АТАКТУУЛУК АЛЫП КЕЛГЕН ЫРЛАР

Эмил Балтагулов,

«Ичпечи, апа!»

“Уялам элден, суранам сенден, ичпечи, апа!” деп сыздаган ыр элге сиңип, аны менен кошо колуна комуз кармаган Эмилди атактуулук ээрчиди. Ырдын сөзүн төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жазса, обону аткаруучуга таандык. Ыр 2006-жылы ырдалса, клиби 2007-жылы тартылган. Көчөдө арак ичип жүргөндөр да ырды укканда эстерине келишкен сыяктанышат. Ошондон улам тарбиялык маанисинин күчтүүлүгүн сезсек болот. Ыр Эмилдин турмушунан алынган эмес.

Токтобек Асаналиев,

«Боогачы»

2004-жылы Токтобек Асаналиев бул ырды ырдап чыкканда элге тез жугарын билген эмес. Атактуулук алып келген ырын аябай жакшы көргөндүктөн, уулунун атын да Боогачы койгон. Ал эми ырдын жаралыш таржымалы төмөндөгүчө: Айтылуу Ат-Башы жайлоосуна ырдын сөзүн жазган Акбар Рыскулов барып, кара көз сулууну жактырып калат. Ошондон улам Боогачы менен Үкөй аттуу уламыштын негизинде Акбар акындан ыр жаралган. Ал эми обону Калмурат Рыскуловго таандык.

Клара Алибекова,

«Кыргызымдын жигиттери»

Тургуналы Нурматовдун “Кыргызымдын жигиттерин” көркүнө чыгарып, ырга жаңы жашоо берген Клара бул ырды 5-класста окуп жатканда ырдап чыккан. Сахнага чыгары менен Жалал-Абаддын кичинекей жылдызы эл көзүнө илинип, бакчадагы кыргыз эмес, башка улуттун балдары да ушул ырды ырдап калганы эсиңизде болсо керек.

Артык, Сапар,

«Атага кат»

Уккан жандын муун-жүүнүн бошотуп жиберген “Атага кат” ыры 2006-жылы бир эмес, эки жигитти элге таанытты. Автору – Артык Саитов. Бул ырды ырдаганга чейин жигиттер кафеде иштеп жүрүшкөн. Кийин клиби чыгып, ал клип көпчүлүктүн көзүн кызарта ыйлатты. Учурда эки жигит эки жакты көздөй кетип, өз-өзүнчө ырдап жүрүшөт.

Бактыгүл
Бадыева, «Кайдасың?»

Суйкайган сулуу Бактыгүлдүн багын ачып, элге тааныткан ыр – “Кайдасың?”. Ырчы бул ырды күлгүн курагы 18 жашында сезимдери кытыгылап, жомоктогу сулуулардын сүйүүсүн көз алдына элестете ашканада олтуруп жазган экен. Ал гана эмес, ал ырга обон чыгарып, 19 жашында сахнага ырдап чыккан. “Кайдасың?” деп жүрүп атактуулук менен бирге Бактыгүл учурда өз сүйүүсүн тапканга да жетишти.

Айпери Кубик кызы,

«Сезим»

“Өткөөл куракта Айпери тим эле канаты болсо учуп кетчүдөй болуп, кеч болсо да уктабайт десең. Ошондой түндөрдүн биринде: “Ата, мага ыр жазып бериңиз, ырдайм”,- деп калды. Кызымдын ырдагысы келип жатканын көрүп, 2007-жылы ноябрь айында ырдын сөзүн жаздым. Обону Ильяз Абдыразаковго таандык. Айперим бул ырды 2008-жылы ырдап чыгып, эл көзүнө көрүнө түштү”,- дейт кызынын талантына ыраазы болгон Кубик Калыков.

Урмат Усенов,

«Жазгы жамгыр»

2002-жылы жаз айларынын бир күнүндө Урмат терезеден жааган жамгырды көрүп, колуна калем сабын кармап, көктөм менен кошо келген сүйүүсүн жамгырга салыштыра жазып салган. Арадан 3 жыл өткөн соң, тактап айтканда, 2005-жылдын хит ырларынын бирине айланган ыр Урматка атак алып келди. Ушул ырынын клиби аркылуу көптөгөн МАИчилер менен да сый мамиледе болуп калган.

Айгүл Чалова,

«Сүйүү арманы»

Уккан адамдын жүрөк кылдарын дирилдеткен сүйүү ырларынын арасындагы Айгүлдүн “Сүйүү арманы” ыры ырчыга атак алып келди. Бул ырды ырчы кыз өзгөчө сезимдерге маарып турганда жазган. “Балким, бул саптар кимдир бирөөнүкү болуп жүрбөсүн?..” деген бүдөмүк ойлорго чулганган ырчы көпкө чейин ырды элге жарыялабай жүрүп, өзүнүкү экендигине ишенген соң 2007-жылы сахнага ырдап чыккан.

Ибрагим Жунусов,

«Эламан»

Ким эле болбосун алыска чыкса апасын сагынат эмеспи. Мына ошол сыяктуу Ибрагим Жунусовдун 1979-жылы студент кезде жан дүйнөсүнөн жаңыра чыккан “Алтын апа” ыры - апасынын 50 жашына арнаган белеги. Андан да атактуулукка жеткирген “Эламанын” айтпасак болбос. 90-жылдары “Ошто өзбек-кыргыз урушу болот” деген ушак тараганда агайдын көкүрөк күчүгү Эламан төрөлөт. Анда Ибрагим агабыз “элим аман болсун” деген ниетте уулунун атын Эламан коюп, уулуна жашташ кылып “Эламан” ырын жараткан. 1992-жылы ырдалып чыккан ыр учурдагы депутатка атактуулук алып келген.

Ильяз Абдыразаков,

«Арманым»

Ильязды Ильяз кылган ыр – “Арманым”. Бул ыр боюнча ырчы өзү төмөндөгүлөргө токтолот: “Арманымдын” автору – Руслан Мамасадыков. Руслан агамдын сүйлөшкөн кызын ала качып кетип, арманда жүргөндө мен “ыр жазыңыз” деп жабышып калгам. Анан ошол ырга 2004-жылы өзүм аранжировка жасагам. Анан, албетте, обону Ильяз акаңа таандык. Бул ырдын клиби 2006-жылы тартылган”

Гүлжигит Сатибеков,

«Коштошуу»

“Айбийке, кой кайтарсак биз бирге…” деп ырдаган бул жигитти көпчүлүк “Коштошуу” ырынан кийин тааныды. Ырчынын айтуусунда, бул ырдын тарыхы узун. Ыр өтүкчү жигиттин тагдырына байланыштуу. Өтүкчү абдан сулуу жигит болот. Ошол жигитти туфлисин кактырганы келген бир байдын кызы жактырып калат. Жигитти көргүсү келген бийкеч анын иштеген жерине күн сайын келе берет. Бир күнү кыз туулган күнүнө жигитти чакырат. “Бара албайм” дегенине болбой алып кеткени келген кыз анын тизеден ылдый буту жок экенин көрүп, карабай басып кетет. Көрсө, жигит кыз келгенде дайыма алжапкыч тагынып отурчу экен. Ушул окуяны жүрөгүнө жакын алган ырчы 2007-жылы сөзүн жаратып, 2008-жылы ырдап, клип тарткан.

Сайкал Садыбакасова,

«Эстей жүр»

Легендарлуу “Кыз-Бурактын” кымча бел сулуу кыздарынын ырларынын ар бири элдин эсинде калат. Мына ошол топтун кенжеси, эркеси Сайкалды көпчүлүк “Эстей жүр” ырынан тааныды. Бул ырдын автору – бир кезде ушул топто ырдап кеткен Чынара Сеидбурханова аттуу таланттуу кыз. Бул ырды аткарып чыкканда Сайкал 2006-жылы 14 жашта эле. “Ырды жаздырып жатканда “эмнени жакшы көрөсүң, ошону элестетип ырда” десек, Сайкал “Сникерсти” жакшы көрөм” деп күлдүргөн. Өткөндө Сайкал “ий, апа, мен кичинемде жашыма туура келбеген эле ырды ырдап коюптурмун” деп күлүп коёт”,- дейт Гүлшайыр эже.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан