элдин камы үчүн иштеши керек. Бул саамалыкты башка айыл өкмөттөрүндө да улантсак, жакшы болмок»,- деп Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов билдирди.