“Дем” театрынын актёру Эркин Эгембердиев “милиция кызматкерлери мага тийишишти” деп капа. “2-апрелде сүйлөшкөн кызым менен кафеде отурсам, жаныбызда отурган мас балдар себепсиз эле мага асылып киришти. Кийин билсем, алардын баары милицияда иштеген балдар экен. “Супер-Инфонун” “Тамаша торуна” чыкпадым беле, ошондо “торпок” деген жери бар го. Ошону көрүп алышкан экен, торпок деп да тийишишти. Мушташып кеттик. Минтип өнөр адамдарына тийишкенден эмне табышат? Аябай жаман болдум. Тартип сакчылары өзүлөрү биринчи болуп тартипти сактап жүрүшсө...”- деп кейиди.