Куудул айым Назира Жетигенованын тамашалап айтканы бар эле, “биринчи кызымды күйөөгө берем, анан өзүм тием” деп. Анын сөзүнө периштелер “оомийин” деп бата берип коюшкан окшойт, күркүрөгөн күздө турмушка чыгарын кабарлады. Ал: “Жигитим ким, кайсы жердин кулуну экенин айтпай турайын. Кокусунан бир нерсе болуп кетсе, калайыкка “облом” болуп калам. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жылдын жүзү болду. Ушул жылы, 14-февраль – Арзышкандар күнүндө турмушка чыгуу туурасында сунушун киргизди. Албетте, мен макул болдум”,- дейт кулакты сүйүнтүп. Эмне демекпиз, Назира айым барган жеринен бактысын тапсын.