ӨТҮКЧҮНҮН ИШИ ДА,ТАПКАНЫ ДА АДАЛ

«Күнүбүз кур болбойт»

Өтүкчүлөрдүн чордонуна айлан­ган “Ош” базары... Кырка тизилген өтүкчүлөр ар бир өткөн адамды “өтү­гүңдү заводской кылып оңдойбуз”, “бир түгө­йүн акчага, бир түгөйүн бекер”, “бекер кетпей өтүгүңдү оңдото кет” деп чакырып турушса, анча-мынча шустрыйлары колдон тарта эле жетелеп жөнөшөт.

Атайын ала барган такасы жешилген өтүктү оңдотуунун ортосунда алгачкы каарманыбызды кепке тарттык.

Өзүн Кубан деп тааныштырган жигиттин бул кесипти аркалап келе жатканына 8 жылдын жүзү болуптур.

– Кепти “мындай кесипти эмне себептен тандап калдыңыз?” деген суроодон баштасак...

– Айылдан шаарга жумуш издеп келип калдым. Күндө улам бир жакка урунуп-беринип жүрүп, бутумдагы жалгыз батинкем да айрылды. Анан азыркы иштеп жаткан жериме кайрылып, чаптатып алайын дегем. Чөнтөктө болгону 50 сомум бар болчу. Өтүкчүгө “арзандат” деп суранып жатып, экөөбүз аркы-беркини сүй­лөшө кеттик. Мен “иш издеп жүрүп таманым тешилди” дегениме боору ачыдыбы, айтор, 30 сомго жасап берип, “өтүк майлап иш­тебейсиңби” деп сунуш киргизди. Ошентип, өтүк майлап иштеп калдым. Алгач курсагымды тойгузганга ыраазы болуп, төрт жыл бут кийим майладым. Бирок айылдагы үйбүлөнү бул жол менен бага албасыма көзүм жеткен соң баягы батинкемди жаматкан өтүкчүгө келип “жардамчы болоюн, өтүк жамоону үйрөтүңүз” десем макул болду. Абдан аракет кылдым окшойт, бат эле үй­рөнүп, анан устатыма жардамчы болуп иштеп калдым. Алгач бир күндө бир-эки эле жуп бут кийим оңдогонго жетишчүмүн. Өтүкчү болуп иштегендердин көбү эле айылдан жумуш издеп келгендер. Анан бизде мектеп окуучулары да иштешет.

– Азыр күнүнө канча жуп бут кийим оңдойсуз?

– Эгер свет өчпөсө, жакшы иштегенимде 40 жуп бут кийимди деле оңдоп коём. Эки окуучу шакиртим бар. Бош убактымда аларга билгенимди үйрөтөм.

– Канча пайда табасыз?

– Жакшы болгондо чыгымдарды чыгарып салсам, таза пайда 500 сомдун тегерегин түзөт.

– Ишти биринчи эмнеден баштайсыз?

– Контейнерде иштегендер биринчи эле иштеген жерин ысырыктоодон башташат. Бир чети ырым болсо, экинчиден, жагымсыз жытты кетирүү максатында. Ии, дагы бир ырымыбыз бар, биринчи жагымдуу татынакай кыздын бут киймин оңдосок, кирешелүү күн болот. Ал эми кызуу, ичип алган адамдыкын алып калбоого аракет кылабыз. Анткени «тапканыбыз бекер ысырап болуп калат» деген ишенимди кармайбыз.

– Сиздерге кандай кардарлар көп кайрылышат?

– Көбүнчө аялзаты жана студент кыздар. Азыр мода деп эле бир укмуш бут кийимдер чыгып жатпайбы. Бир жолу өтүктүн таманын тигип жатсам, улам эле жырылат. Сөгүп көрсөм, кадимки эле катуу картондон жасалыптыр. Суу өткөндөн уламбы, картон да эзилип кетиптир. Анан толугу менен таманын алмаштырдым. Жасаган материалы эле 300 сомду чапчыды. Анан баягы кыз: “Мен муну 500 сомго алсам, сиз 350 сомго оңдогонуңуз кандай?”- деп чыр чыгарса болобу. Күн сайын мындай чыр чыгарган кардарлар кездешет. Кээде кардарларыбызга башка бирөөнүн бут кийимин жаңылып берип алсак унчукпай көтөрүп кеткен күндөрү да болот. Жыйынтыгында алар менен милицияга чейин барууга туура келет. Ошентсе да күнүбүз кур болбойт, жакшы эле табабыз.

– Оңдоого керектүү материалдарды кайдан аласыңар?

– Атайын алып келип берчү кишибиз бар. Же базардан эле алабыз.

Ушинтип сүйлөшүп болгуча өтүгү­бүздүн такасын кагып бүтүп калды. Биз эми катарга тизилген контейнерлердин башкасына да башбагып көрүүнү чечтик.

“Үйгө да, машинага да жеттим”

Кийинки Нурлан аттуу каарманыбыздын эң эле ыкчам иштегени көзгө урунду. Таманы тегерете ачылып калган өтүктүн бир жубун 10 мүнөткө жетпей тигип чыкты. Нурлан байке бут кийимди оңдоо тууралуу кененирээк айтып берди.

– Бул кесип унутулуп калбай турган нерсе. Мен мурда көчөгө эле стол коюп, балка, майда мык, желим менен иштечүмүн. Кө­чөдө отургандын пайдасынан зыяны көп экен. Ысык-суукта отурганың аз келгенсип, көрүнгөнү келип кубалайт. Анан “отурган жериңе төлө” дегендеричи, тапканыңдан ашыгыраак акчаны сурап. Ушундан улам акчамды топтоп чарык, электр плитасын, чайыр, мык, балка сатып алдым. Булар өтүкчүлөргө керектүү негизги нерселер. Анан контейнерди ижарага алып иштете баштадым. Учурда бир контейнерди ижарага алуу 6 миң сом турат. Биздин жумушта эң башкысы кардарларың ыраазы болсо, кийин сени издеп өзүлөрү эле келишет. Ошондой кардарлары көп өтүкчүлөрдүн арасында менчилеп үй, машина алганга жетишип калгандары бар. Бизде эң кымбат оңдоо иши ичке такалардын супинаторун оңдоодо (100-200 сомго чейин) болот. Ал эм така кагуу 50 сомдон жогору. Эң арзан оңдоо эле өтүктүн сыдырмасын салуу (20 сомдун тегерегинде) болот.

Бул кесиптин зыяны да бар

Акыркы учурда борбор калаабызда бут кийим оңдоочулардын да саны бир топ өстү. Мунун негизги себеби калкыбыздын жакыр жашап жатканы деле эмес, болгону, кытай бут кийимдери базарларыбыздын негизги бөлүгүн ээлеп жатканында. “Медалдын эки жагы бар” дегендей, бул кесипти аркалагандар да зыян тартпай коюшпайт экен. Биринчи эле эң жөнөкөй кокустуктан баштасак. Көбүнчө бычак менен санын, колун сайып алган учурлар көп кездешет. Көпчүлүк өтүкчүлөр үчүн колун шибеге менен сайып алуу колуна тикенек киргендей эле экен. Өтүкчүлөр үчүн бирден-бир зыян нерсе бул – клейдин жыты. Айрыкча күчтүү клейлерди ысытканда бөлүнүп чыккан жыт өпкөгө зыяндуу. Мисал үчүн баңги заттарын колдонгон адамдар кээде айласы кеткенде клей жыттай турганын эске сала кетсек деле болот. Өтүкчүлөр көбүнчө тери ооруларына көп чалдыгышат. Бул оорулар бут кийимге кошо жабышып келген кирлерден (микробдордон) улам козголот. Өтүкчүлөрдүн айтуусуна караганда, кээ бир кардарлардын алып келген бут кийиминин киринен да, шыбоо жыттанганынан айла жок бет кап тагынып иштөөгө туура келет экен. Бизди ошондой эле бир күндө колдорун жууганга эле бир даана самын жумшагандары таң калтырбай койгон жок. Бирок бардык өтүкчүлөрдө эле улам колдорун жууп турганга шарттары жок. Мисалы, көчөгө стол коюп иштегендерде.

Бул да бут кийим тууралуу...

Дайыма бир өлчөмгө тар бут кийим алып, буту дайыма жооруп жүргөн адамдан: “Ой, эмне себептен мынча өзүңдү кыйнайсың?”- деп сурап калса: “Мен бул жашоомдо үйгө барып бутумду чечип жатканда гана ырахат алам”,- деген экен.

Өтүкчүлөрдөн кеңеш

  • Жаңы сатып алган булгаары өтүк­төрдү киерден мурун майлап, май кургагандан кийин баркыт же жүндөн токулган кездеме менен сүртүп коюу керек.
  • Суу болгон бут кийимди оттун же үй жылыткычтын жанына кургатууга болбойт. Бул учурда жиптери бошоп, булгаарынын сапаты тез начарлайт.
  • Лакталган бут кийимдериңиз жап­жаңы кезиндей жылтырап турсун десеңиз, пияздын тилими же жумуртканын сарысына малынган кездеме менен сүртүп коюңуз. Ошондой эле вазелин менен эки күндө бир майлап туруу керек.
  • Бир аз кыскан бут кийимди нымдалган гезит менен толтуруп коюп, бир-эки сааттан кийин кийсе чоюлуп калат.
  • Бут кийимдеги жагымсыз жытты жоготуу үчүн эки-үч кристалл марганцовка кошулган сууга жууп же перекись водороду менен сүртүп койсо болот.

Эл ичинде “өтүкчүнүн иши да, тапканы да адал” деп айтылып калганы бекер эместир. Биз да бул кесиптин каармандарына баа бере жолубузга түштүк.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан