Талас районунун Көк-Кашат айылынан Алия деген окурманыбыз кайрылып, жөлөк пул менен ымыркай төрөлгөндө мамлекет тарабынан берилчү сүйүнчүнү самын-айна менен алып жатышкандыгын айткан эле. “Жөн бергени курусун, товарлары базардагы баадан бир топ өйдө, бизнеске айлантып алышты. Товар албайм, акчасын алам десең, урушуп туруп берип салышат. Тиешелүү мекемелерге кайрылып, жооп алып бериңиздерчи”,- деп суранган.
Биз Талас райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Илебаевге кайрылсак: “Бизге эч кандай арыз түшкөн эмес. Биз самынды ар бир адамдын макулдугу менен гана сатабыз”,- деди.
Анын жообуна бир чети таң калып, "Кыргыз почтасынын" Талас райондук башкарма бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Дүйшөнбиевге ушул эле суроону бергенибизде: “Кыргыз почтасына" эч кандай каражат бөлүнүп берилбейт. Ошол себептен жөлөк пул, сүйүнчү алган адамдарга кир жуучу каражаттарды 10 сом болсо, 13 сомго сатып, өзүбүзгө айлык чыгарабыз. Биз эч кимди мажбурлабайбыз, алган кишинин макулдугу менен гана бере алабыз”,- деген жооп алдык.