Алмазбек Раимкулов: «АССОЛДУ ТАНДАП, МЕН АДАШКАН ЖОКМУН»
Атактуу мушкер Алмазбек Раимкулов менен элибиздин таанымал кыздарынын бири Ассоль Молдокматова расмий түрдө баш кошушту. Бул кубанычы менен куттуктап, кыскача маек куруу үчүн мушкерге байланышка чыктык.
– Саламатсызбы, Алмаз мырза, куш бооңуз бек болсун! Тоюңуздар тууралуу кеп салсаңыз...
– Чоң рахмат. Ооба, 25-мартта Ассоль экөөбүз түбөлүккө кол кармаштык. Мусулман болгон соң алгач никебизди кыйдырдык, андан соң Лас-Вегаска барып ЗАГСка турдук. Буюрса, күзгө жакын Кыргызстанга барып да той берсек деген оюбуз бар.
– Жакындан таанышып, бири- бириңиздерди толук билүүгө канча убакыт кетти?
– Мен ажырашкандан кийин эле Ассоль менен сүйлөшүп жүрдүм. Ошондо бир жылдан ашык убакыт болуп калат го.
– Үйлөнөлү деген сунушту киргизүү кыйынга турган жокпу?
– Албетте, арзыган адамың болгон соң толкундануу болот да. Алгач колуна бриллиант таштар менен кооздолгон билерик тагып, андан соң гана шакекти алып чыгып, мексикалык ырчыларды чакыргам, серенаданын коштоосунда "сен менин жубайым болушуң керек. Экөөбүз бири-бирибиз үчүн жаралган жандарбыз. Макул болсоң баш кошолу?.." дедим. Ассоль эки күн ойлонгон соң мага "ооба" деген жообун берди.
– Ата-энеңиз кандай кабыл алышты?
– Алар абдан кубанып жатышат. Экөөнүн тең жүздөрүндө жылмаюу пайда болду. Ассоль ыймандуу, татынакай келин. Менин эркектик сөзүмдү эки кылбаган аялды мен алаканыма салып көтөрүп жүрүүгө даярмын. Жашообуз сонун башталды, аягына чейин ушундай болот деп ишенем. Ассолду тандап, мен адашкан жокмун. Чынын айтсам, ажырашкандан кийин көп эле кыздар менен тааныштым. Алардын арасында мени сыйлаган күйөрмандарым да бар болчу. Бирок мен жаш кыздардан корктум, чындыгында. Турмуш деген оңой эмес, бүгүн башканы, эртең таптакыр башканы сүйлөп отурса жаман да. А Ассолго болсо, мен ажырашкандан баштап эле көзүм түшкөн.
– Мурунку жубайыңыз Динара эмне деп жатат?
– Ажырашкандан кийин бүттү да, эмне демек эле? Өткөн-кеткенди эстегим да келбейт. Бир гана билгеним, менин Динара менен балдарым бар. Аларды мен чексиз жакшы көрөм. Татыктуу, камкор ата болуу – менин милдетим.
– Эми мындан ары кайда жашайсыздар?
– Экөөбүз тең эле элдин намысын коргоп, эл деп жүргөн адамдарбыз. Бирок өз элиң сени жамандап жатса, андан өткөн жагымсыз нерсе барбы? Эми көрө жатарбыз. Бул жаатта өзүбүз сүйлөшүп жатабыз, бирок чечим чыгара элекпиз. Кайда болсок да балдарыбыз менен бактылуу өмүр сүрсөк экен, дагы да көп балалуу болуп дегендей.
– Бактылуу болуңуздар, маегиңизге рахмат.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (125)
Ашыкча мактанып жатасызго! Сизге окшогондорду угуп эле журбойбузбу? Ажырашкандан кийин аркасынан жакшына эле соз айтып койсо болбойбу? Адам баласы коргон жакшылыктарды да унуттат да же аялы эч жакшы нерсе кылбаган бекен! Аман болсонор дагы коро жатаарбыз!!!
Бироонун куноосун айыбын ачуу бул чон куноо, озунорду ойлогула. А булардын баш кошуусу кудайдын айтканы бактылуу болсун. Балдары болсо убагы келегнде тушунот, негизгиси балдарын унтбаса эле болду.
Менимче булар эч кандай суйуусуз,бири-биринин атак-данкына кызыгышып эле баш кошушкандай сезим калтырат...
Менимче булар бири-биринин атак-данкына эле кызыгышып уйлонуп алышкандай сезим калтырат...Эмнеси болсо да бактылуу болушсун!
мага жаккан жок, эркек намысы кайда ?? бир аял деп , бр уйбуло бузулуп кетти. Нике деп коет, никени баары эле окутат да, мусулман болсо балдарын , аялын таштамак беле ?? таштап кетиш учун да себеп болуш керек, суйуп калганы себеп эмес. Убакыт корсотот.
жакшы корбой жабышып кал !
Бул Ассолдун бир планы болуш керек. Алмазга гражданство алыш учун эле тийди го деп ойлойм,алып алгандан кийин Алмазды иди на....... дебесе эле болду. Эмнеси болсо дагы аман болгула!
Ассоль жылдыздуу айым, Алмаз мырза мужик! Бактылуу болгула, Ассоль айым Алдмаз мырзанын тилин таап, бактылуу үй-бүлөнүн ээси болушат деген ишеним чоң! Бакыт каалайм!
Балдардын ырыскысы озундо,ал эми атактуулар арасында мындай нерселер биз учун жанылык деле эмес, адашат, табышат,жарашат, аягында жыргап куунап жашап калышат, просто жомок.
Бактылуу болгула! пенденин оозунда кудайдын кулагында дейт ар кандай сындарды жазгандан корксонор боло беш кол тен эмес..
dostor deginkisin aytkanda biz kirgizdar bironu ele sindatip koyso sin pikir aytkanga kiyinbiz,alardin jashoo turmushu da jashoodo kanday nerseler bolbot ani adam ozu kana kotoro bilish kerek dep oyloym .ar bir nersenin oz ubaktisi kelgende adamzat tushunot emespi,bul jerde tura kildi tura emestigin aytip kajeti jok,jon gana iygilik dep ele koyoluchu.
Ассоль кечке эле боксерлор менен жашап тажаган жоксунбу ???
эмне ележабышып еле балдары убалы деп. 5 баласы менен деле ажырашып журушпойбу. значит так им удобно. кандай гана болбосо бул жашоо.
kandai bolbosun baktyluu bolushsun,kaisyl din degen suroo tuura emes,ar bir adam Kudai dep jashap kelet,eng negizgisi baldaryn jakshy karap karmashkan koldoru emi uzulbosun.