Курманбек Бакиевдин тушунда Президенттик катчылыктын жетекчиси болуп турган Оксана Малеваная өткөн аптанын каарманы болду. Эске салсак, бул айым апрель соту боюнча шектүүлөрдүн катарында эле. Бирок сот процессинин жүрүшүндө дайынсыз болуп, изин жашырып кеткен. Кайда качканын таппай калган кыргыз чекисттери коңшу өлкөнү деле бир карап коюшса болмок экен. Себеби Оксана Малеванаянын өткөн аптада Казакстандан атасы Александр менен уулу Донатты (маркум Медет Садыркуловдун уулу деп да жүрүшөт) ээрчитип алып Украинанын аэропортуна конгондугу маалымдалган. Бирок расмий Киев издөөгө жарыяланган качкынды кабыл алмак мындай турсун, аэропорттон тезирээк кетирүүгө шашып, Грузияга жөнөп жаткан учакка отургуза салыптыр.
Михаил Саакашвили президенттик инаугурацияда Алмазбек Атамбаевди куттуктап кетти эле, минтип эми мамиле бузуп аламбы деп чочулабастан, Малеванаяны кабыл алып отурат. Грузия анын Тбилисидеги саясий статусу аныкталганга чейин өлкөдө калууга уруксат берди.