НУРЖАМАЛ БАЙБОЛОВА: «Саясатка аралашканым үйбүлөмө, бизнеске зыянын тийгизди»

“Саясаттан катуу ирээнжидим”

Куттуу төрүбүзгө кош келипсиз, эже. Акыркы күндөрү коомчулукка көрүнбөй кеттиңиз, бул сиздин саясаттан биротоло кеткениңизби?
– Биротоло кеттим же кайрылып келем деп азыр так айта албайм. Саясаттан Кубат Калбекович экөөбүз ЖКга депутаттык шайлоолордон кийин кетпедикпи. Ошол учурда Кубат Калбековичти партиялык тизмеден чыгарыш үчүн чоң аткаминерлер миллиондогон долларларды сунуш кылып, соодалашкан. Катарлаш жакын жүргөн адамдар тагдыр чечилчү кыйчалыш учурларда сатып, же далыңдан бычак сайышы мүмкүн экен. “Саясаттан кетебиз” деген жарыяга эң негизги эле себеп ушул болду.
– Азыр эмне иш менен алексиз?
– Балдарымдын Алматыда жашап жаткандарына 4 жыл болду. Азыр Алматыда балдар, бул жакта бизнес болуп эки ортодо чапкылап эле жүрөм.
– Канча балаңыз бар?
– 2 уул, 4 кызым, 5 неберем бар.

“КГБда иштеп жүрүп таанышканбыз”

– Адатта “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деп койчу эле. Бир үйбүлөдө эки саясатчы артыкбаш кылбас бекен?
– Бул ак сөз. Бирок Кубат Калбекович экөөбүздүкү бир аз башкачараак го дейм. Биз, орусча айтканда соратниктербиз. Андыктан бир казанда кайнабайт эмес, тетирисинче бири-бирибизди колдоп, кемтигибизди толуктап турабыз.
– Эл Кубатбек мырза экөөңөрдү КГБда иштеп жүрүп таанышышкан экен деп айтышат...
– Ооба, экөөбүз КГБда иштеп жүргөндө таанышканбыз.
– Эркектерге го макул, бирок кыз болуп туруп сиз кандайча КГБда иштеп калдыңыз эле?
– Мен өзүм Университеттин инфагында, немис тилин окугам. Ал кезде КГБга студенттердин арасынан алдыңкыларын тандап, жети атасына жеткире изилдеп текшеришкенден кийин жумушка чакырышчу. Мен да окуп жүрөгүнүмдө бир келип, сүйлөшүп кетишкен. 1985-жылы КГБга жумушка чакырышты. Ал кезде мен 22 гана жашта элем. Ишке чыкканыма 2 күн болгондо тил кат жаздырууга кадрлар бөлүмүнө чакырышкан экен. Кубат байкеңерди ошол бөлүмгө баратып коридордон көргөм.

– Ошондо эле тааныштыңызбы?
– Оо, бир топтон кийин. Иштегениме 3 жыл болуп калганда таанышканбыз. Кийин 1990-жылы баш коштук. Бул экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз болду. Жакшылап тааныша келгенде экөөбүздө көп окшоштуктар бар экенин билип таң калганбыз. Мен Москва районунан, ал эми Кубат байкеңер Аламүдүн районунан болот. Бирок экөөбүз тең Чоң-Арык айылынанбыз. Экөөбүз тең Школьная деген көчөдө жашайт экенбиз. Ошондон кийин күлүп айтып калчу элек, жанагы “Ирония судьбы” деген кино биз тууралуу тартылган деп.

“Карьера мени тандап келет”

– Жашооңузда карьера же үйбүлө деген тандоого такалган учур болду беле?
– Анчалык оор тандоого туш болгон деле эмес экенмин. КГБда кадимки эле жумуш. Кийин балдар менен үйдө отуруп калдым. Анан бизнес баштап, баш-отум менен бизнеске кирип кеттим. Депутаттык шайлоолордо Кубат Калбековичтин коомдук жардамчысы болуп жүрүп шаардык бийлик тарабынан жасалган көп мыйзам бузууларга, адилетсиздиктерге күбө болдум. Дал ушул нерсе саясатка, коомдук иштерге аралашуума түрткү болду. Азыр ойлоп көрсөм, мен карьераны тандабай эле карьера мени тандап келиптир.
– Саясатка аралашканыңызга өкүнбөйсүзбү?
– Эгер үйбүлөлүү аял катары алып карасам, өкүнөм. Анткени менин саясатка аралашканым үйбүлөгө да, бизнеске да бир топ зыян алып келди. Ал эми башкалаа үчүн депутаттар менен чогуу жасаган иштерибизди ойлосом ыраазы болуп кетем. Мен төрайым болуп турган эки жарым жыл ичинде башкалаада шаардык кеңеш толук кандуу иштеди, ага шаардыктардын баары эле күбө болду го.
–Кандайдыр коркутуп-үркүтүүлөр, же кысымга алуулар болдубу?
– Толгон токой текшерүүлөр табигый эле нерсе болуп калбадыбы. Жалаң коркутуп-үркүтүүлөрдүн айынан балдарым 4 жылдан бери Казакстанда жашап, окуп жатышат.Негизи, балдардын коопсуздугун ойлоп Алматыга жайгаштырдык. Нурсултан Назарбаевдин фондунун алдында уюшулган окутуу программасы боюнча өтө жакшы мектеп бар. Балдарым ошол мектепте окуп жатышат. Жалаң англис тилинде окушат. Бизде дагы ошондой мектептер ачылса жакшы болот эле.
– Жаңыдан баш кошкондорго кашык-вилка топтомун белекке бербейт дейт. Ушундай ырымдарга ишенесизби?
– Мен дегеле ырым-жырым­дарга ишенбеген адаммын. Кээде тууган-туушканга ит берип калсак ырымдап тыйын-тыпыр алганым эле болбосо, көрүнгөн ырымды жасай бербейм.

“Биринчи үйлүү болгонумда...”

– Батирде жашагансыздарбы? Качан үйлүү болдуңар эле?
– Батирден батирге көчүп жүргөн күндөрдү эстесем азыр да жүрөгүм зырылдап кетет. Кээде күлүп калам “Бишкекте мен жашабаган район деле калбаптыр” деп. Биринчи жолу үйлүү болгон күнүм азыркыга чейин эсимде. КГБдан бир бөлмөлүү үй “Восток-5” кичирайонунан берилген. Азыр айтам, 32-үй, 72-квартира болчу. Ал эмес телефон номуру да эсимде. Кубат Калбекович экөөбүз түтүн булаткандагы биринчи үйүбүз ошол болду.
– Конок тосконду жактырасызбы, же конокко баргандыбы?
– Чынын айтсам экөөнү тең жактырбайм. Бир жакка конокко барсак да бир аз олтуруп, анан балдарды көздөй жөнөп калабыз. Аш-тойду көңүлүм сүйбөйт.
– Мектепке балдардын ата-энелер чогулушуна ким барчу?
– Илгери көпчүлүк учурда мен барчумун. Анткени Кубат Калбекович коомдук иштер менен алек болчу. Азыр эми кимибиз Алматыда болуп калсак, ошонубуз бара беребиз.

“Балам жактырып турса кантем?”

– Уулдарыңыз улуту, дини буруу элден келинчек алам десе макул болосузбу?
– Билесизби, дал ушул нерсе азыр биздин башыбыздан өтүүдө. Мен өзүм интернационалистмин. Бирок турмуштан көптү көрсөң, ошол турмуштук тажрыйбаңа карап да көз карашың өзгөрөт экен. Башка улуттан аял алып, жакшынакай эле жашап жүрүп аягы келип кайра эле кыргыздын кызына үйлөнгөн көптөгөн эр-азаматтарыбызды көрдүм. Заманбап жашоо дегенибиз менен биздин элге гана тиешелүү мыйзамдар, салт-санаа деген бар. Жашоодо аны аттап өтө албайт экенбиз.

Улуу балам азыр 26 жашта. Ал дал ушул маселени чече албай жүрөт. “Жок, андайга үйлөнбөйсүң!” деп такыр эле каршы чыкпайм дечи. Балаңдын жүрөгү жактырып турса кантесиң. Ошентсе да көргөн, билгенимди айтып кеңеш берип, туура багытка салганга аракет кылам.
– Айтып отурсаңыз бактылуу бүлөнүн кожейкеси экенсиз. Ылайым ушул үйбүлө очогуңуз урабасын, эже. Ишиңизде ийгилик болсун!

Кыскасын айтканда...

  • Үйбүлөдө үч баланын экинчиси.
  • Туулган жылы – 1963-жыл, 25-май.
  • Бүлөсүндөгү сыйлуу тамак – куурулган балык.
  • Жолдошунун тоо ураса да былк дебеген токтоолугу, бир мүнөздүгү, эч качан көз карашын өзгөртпөгөндүгү жагат.
  • Кийимден классикалык жана спорттук стилдерди жактырат. Ошондой эле “Эскаданын” кийимдерин көп киет.
  • Жашылчалардан жасалчу шорпону катыра бышырат.
  • Отуруштарда такыр ырдабайт. Өзү үчүн да, жубайы үчүн да жолдошу ырдайт.
  • Рулга отурганына 16 жыл болду. Айдоочусуз жүрөт.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан