ОШ ШААРЫНЫН АЙДООЧУЛАРЫ ҮЧҮН ЖОЛ ЧЫРАК ДАЙЫМ ЖАШЫЛ

Гезит Ошко ачылары менен шыбап баштады дебейттирсиз, окурман. Анткени коомдогу оош-кыйышты, ачуу чындыкты, элдин үнүн биз чагылдырбаганда ким чагылдырат?..

ОШТОГУ АБАЛ БЕШ ЖЫЛ МУРУНКУДАЙ
Мындан беш жыл мурда Оштун студенттер шаарчасынан төрт кыз 102-маршруттук каттамдагы кичиавтобуска отурган элек. Кичиавтобустун эшиги калдырап-шалдырап араң эле бараткан. Кыскасы, маршруткада баарыбыз отуруп, бир кызыбыз туруп калбаспы. Карл Маркс атындагы мектептин жанынан маршруткабыз катуу бурула берди. Эмнегедир артынан бирөө кууп келаткандай катуу ылдамдыкта кетип бараткан эле айдоочубуз. Көз жаздымда эшик тарс ачылып, курбум жерге кулап түштү, а айдоочу зуулдатып байкабайт. Маршрутканын ичи ызы-чууга түшүп, “токтот эле, токтот” деп айгайлап калдым. 100 метрдей айдап барып “нима болду?” (эмне болду?) деп таң калат айдоочу. Токтотуп эле жыгылып калган кыздын жанына чуркадык. Өңү бопбоз болуп, чачы-башын оңдоп, эки жакты карап элеңдеп калыптыр. Айдоочу “эч нерсе болгон жоксуңбу? Мен кете берейинби?” дейт. Ачуум келгендиктен, маршруткадагылардын баарын түшүрүп, айдоочуга кыйкырдым “эмнеге кете бересиз, бул жакта адам өмүрү коркунучта турса?!” деп. Ошентип, айдоочу, анан төрт кыз ооруканага жөнөдүк, баягы калдыраган маршрутка менен. Жолду ката “эшикти сен өзүң ачып жиберген окшойсуң, кызым” деп болушунча өзүнөн күнөөнү оодарганга аракеттенди. Ооруканага жеттик, Кудай жалгап, оор жаракат албаптыр. Бирок денесинин баары көгөрүп, сыйрылып, бир топко дарыланып чыккан. Муну менен мен эмнени айтайын дедим? Ош шаарынын айрым маршруттук таксилери дале ошол 5 жыл мурункудай абалда экен.

ЖОЛ КӨЙГӨЙҮ ЗЭЭН КЕЙИТЕТ
Ала-була жөө адамдар өтчү жолдон өтөйүн десең, айдоочулар жол бербейт. Машинасын дал ошол жөө жүргүнчү өтчү тилкеге миндирип туруп, жол чыракты күтөт же жөө адамды өткөрбөй зуулдаган боюнча өтүп кетет.
Үйдөн кеңсеге чейин же башка жумуштар менен кичиавтобуска түшүп, жакаңды кармап барасың, чын айтам. Аялдама жок жерден кокус токтотуп калсаң, бутуң тепкичке тийип тие электе жүрүп кетет. Бул борбордон жаңы келген жалгыз биздин гана жолго көнө албастыгыбыз эмес, Ош шаарынын тургундарынын чоң көйгөйү экенин эсепке алуу менен жазып отурабыз.

АЛА ТАЯКЧАНДАР КАРАШПАЙТ
Бир ирет мэриянын артынан маршрутка тосуп калдык. Эки жигит экен, алдындагы 125-маршрутка менен жарышып айдайт. “Ай, адам алып кетип жатасыңар, мал эмес” деген сөзүбүзгө “болуптур” деп кутулуп эле кайра баштайт катуулантып. Базарга кире берерде алыстан ала таякчан МАИчини көрүп “аа, ушулар кармайт го” десем, кайдан, МАИчи ар жакты бир карап, бер жакты бир карап тургуча зуулдаган боюнча өтүп кеттик. Көрбөй калды го деген ой менен дагы 300 метр жүргөнүбүздө дагы бирөө турат, ала таягын көтөрмөк тургай айлананы аңырая тиктеп кала берди анысы. Ошентип кейип отуруп Ош районуна жеттик. Кыскасы, экинчи калаабыз дейбиз Ошту. Балким, каражат, балким, башка маселелер менен болуп жүрүп жолдун өңгүл-дөңгүлүнө эч ким маани бербес, бирок айдоочулар эрежени уруп да ойнобойбу же МАИчиси маани бербейби, түшүнүксүз. Муну менен айдоочунун, МАИчинин баарын айткыбыз келбегени менен, көпчүлүгүнө өзүбүз күбө болуп отурабыз. Бир сөз менен айтканда, Ош шаарынын айдоочулары үчүн жол чырактын жашылы да, кызылы да, сарысы да дайым жашыл экен, аттиң!

Бурул Исмаилова
info_osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
linara
2012-04-12 10:40:55
Маданиятту адамдын дагы бир сапаты-сынды туура кабыл алабилуусу.Сын такканда кыйынсынар.Сындалганда чычалайсынар.Бул жерде жеке огородунарга эмес жалпы шаардын кызыкчылыгы учун айтылып жатпайбы..Сын бар жерде онугуу болот.Мен да 30 жылдан бери Ошто жашайм.Жогоруда жазылгандар Ош шаарынын койгойунун 1% гана. Акыркы учурда регионалдык улуттук болунуу деп керексиз эле терикчил болуп кетишти.Болунуп жарылган регионалдык денгээлден Мамлекеттик денгээлге которулуунун учуру келмек турсун отуп баратат.
0
linara
2012-04-12 10:48:42
Ал эми журналист айымга айтаарым жолунуздан талбаныз.Которулгон койгойлордун бироосу болсо да чечилсе сиздин женишиниз биздин кубанычыбыз болот.
0
MaRmeLaDka
2012-04-12 11:20:49
Эмне мынча чычалап алгансыңар?! Бул жерде шаардын абалын зээни кейигенден жазып жатат да. Журналист эмнеге журналист, жашоодогу көйгөйлөрдү, оош-кыйыштарды элге жеткирүү максатында. Аны кабыл алуу, кабыл албоо адамдын өзүнөн. Силер ушинтип реакция кылып жатасыңар, демек, элге бул нерсе жетти. Эми ошого көзөмөл кылган адамдар кыймылдай башташса эле чоң иш болмок. Автор азамат, ушундай нерселерди жазып туруш
0
sambo
2012-04-12 13:53:51
Талаштан Тактык жаралат дейт туугандар жаштардын талашканы демек бул жаштар келечекке болгон коз карашы жанданып жатканы жана оз кичи мекенин суйуу бул жакшы нерсе!
0
Gulzhan
2012-04-13 01:52:16
Жол чыракты дайыма машинага жашыл кылган адамдар озу.Коомдук транспортту каалаган жерден кол которуп токтотушат,айдоочулар да каамырабастан токтойт каалаган жерине.Жоо жургунчулор болсо зебрадан анда-мында отпосо,каалаган жерден отушот.МАИ кызматкерлери чонтогун толтуруу менен убара.Айдоочуларга да,жоо жургунчулоргода айтаарым жол эрежелерин сактайлы.Мындай койгойлуу маселелер бир эле Ош шаарында эмес республиканын бардык аймактарында кездешет.
0
otin
2012-04-13 09:58:55
Мужская логика: узнаю - убъю. Женская логика: хоть убей - узнаю. Андан коро бир аз болсода кулуп койгула уруша бербей
0
Aseiin
2012-04-13 15:39:34
Мен озум Оштон болом,бирок коп жылдан бери Россияда жашайм. Кече жакында эле Оштон келдим мен эс тарткандан бери эч нерсе озгорбоптур, озгоруу качан адамдын минталитети озгоргондо жылыш болот. Баарына чондор кунолуу эмес, наоборот чондорду куноологон жаран куноолу. Ошол эле жаран аялдамага барбайт офистен чыгып эле кол которуп унаа тоскон салтка айланган. Жада калса Оштун бизнесмендери да кафе ресторан клубдан башка эч нерсе ачкысы келбей калыптыр. Андан коро недвижимостько инвестировать этсе бо
0
jazyl
2012-04-13 16:08:55
chto etim hotite skazat'? Tipa gorod Osh ne dostoina 2 stolicy?
0
Karamel
2012-04-13 22:11:07
эээээй эл журт, ушул суперстанда бир патриоттор, болунуп жарынбагандар отурат го десем, бул жак деле ушундай тура. деги макаланы окуп, тушунуп, туура анализ беруу деген барбы деги? ушул журналист болуп жарайын деген максатта жазды дейсинерби? тиги баракелде деген сайтта да нурбек эгендин жаны киносун элдер озу коро электе эле, аны талкуулап, демек колдун эркектери аракеч, кыздары женил ойлуу экен да мушташыватышыптыр ай, Эген элди болуп жарып салды деп, деги информ-ны туура тушунуу деген барбы?
0
Karamel
2012-04-13 22:12:16
ушул эле макала, бирок Бишкек деп жазылса, мынча ызы чуу болбойт эле э?
0
nn992
2012-04-14 05:57:47
урматтуу окурмандар,мен озу Ош шаарынада торолуп оском. Айтар элем беш манжа тен эмес дегендей, жакшы айдоочу да бар, жакшы пешеход да бар. бирок 3-4 мурункуга караганда азыр айдоочулар бир аз болсо да пешеходду откозот, ал эми биздин Ош шаарынын жарандары, тургундары (студенттер) зебра дегенди 80-90% билишбейт.Чынын айтканда тээ алыстан келген студенттер светофор тек гана автоунаалар учун деп ойлойт, каалаган жеринен басып, чуркап отот, светофор жашылыбы, кызылыбы баари бир ото берет.
0
nn992
2012-04-14 06:03:11
Окурмандар, колдоонучулар суранам Ошко асылба тийишбе деген создорду калтырсанар же болбосо жакшына окуп тушунуп жазгыла бул жерде сенин жерин менин жерим деп эч ким болгон жок. Уят, окуп отуруп жиним келди кээ бир Оштук жердештериме. туура кабыл алгыла, Чиновниктер гана болунушот дейсинер а озунорду ким айтат?
Шаар кудай буйурса онугуп эле келип жатат, бирок жол жаман ал чын, ондойбуз деп соз беришкен. кутобуз
0
nn992
2012-04-14 06:10:09
Андан коро келгиле конок болуп кеткиле, 1-3 адамды тосуп алып 1-2-3 кун эс алдырганга алым жетет. Болунбогулочу. Мисалы бизде жумушта Нарындык Колдук,Баткендик, Таластыктар иштешет баары жакшы балдар кулуп приколдошуп бири-бирибиздикине коноко барып эле журобуз. Андан коро 1 штат бар келип иштегиле Чуйдон же Жалалабаддан болсо жакшы болот.
0
Zalina
2012-04-14 16:19:13
Бир аз тийишип жазылганбы Ошко? Мындай акыбал баардык эле шаарларда болот, жолдорубуз начар да шоферлорубуз кыйналып атат го, МАИчилер болсо коп конул бурушпайт.
0
chopik7
2012-04-15 15:09:15
Мм чындыгында кейитерлик маселе
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан