Президент Алмазбек Атамбаевдин кыйла дискуссиянын темасына айланган Орусия тууралуу маегинин эң урунттуу учурларын жарыялаган элек. "Эхо Москвы" радиосуна берген маегинде ажо Атамбаев мурунку мамлекет башчыларынан айырмаланып, Орусияга ачуу чындыкты айткан.
Алмазбек мырза Бакудагы иш сапарында Орусия менен болгон алакага дагы бир ирет токтолуп: “Кыргызстан өз көз карандысыздыгын куруп баштады. Биздин өлкө насыя, күйүүчү май жана газ үчүн эми тизелебейт. Анын альтернативдүү жолдорун издейт. Мына ушул нерсе – көз карандысыздык. Албетте, эскиче ой жүгүрткөндөргө бул сөз такыр жакпайт”,- деди.