БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ ШАДИЕВДИ АКТАДЫ...

  • Европалык Биримдик Кыргызстан менен Казакстандын аба компанияларын мурункудай эле "кара тизмеде" калтырды.
  • Өкмөт Кыргызстандан нефти продуктуларын алып чыгуу боюнча убактылуу тыюу салууну дагы узартты.
  • “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча жаңы ведомствонун кызматкерлери пара албашы үчүн татыктуу айлык беришибиз керек”,- деди вице-премьер Жоомарт Оторбаев.
  • Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж ЖК депутаттарынын алдында сүйлөп жатып, Кыргызстанга келчү монголдордун делегациясынын көпчүлүгүнө учакта орун жетпей, келе албаганын айтты.
  • Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун чакыруусу боюнча Сауд Арабиясынын ханзаадасы Фейсал Кыргызстанга май айынын башында келет.
  • Өлкөдө тоюттун жетишсиздигинен
    27 миңден ашуун мал кырылды.
  • Депутаттык комиссия "Аскарбек Шадиевдин радиоактивдүү көмүр боюнча айыбы жок" деп таап, актады. Айрым эл өкүлдөрү анын кайрадан Энергетика министрлигине бекитилишин айтышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ruslan1969
2012-04-15 17:55:28
Шадиевден башка проф.энергетик жокпу? башка ким куноолу мумкун кочегар болуп журбосун урматтуу эл окулдору' ооба' ошол кочегар дегенден да уялбайт болушунар керек
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан