Жакында эле Түркияда өткөрүлгөн “Түрксой” фестивалына Кыргызстандын атынан “Акак” ансамблинин солисти Гүлшан Таалайбекова, фольклор ырчысы Гүлира Касымкулова жана Каныкей барып келишти. 15 улуттун өкүлү катышкан бул фестивалга кыздар өнөрлөрүн тартуулап, көп идеяларды ала келишиптир. Кызыгы, башка өлкөлөрдөн топ-тобу менен колдоп барышса, бизден үч эле кыз болуп, желегибизди көтөргөнгө жигит жок, казак жигити алып жүрүптүр туубузду.
Быйыл Ноорузга карата өткөрүлгөн бул фестивалдын чакыруу баракчаларына жана катышуучуларга берген дипломдорго кайсы сулуунун сүрөтү коюлуптур дебейсизби? Биздин Элина Абай кызынын. Эмне, түрктөрдө сулуу кыздар жок бекен? Бар деңизчи, бирок боордоштор кыргыздын маралдай керилген ак маңдай сулуусун кыя өтө алышпаган сыяктуу. Түрктөрдүн Элинанын сүрөтүн ушундай абройлуу иштин жүзү катары колдонушканы бизге сыймык жаратты. Жигиттер, биздин сулуулар ааламды багынтарына ишене бергиле.