БЛОГГЕР

Азыр интернеттин жашоо­бу­зда орду чоң. Интернет аркылуу маалымат алууга, адамдар менен байланыш түзүүгө, дос-душман, үй-бүлө күтүүгө, жада калса үйдөн чыкпай туруп керектүү нерселерди сатып алууга мүмкүн болуп калды. Ошол дүйнөлүк желеде баарыбыз колдонуп жүргөн электрондук почта, интернет-форум жана чаттардан өзгөчөлөнгөн блог деген баракча бар.

БЛОГ ДЕГЕН ЭМНЕ?
"Блог" англисче "web log" – "интернет-окуялардын журналы" же "интернет-күндөлүк" деген сөздөн кыскартылып алынган. Блог түзгөн адамдарды блоггерлер деп аташат. Блоггерлердин телеканал, радио, гезит жана маалымат агенттиктеринен өзгөчөлүгү бар. Алар коомдо болуп жаткан окуяларды түздөн-түз өзгөртүүсүз блогго жарыялап турушат. Блогдун күндөлүктөн айырмасы – анын башка окурмандарга ачыктыгы жана автор менен биргеликте публикалык талкууга аралашуу мүмкүндүгү. Окурмандар күндөлүккө комментарий калтыра алышат. Ошондой эле персоналдык сайттарды блог катары кабыл алса болот.

ТАРЫХЫНАН
Биринчи блог болуп Тим Бернерс-Линин баракчасы эсептелет. Ал 1992-жылдан тарта жаңылыктарды жаза баштаган. 1999-жылы августта Сан-Францискодогу "Pyra Labs" компьютердик компаниясы "Blogger.com" сайтын ачкан (бул сайтты 2003-жылы "Google" компаниясы сатып алган). Ал биринчи бекер блогдук кызмат болгон.
2008-жылы Орусияда Сергей Мухамедовдун “Оттенки Серого” аттуу блогу ММК катары кабыл алынып, каттоодон өткөн.
Жаңы маалымат булагы катары популярдуулугу өскөн бул тармакта блоггерлер арасында түрдүү сынактар өтүп келет. 2004-жылдан тарта немецтик "Deutshe Welle" медиакомпаниясы "The Best of the Blogs" ("Блогдордун эң мыктысы") аттуу сынак жарыялаган. Бул сынак 11 тилде өткөрүлөт: англис, араб, испан, кытай, немис, португал, бенгал, фарсы, индонезия, француз жана орус.

КАНДАЙ МАКСАТТА ПАЙДАЛАНСА БОЛОТ?
2005-жылы өткөрүлгөн блоггерлерди сурамжылоодо блогдордун төмөнкү функциялары белгиленген:
Байланышуу
Өзүн презентациялоо
Көңүл ачуу
Эскерүүлөрдү жазуу
Психотерапевттик
Өзүн-өзү өнүктүрүү
Бириктирүү жана социалдык байланыштарды бекемдөө

БЛОГ САЯСИЙ КУРАЛ КАТАРЫ
Белгилүү саясатчылар блогдорун саясий курал катары колдонушат. Алсак, Хилари Клинтон, Ангела Меркель, Сеголен Руаяль жана дагы Махмуд Ахмадинежаддын атынан ачылган интернет-күндөлүктөр бар. Ошол эле учурда карапайым адамдар арасынан блогду пайдаланып акыйкат тапкандар, өз үнүн дарегине жеткиргендер жок эмес. Мисалы, Ирактагы согуш учурунда америкалык аскерлердин блогу пайда болуп, фронтто эмне болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган. Ал блогдор АКШнын тышкы саясатына эбегейсиз чоң залакасын тийгизген. Аскер Колби Баззел – Ирактагы согуш тууралуу жазган эң белгилүү блоггер. Анын “Колби Баззел согушту урдум дейт” аттуу блогу аябай популярдуу болгонун ушундан билиңиз, ал аскерден кайткандан кийин "Esquire" журналына иштөөгө чакыруу алган.

БЛОГГЕРЛЕРДИ КУУГУНТУКТОО
Блогдорду каттоодон өткөн ММКлардан айырмаланып көзөмөлгө алуу кыйын. Ошол себептен авторитардык режимдеги өлкөлөрдө бийликке каршы келген саясий көз карашы үчүн блоггерлер жаза алышат. Мисалы, азыркы учурда Кубада 20 блоггер, ал эми Кытайда 24 блоггер камакта. Блоггерлер саясий куугунтуктоодон тышкары өздүк себептер үчүн да жазаланышы мүмкүн. Блог аркылуу бирөөнүн аброюна шек келтиргендиги үчүн. Алсак, 2004-жылдын декабрь айында Орусиянын Красноярск шаарында жергиликтүү улуттук-большевиктик партиянын лидери Андрей Сковородниковго "президент Путиндин атын булгады" деген айып тагылып, 6 ай оңдоп-түзөө иштерине милдеттендирилген. Анын блогунда Путиндин аброюна шек келтирген уят сөздөр жазылган эле.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МЫКТЫ БЛОГГЕРЛЕР КИМДЕР?
Жакында ата мекендик бир интернет-портал Кыргызстандагы мыкты блоггерлердин тизмесин жарыялаган. Атап кетсек, Эля Абдрахманованын “Откровения шопоголика” блогу, Алина Жетигенованын блогу, Дина Ибрагимованын "Бьюти" блогу, Жомарт Ормонбековдун блогу, Дина Карабекованын жеке блогу, Марина Кимдин блогу, Бектур Искендердин персоналдык блогу жана Yanagi`нин блогу (анонимдүү блог).

 “ЖАШООМДУ БЛОГСУЗ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ”
 Блогдун ысык-суугу тууралуу жаш блоггер Теңкелбес Мусаев менен чакан маек курдук.
– Салам, Теңкелбес. Алгач өзүң тууралуу айтып берсең. Эмне менен алектенесиң?
– Мен Орто Азиядагы Америкалык университетинин эл аралык жана бизнес, укук факультетинин 5-курсунун студентимин. KG-Лига-футбол сүйүүчүлөрүнүн арасында өтүүчү эң чоң турнирде катышкан “БилАн” командасында футбол ойнойм. Ошондой эле “Sport.kg” сайтында ата мекендик футзал жөнүндө маалымат алып баруучу блогум бар. Бош убактымды үйдө өткөрүүгө аракет кылам. Уктаганды жакшы көрөм.

– Качантан бери блоггерсиң? Блогдон кандайдыр бир реалдуу пайда аласыңбы?
– Футзал жөнүндө блогумду 2010-жылдан бери алып барам. Аны Александр Рогозанын сунушу менен ачкам. Блогдон реалдуу пайда деле таппайм азыр. Баналдуу болушу мүмкүн, бирок блог алып баруудан жөн гана рахат алам.

– Блогдун терс таасирлери барбы? Балким, блог ачканың үчүн өкүнөсүң? Суткасына орто эсеп менен интернет-күндөлүккө канча убакыт сарптайсың?
– Балким, блоггерлер көп сын угушат. Андай менин да башымдан өткөн. Көбү мени макала жазууда тигил же бул командага тартасың деп айтып калышат. Бирок мен эч качан блог менен алектенгениме өкүнгөн эмесмин жана келечекте өкүнбөйм деп ойлойм. Орто эсеп менен блогума суткасына 2 сааттан кем эмес убакыт бөлөм.

– Блоггер болуу кыйынбы?
– Кыйын эмес. Блогуңду окумдуу жана кызыктуу кылып жүрүп отуруу кыйын.

– Өздүк блог ачам дегендерге кандай акыл айта аласың?
– Бул ишти сүйүү, жетиштүү убакыт бөлүүгө аракет кылуу гана керек.

– Сырлары менен бөлүшө кетсең, блоггерлер башкалардан эмнеси менен айырмаланышат?
– Башкалардан айырмабыз деле жок. Кадимки эле адамдардайбыз. Эки кол, эки бутубуз бар. Эгерде олуттуу карасак, башкалардан айырмачылыгыбыз – өзүбүздүн оюбузду объективдүүлүк принцибинен тайбай так берүү. Коомдо пайдалуу болуу.

– Жашооңду блогсуз элестете аласыңбы?
– Акыркы 2 жылдын ичинде бул менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Андыктан жашоомду блогсуз элестете албайм.

Аксуубай Жуматаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
NukeBrat
2012-04-09 22:35:40
Красавчик Аксуубай Жуматаев, макалан жакшы экен деп Нуке Брат.
0
veneraaalieva
2012-04-09 22:58:59
Мен дагы блогерлер жонундо коп эле уктум, бирок ал блогду кантип ачып жана кайсы жерден тапса болот,мага кенеш бергилечи?
0
LiderKG
2012-04-11 00:59:10
ММ бизде кымбаат аябай эле анан ой ий иши да да коп...
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан