ОШТУК СПОРТЧУЛАРГА ООМАТ КЕЛҮҮДӨ

Ошто спорттук иш-чаралар байма-бай катталууда. Бул тууралуу Ош облустук мамлекеттик администрациясынын кызматкери Камчыбек Досматов билдирет. Анын айтымында, жакында Ошто 20 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 2 кыргыз балбаны 2-орунду камсыздашкан. Көп өтпөй “Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк” жылына карата жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча Ош облусунун биринчилиги уюшулду. Ош облусунун ИИБинин спорттук залында өткөн мелдешке Ноокат, Кара-Суу райондорунан жана Ош шаарынан келген 199 балбан катышып, 8 салмак категориясында күч сынашышты. Акыры жеңиш кубанычы төмөнкү балбандарды жылоолоду:
Жаңыбай уулу Курманбек (42 килограмм салмакта, “Байтур” спорт клубу)
Туратбек уулу Адилет (46, “Байтур”)
Музаффар уулу Мухаммед (50, СДЮШОР)
Алмазбек уулу Алтын (54, СДЮШОР)
Галдыбай уулу Мыктыбек (58, ИИБ)
Эркинбек уулу Маматали (63, ИИБ)
Ашимов Рыспек (69, ИИМ)
Эрматбек уулу Бактыбек (100, “Байтур”)

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Modeshanyi
2012-04-09 13:16:44
Molodsy!
0
monchok
2012-04-09 16:28:23
молодец!!! Ош.
0
kipchak
2012-04-12 18:14:04
molochik
0
Aitymbet
2012-05-08 19:09:31
Ош алга!
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан