ПАРЛАМЕНТ ӨЗҮН КАЛКАН СЕЗИП...
Жогорку Кеңеш "Исхак Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга негиз жок" деп бүтүм чыгаргандан бери бир топ уюмдар “депутаттар кесиптешин калкалашып, бул кадамы менен коррупцияга каршы башталган кампанияга каршы чыгышууда” деп баа беришүүдө. Мындай пикирди эл өкүлдөрү эсепке алууну туура көрбөй, парламентте башкы прокурорго ишенбөөчүлүк жарыялоого 77 депутат тарабынан кол чогултулганы кабарланды. Дагы 4 эл өкүлүнүн колдоосу кошулары менен Жогорку Кеңеш Аида айымды кызматтан түшүрүү үчүн президентке сунуш жолдошмокчу. Бирок, мыйзам боюнча, соңку чечимди президент кабыл алат.
ПИРМАТОВ КЫЙЫН ЗЫЯНКЕЧПИ?
Ал ортодо маалымат булактарында 2008-2010-жылдары Исхак мырза жетектеп турган “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жумушчуларынын пикирлери жарыяланууда. “Ошол маалда "Кыргызнефтегазга" "Юнитрейд" деген ишканадан баасы бир нече эсеге атайын кымбаттатылган товарлар сатылып алынган. Мисалы, 10 сомдук буюмду
50 сомго деп сатып келе баштаган. Экинчиден, “Кыргызнефтегаз” өндүргөн күйүүчү майды 7-9 сомго чейин арзан сатып, өзүнүн “Кыргызмунай” фирмасы аркылуу кымбат сатып жүргөн. Бул тууралуу бизде толук далилденген документтер бар”,- деп аталган ишкананын профсоюз уюмунун төрагасы Акунбек Раимкулов “Азаттык” сайтына билдирген.
ПРОКУРОР КЕТЕТ ЖЕ ПАРЛАМЕНТ ТАРКАЙТ
Коррупцияга каршы күрөштү сөз эмес, иш жүзүндө баштаган прокурорго каршы катуу аракет кылып жаткан айрым депутаттарга шайлоочулары “коррупцияны жоёбуз деп убада бербедиңер беле?” деп суроону кабыргасынан коюшу мүмкүн. Аны менен парламент эл алдында ишенимин жоготуп, айрым серепчилердин пикири боюнча, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн эрте таркап кетиши мүмкүн.
Эми биринчи жолу министр менен депутатка кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратуранын ишине тоскоолдук жаралабы? Же 120 эл өкүлү кесиптешин тергөөгө жөнөтүп, Жогорку Кеңеш да коррупцияга каршы күрөшүп жатканын көрсөтөр бекен?..