Нарын
Аба ырайынын кескин жылуу болуп, муздун бат эрий баштаганы үчүн Чаек айылына караштуу үч тилке суу астында калган. Анда 250 метрдей жол, 20 үй жана ага жакын короо-жайларды суу каптаган. «Суунун агымын токтотуу үчүн 1000 кап кум бөлүнгөн. Жуулуп кеткен жээктер бекемделип, андан кийин суу өз нугуна түштү»,- деп Нарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Р.Тутуев кабарлады. Айрым маалыматтар боюнча, селден чочулаган чаектиктер үйүн таштап, убактылуу башка жактарда күнүн өткөрүп жатышат.
Эльвира Караева
koom@super.kg