Ырчы Данияр Эрматов азыр модага айланган ырчы-продюсер чырларынан коркпой, Канат Кадыржан менен иштеше баштаптыр. 3 ай сындан өтүп, эми келишимдин негизинде чогуу иш алып барганга киришиптир экөө. “Чү” дегенде эле Даниярдын имиджин өзгөртүүгө белсенгенин, жакында “Күткөн жүрөк” ырына клип тартканы жатышканын кабарлады продюсери Канат Кадыржан.