БАКИЕВДИН "КРЕСЛОСУ КАЛЧЫЛДАЙ" БАШТАГАНДА...
Өкчөгөн чүкөсү оңко туруп, Ак үй менен Көк үйдүн бийлиги колунан чыкпастай сезген ал кездеги ажо Курманбек Бакиевдин акыркы аракеттери элдин маанайын буза баштаган маал эмес беле. Муну ошол кездеги оппозиция кайра-кайра кыйкырып айтып турганы менен, өзгөрүү болбой келе жаткан. Сөздү узартпайлы.
2010-жылдын 17-мартында БЭК (Бириккен элдик кыймылы) өз курултайын өткөрүп, анда бийликке 7 талап койгону эсиңиздерде бардыр?.. Электр энергияга болгон тарифтерди арзандатуу, уюлдук байланышка кошумча киргизилген 60 тыйындык төлөмдү алып салуу, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке аралашуусун токтотуу баш болгон, анын ичинде Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИни жоюу сыяктуу талаптар коюлган. Бул талаптардын аткарылышына бир апта мөөнөт берип, бирок эч кандай реакция болбогон соң аягы 7-апрелдеги кандуу окуя менен бүткөн.
2 ЖЫЛ ӨТТҮ, ЭМНЕ ЖЫЛЫШ?
Ооба, эң башкысы, өлкөдө саясий система өзгөрдү. Президенттик, үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун азап-тозогун жакшы эле тартып, бийликтин чылбырын бир адамга берүү жыргатпай турганын эл түшүндү. Муну бир эмес, эки жолу баштан кечирген журтчулук жаңы Конституциянын долбоорун же парламенттик башкарууга өтүүнү колдоого алышты. Муну ошол 7 талаптын бири болгон үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, ажонун балдары, бир туугандары бийликке таасир этпесин деген талаптын ишке ашышы катары баалоого болот. Ошондогу 7 талап жалпы жонунан ишке ашты деп айтууга жарашат...
ЖООП БЕРЧҮЛӨР КАЙДА?
Сот иштери дале уланып келе жатат. Албетте, бул таң эрте башталып түш оой бүтүп калчу иш эмес. Негизинен, 7-апрелге байланыштуу 28 кишиге айып тагылган. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 8 үлкөн аткаминерлерге эл аралык издөө жарыяланган. Алардын айрымдарынын кайсы өлкөдө жүргөндүгү белгилүү болгону менен, Кыргызстанга алып келе албай убарабыз. Же ал өлкөлөрдүн "ме, алгыла" деп кармата салчу түрү жок.
"Анан да ошол маалдагы айрым "бакиевчи" аткаминерлер бүгүн эч нерсе болбогондой асмандан сүйлөп бийликте отурушат". Мындай пикирди көптөгөн серепчилер билдирүүдө. Кандуу окуяга күнөөлүү деп ошол кездеги Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөттү сындагандар да чыкты. Алардын канчалык күнөөсү бар экенин соттук иштер ачыктайт. Бирок 7-апрелдеги элдин үмүтү, тилеги азыр толугу менен акталып кетти деп айтуу кыйын. Буга Роза айым өзү да кошулат.
Ал өз сөзүндө: "Жок, каза болгон 87 азаматтын үмүтүн актадык деп айта албайм. Бул процесс уланууда. Эки жыл аралыгында көп эле өзгөрүүлөр болду. Бирок ойдогудай болбой жатат. Ушул балдардын үмүтүн актайм деп көп эле аракет жасадым",- дейт.
ЖӨНӨКӨЙ ДЕБЕЙЛИ, БИР МИСАЛ...
Отунбаеванын "ойдогудай болбой жатат" деген сөзүнө бир мисал. Ошол маалда УКМКны жетектеп турган Мурат Суталиновду 2 жылдай таппай жүрүштү. Анан кечээ жакында өзү келсе, болгондо да дал ошол Апрель окуясы каралып жаткан сот залына кирип барса, "отур, сенин ордуң түрмөдө" дегендин ордуна жылуу-жумшак үй камагына чыгарып койгонубузга жол болсун. Анда-санда Кыргызстанга салам айтып коюп чет жерде жүргөн айыпкерлерди түрмөгө айдап кирүүнүн амалын деле тапчудай эмеспиз.
КАЗА БОЛГОНДОР 87 ЭМЕС, 100дөн АШТЫ
Октун айынан жакынын жоготкондорго өкмөт былтыр үй салып, батирлердин ачкычын тапшырып жардам берген. Бул да болсо көмөк. Бирок материалдык жардам октун жаракатын биротоло айыктыра албасын убакыт өзү көрсөттү. Күн өткөн сайын ооруканаларда жатып каза тапкан Апрель курмандыктарынын саны өсүп, алар 103кө жеткени маалым болуп отурат. Ден соолуктан кол жууп, оор абалда жаткандар канча? Алардын бири – 22 жаштагы Максат Чегирткеев. Учурда оор абалда Улуттук госпиталда жатат. Салмагы 60 килограммдан 43кө чейин түшүп, жашоо үчүн жан талашууда.
АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА КАЧАН ЧЕКИТ КОЮЛАТ?
Президент Алмазбек Атамбаев 6-апрель күнү оппозиция лидерлери менен камалгандардын катарында эле. Тагдыр минтип аны эл башына алып келди. Өз сөзүндө бул каргашалуу окуяны аягына чыгара тургандыгын дайыма баса белгилейт. Соттук иштердин качан, кантип аяктап, чыныгы күнөөлүүлөр жазаланып, бүгүнкү заманды орнотууга умтулуп жан берген азаматтардын арбагы тынчтанчу күндүн качан келерин эч ким билбейт. Ошол окуянын шарапаты менен бүгүн "кресло кучактап" отурган аткаминер, кыйындар Апрель революциясынын максатын ишке ашырууну адамдык эң ыйык милдет катары караганда келер, балким...
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 7-апрелде кыргыздын жигиттери кан жутуп жыгылып жаткан маалда УКМКнын абагында отурушканы бештен белгилүү. Биз азыркы учурда "эл үчүн!" деп көкүрөк каккылап жаткан кээ бир саясатчыларга кайрылып, суроо узатып көрдүк...
2010-ЖЫЛДЫН 7-АПРЕЛИНДЕ АК ҮЙДҮН АЛДЫНДА КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ КАН ЖУТУП ЖЫГЫЛЫП ЖАТКАНДА СИЗ КАЙДА ЭЛЕҢИЗ?
Камчыбек Ташиев, ЖКнын депутаты:
– Чынында, 2010-жылдагы 7-апрель окуясы өтө күтүүсүз болгондуктан, муну эч ким билген эмес. Жеке мен деле кандуу каргаша болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Себеби, өзүңүздөр жакшы билесиздер, мен ал учурда бийликте эмес болчумун жана менде ал учурдагы кырдаал тууралуу көп маалымат жок эле. Ошол күнү мен Жалал-Абадда атамдын үйүндө болгонмун. Ак үй талкаланып, бир катар жигиттердин окко учканын тааныштардан, массалык маалымат каражаттарынан уккам.
Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери:
– Мен ушул суроого 2 жылдан бери жооп бере берип чарчадым го... Мындай, конкреттүү, Кыргызстандын келечеги тууралуу суроолоруңар болсо, жооп берүүгө даярмын. Анан "кайда элеңиз?", "эмне тамак жегенсиз?", "эмне кийип жүрдүңүз эле?" деген сыяктуу суроолордон көтөрүлөлүчү?! Кайда болмок элем, Бишкекте жашаган соң Бишкекте болом да. Мындай суроолорду ырчы-чоорчуларга берсеңер жарашат (шайлоолор жакындаганда суроо тандабай-этпей эле жооп берчү Адахан мырза бул жолу ушинтип күпүлдөдү)!
Алтынбек Сулайманов, ЖКнын депутаты:
– Мен анда депутат эмес белем, 7-апрель күнү Бишкекте эле болчумун. Кызыгы, ага чейин 21-мартта Оштун ипподромунда көк бөрү уюштурулмак. Бирок мен 20-март күнү аттан жыгылып бутумду сындырып алып, Ошко бара албай калгам. Ошонун айынан 7-апрель күнү үйдө гипсте жатып калгам.
PS: Ушул эле суроону Жогорку Кеңештин депутаттары Ахматбек Келдибековго, Нариман Түлеевге жана Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго узаттык. "Эл үчүн кызмат кылам" деп трибуналардан кайра-кайра айтуудан тажабаган бул адамдар суроого жооп бергилери келген жок.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg