СУЛУУ БОЛОМ ДЕСЕҢИЗ СУЛУНУ КОЛДОНУҢУЗ

Сулунун мекени – Монголия жана Түндүк-Чыгыш Кытай. Сулу акшагында клетчатка, витаминдерден: А, Е, К, В1, В2, В3, В6, В7, В9, эфир майы, камедь (көмүртек), калий, фосфор, темир, хром, күкүрт, цинк, фтор, кремний жана башка пайдалуу минералдар көп. Сулунун курамындагы амин кислоталары булчуң белокторуна окшош, андыктан спорт менен машыккандар үчүн табылгыс азык.

КОСМЕТИКАДА
Бардык беттер үчүн тазалоочу каражат.

1 стакан сулу үлпүлдөгүн эт тарткычтан өткөрүп, майдалап алуу кажет. Анан ага суу кошулуп, ботко абалына келтирилет. Эми 1 аш кашык боткодон алып, бетке акырындан сүртүп баштоо керек. Муну ботко качан бетке эркин сүрүлө баштаганда токтотуу кажет. 1 ай кайталаса, бет таптаза жана назик болуп чыга келет.
Безетки баскан беттер үчүн каражат.
1 аш кашык сулу акшагына суу (эгер бет кургак болсо, сүт)кошуп ботко даярдап алуу керек. Ботко безетки көп жерлерге бир нече мүнөт сүртүлөт. Анан жылуу суу менен жууп, лосьон менен сүртүп, 30 мүнөттөн соң азыктандыруучу крем жапсаңыз болот.
Сепкилдүү бет үчүн маска.
1 аш кашык сулу акшагына ысык сүт кошуп ботко даярдаңыз. Аны бетке жаап 30 мүнөт кармап, анан жылуу суу менен жууп салыңыз.
Майлуу жана тери тешикчелери чоң бет үчүн маска.
1 аш кашык сулу талканына же унуна айран кошулуп ботко жасалат. Боткону 2 катар дакинин бетине жаап, бетке 15-20 мүнөт коюу керек. Муздак суу менен жуулуп салынат.
Шамалга тотуккан бет үчүн кайнатма.
2 аш кашык сулунун үлпүлдөгүнүн үстүнө 1 литр суу куюлуп, 5-10 мүнөт кайнатылат. Анан муздатылып, сүзүлөт. Мындай кайнатма бырыштарды жазып, бетти баркыттай жумшак кылат.

КУЛИНАРИЯДА
Сулунун акшагынан сулу уну, сулу үлпүлдөгү (майдаланып, жумшартылган сулу, орусча хлопья), мюсли жасалат. Ошондой эле сулудан ботко, суюк тамак, токоч, куймак даярдалат.
Сулу боткосу. Кастрюлга тазаланып, жуулган 1 стакан сулу салып, ага 1 стакан сүт кошуп, аралаштырып, духовкага бышкыча 2 саат коёбуз. Боткого майдаланган жаңгак, бал, сүргүчтөн өткөрүлгөн алма кошуп койсо болот. Мындай боткодо өзгөчө балдар жана карылардын организми үчүн эң керектүү заттар болгондуктан, табылгыс азык.
Сулу үлпүлдөгүнөн токоч
Керектүү азыктар: 100 грамм каймак май, 2 жумуртка, 2 стакан сулу үлпүлдөгү, 2 аш кашык ун, 3 аш кашык кумшекер.
Даярдоо: эритилген каймак майга кумшекерди кошуп чалып алабыз. Эми сулу үлпүлдөгүн, унду кошуп аралаштырсак, камыр даяр болот. Камырдан токоч жасап, духовкада 170 градус ысыктыкта 10-15 мүнөт бышырсак, токоч даяр.
Эскертүү! Каалоого жараша токочтун курамына бал же ванилин, же мейиз кошуп койсо болот.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА
Дары суусундук. Муну дамамат колдонсо кандагы холестеринди азайтып, ашказан-ичегинин сезгенүүсүн кетирет. Артрит оорусунан айыгууда жардамы чоң. Чачтын түшүүсүн токтотуп, боордун, калкан сымал бездин жана уйку безинин иштөөсүн жакшыртат. Мээ катуу чарчаганда, уйку бузулганда, бөйрөк ооруганда, тамакка көңүл тартпаганда, картайгандагы алсыздыкта да колдонулат.
Даярдоо: термостогу 1 стакан сулунун (данын) үстүнө 1 литр кайнаган суу куюп, 12 саат коюп коюу керек. Анан сүзүп алып, 1 күндө 3-4 маал 50 граммдан иче берсе болот.
Арыктатуучу диета. Сулунун арыктатуучу касиети да бар. Бул диета 10 күнгө эсептелген. 5 килограммга арыктоого болот.
Эртең мененки нанүштө. 2 аш кашык сулу үлпүлдөгүнө 1 стакан айран кошуп, жумшарышы үчүн 10 мүнөт коюу кажет. Тамак даяр. Муну менен кошо кантсыз чай же сүт менен кофе ичсе болот.
Түшкү тамак. Суюк тамак ичүү сунушталат. Семиз эмес этти кайнатып, үстүнө жашылча кошуу керек (картошка болбойт).
Кечки тамак. Эртең мененкидей тамак сунушталат. Чайга 1 кашык бал кошууга болот. Диета учурунда суусундукту (чай, көк чай же чөп чай) көп ичүү керек.
Эскертүү! Бул диетаны диетологдун же терапевттин кеңешисиз кармоо сунушталбайт!

Сулу сүтү. Бул суук тийгенде жана жөтөлдө колдонулуучу каражат. Керектүү азыктар: 1 литр сүт, 1 стакан тазаланган сулу, 1-2 аш кашык кумшекер. Даярдоо: кайнаган сүткө сулуну салып, кайнап чыкканда капкагын жаап, жай отко 2 сааттай коёбуз. Кумшекер кошуп, жылуу кезинде сүзүп алса, даамдуу дары даяр.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
nukuntai
2012-04-09 16:38:58
suluu degen negizi emne?
0
Shoola.kg
2012-04-09 19:52:32
nukuntai, сулуу деген овсянка.кадимки эле биз каша жасап жеп журбойбузбу.кыргызчасы сулуу экен.мен да жакында билдим
0
melashka
2012-04-09 18:10:59
беттеги дакты кантип кетирсе болот?жооп жазып койгулачы сураныч!
0
jazz007
2012-04-10 08:42:08
melashka, Антошка деген детский кремден суйкосон. 5 жыл мурун бир кремден бтим аллергия болуп, килтеген жаралар чыгып кеткен. Айыкканда кийин тактарычы ужас.Ошол крке мн эле кетиргем.
0
Timon
2012-04-09 18:22:03
sulunu biz buudaydyn arasynan julup tawtaybyzgo buuday eksen ele balee bolup chygyp alat.emi bildim yrgytpay ele akyryndan toptosom bolguday.sulunu bilbegender al buuday ekkende arasyna suluu bolup chygyp alat:) birok jakwy kasietteri bar eken bilbepmin,:)
-1
Timon
2012-04-09 18:24:52
melashka.suludan surto beriniz owol ketiret deptirgo:)
0
altyn-ordo
2012-04-09 22:56:47
сулуу эмес сулу, сулу-овсянка сулуу-красивый суулуу-влажный туура жазайлы.
0
Azura
2012-04-10 08:03:11
altyn-ordo, туура ЖАЗАЛЫ, туура ЖАЗАЛЫ!
0
Love_kg
2012-04-14 14:37:09
altyn-ordo, туура жазайлымес, туура жазалы!!!
0
bosskuba
2012-04-10 00:13:33
Бетке чыккан угрини эмне кылса болот
0
jazz007
2012-04-10 09:24:15
Безетки деген угриби7
0
kakishova
2012-04-10 12:25:19
Чындыгында овсянканы кефир менен аралаштырып кичине бал кошуп койсо жакшы маска болот. Сут менен шылдырап суюк болуп калат. Бетке бырыш тушурбойт. Саламат Садыкова ушундай масканы коп колдонот. Мен дагы коп колдоном. Жашым 40 болсо да бетимде бырыш жок.
-2
schackenow
2012-04-12 08:01:32
kakishova,аа бул масканы канча ирет колдонулат жумасына.Мумкун болсо жазып койсонуз
0
miki98
2012-04-12 11:56:54
kakishova, айтып койсонуз кунуно колдонуш керекпи.канча кефирге канча сулу кошулат жазып койунчу сураныч.
0
Argymak
2012-04-13 05:05:52
ой тооба жараткандын, сулуулугу силерге аздык кылабы айрыкча айымдар.
0
Love_kg
2012-04-14 14:35:38
Argymak, аздык кылбайт, а если будешь ухаживать, кожа будет выглядеть более ухоженной.
0
Arashkg
2012-04-13 10:43:23
кыздар суранам айткылачы, торогондон кийин беттеги сепкилди уй шартында кантип кетирсе болот
0
munara90
2012-04-15 00:25:16
"botkonu 2 katar dakinin betine jaap" degendi tuwunbodum, tuwundurup oigulachi suranam
0
pochanta
2012-04-24 12:33:29
munara90, дакини деген марли болуш керек
0
Kubatova
2012-05-09 17:14:40
Жакшы кенеш экен.
0
peri2012
2012-07-08 12:00:52
tuwunuktu jazgula4u sulu akeaguna al emne ananda botko jasanuz deisiner emneden jazaibuz turaa tywynyktu jazgulada
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан