“Автобус менен троллейбустагы жол киренин акысы 8 сом болсо, маршруттук унаада жүрүү төлөмү 10 сомго кымбаттайт”,- деп Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Зайытбек Назырынбеков айтты. Анын айтымында, күйүүчү май менен автоунаа тетиктеринин баасы күн санап кымбаттоодо. Бул маселе азыр кароодо, жакында Бишкек шаардык Кеңеши бекитип берет.
“Биз бүгүн банкрот болгону турабыз. Бир жыл мурун троллейбустун дөңгөлөгү 9 миң сом болсо, азыр 19 миң сом. Шаар тургундарынан жол киренин баасы кымбаттап жатканын түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз”,- деди Бишкек троллейбустук башкармалыктын жетекчиси Геннадий Милицкий.