Деги эле ырчы Сема үй-бүлөсүн, жашоо-тиричилигин калайыкка көп көрсөтө бербейт. Бүгүн биз ырчынын келинчегинин колунан ысык чай ичип, үйүндө конокто болуп келдик.
ЧАЙ МАЕК
– “Канча жылдан бери эле курулушум бүтпөй жатат” деп калдың...
– Ий, жер үйдүн иши бүтпөйт экен. 2002-жылы баштаган үй, өзүңөр көргөндөй, азыркыга чейин толук бүтө элек.
– Устачылык жайың бар экен. Бул жаатында кимди тарткансың?
– Кичинемден эле атам үйрөттү. Жана айтып кеткендей, бул үйдүн бир топ пайызын өзүм курдум. Усталардын жасаганына кийлигише берип жаман көрүнө берем. Эми экинчи кабатын салдырганы жатам. Ал жак жалаң уктоочу бөлмөлөр болот.
– Анда ашканада да Чолпонго кийлигише бермей адатың болсо керек...
– Жоок, андай адатым жок. "Тамак бышты" дегенде кирип, курсакты тойгузганды гана билем. Чынын айтсам, үй оокаттарынын көбүн Чолпон мен Орусияда жүргөндө өзү сатып алган.
– Чолпон тандаган нерсе сага жакпай калган учурлар болобу?
– Жок, табитибиз дайыма шайкеш келет.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg