"Канаттын али жашай элек жашы, аткарыла элек тилеги, кана элек жашоо кумары бар эле..."- дешет анын жакындары. Кыргыздын бир жигити, бир үйдү бага турган уул чек арада 23 жашында киши колдуу болуп каза болду...
ОЮНЧУК ЭМЕС, БУЛ ЧЕК АРА
Жапжаш жигит тынчтык учурунда сырткы душмандын колунан эмес, өз замандашынын колунан, болгондо да бир канча кап көмүрдүн айынан каза болуп калганы өкүнүчтүү. Апасы Жылдыз эже жана жакын таанышы Динара эженин айтуусунда, кайгылуу окуя мындай болгон.
12-февраль күнү түш чендерде Баткен облусунун Самаркандектеги чек ара тозотунан чек арачылар көмүр жүктөп бара жаткан машинаны токтотушат. Тажикстан Республикасынын Согди дубанына караштуу Чорку айылынын тургуну Умаржан Каримов өзүнө таандык унаага Акылбек Калбаевдин шахтасынан чыккан көмүрдү жүктөп, Паскы-Арык айылынан Чорку айылына өтүп бара жаткан экен. Айдоочунун тиешелүү документтерин талап кылышкан учурда Акылбек Калбаев машинадан түшүп, нөөмөттө турган чек арачылардан жөн гана өткөрүп жиберүүнү талап кылат. Бирок чек арачылар тартипти бузбай, Калбаевди өткөрбөй коюшат. Айылдаштык күчтүүлүк кылып кеткенби, Калбаевдин чакыруусу менен ал жерге ошол айылдык бир топ адамдар чогулуп, чек арачыларды коркутуп-үркүтө башташат. Кысымга туруштук бере албай алар кошумча күч чакырышат. Ошол учурда ыкчам топту баштаган командирдин орун басары Канат Дүйшөналиев келип калат (Канаттын жакындарынын айтуусунда, Акылбек Салижановдун куралын Канат келгенче тартып алган. Ал эми командир Акжол, Салижановдордун айтуусунда, Канат келгенден кийин курал тартылып алынган). Акылбек Калбаев күзөт жетекчиси Муратбек Салижановдун куралын колунан күч менен жулуп алып, алгач асманга эки жолу атат. Үчүнчү огу Канатка багытталат. Ок Канаттын көкүрөгүнө тийип, ооруканага жетпей ошол жерден каза болгон.
«БРАТ, МЕНИ АТЫП КЕТИШТИ»
Баарынан да уулду төрөп, ушул даражага жеткирип, андан айрылып калган ата-эненин кайгысынан оор нерсе болбосо керек. Жылдыз эже уулу тууралуу төмөнкүлөрдү айтат:
– Канат кичинесинен эле аскер кызматкери болом дечү. Күйүмдүү, боорукер эле. Кимге болсо да жардам бергиси келип турчу.
– Акыркы жолу качан көрдүңүз эле?
– Ошол окуя болордон мурун ал эс алууга чыгып үйгө келген. Бир ай жүргөндөн кийин кеткен болчу. Мурункудай эле жадырап-жайнап жүрдү үйдө. Кеткенден кийин "мама, мен жеттим" деп телефон чалган. Анан эле ушул окуя болуп кетти.
– Окуяны өз көзү менен көргөндөрдөн уга алдыңызбы?
– Чек арачылардын бири ошол учурда телефонунун диктофонун күйгүзүп койгон экен. Аны уккандан кийин жаман кыйналдым. Ызы-чуу болуп жаткан аялдар, эркектер, анан эле эки-үч жолу атылган мылтыктын үнү... Уккан сайын жүрөгүм селт этет. Көрбөсөм да ошол жердеги нерсени кулагым менен угуп жаттым. Ал жерде энелер, аялдар жүргөн экен. Ошолорго наалат айтам. Болбогон акча үчүн ызы-чуу салбаганда, минтип бейкүнөө кан төгүлбөйт эле. Канаттын казасына командир Акжол деген жигит келип кетти. Ал: "Канат менден 1 метрдей алыстыкта элди тынчтыкка чакырып турган. Анан мылтыктын үнү чыгып, Канат кулап түштү. Өзү да аябай тамашакөй бала болгондуктан, тамашалап эле жатып калды деп ойлогом алгач",- деп айтып берди. Уулум көзүн ачып, командирге "брат, мени атып кетишти" дегенге үлгүргөн экен. Ошентип үзүлүп кетиптир.
– Уулуңузга ок аткан Акылбек азыр камакта экен...
– Мен кылмышкерлер өз жазасын алышын каалайм. Акчасына дөгүрсүгөн немелер үчүн уулумду жоготуп алдым. Күйгөнүм, мылтыгын тарттырып жиберген Салижанов азыр кызматында. Табелдик куралды тарттырып жибергени үчүн ал жоопко тартылышы керек эле. Мыйзам боюнча, курал тарттырмак тургай күбөлүгүн жоготкон аскерлер жоопко тартылышат. Угушума караганда, учурда "Акылбек психикалык жактан жабыр тартат" деген шылтоо менен айыбын жеңилдеткени жатышат.Көптөгөн ММКларда "Канат өз мылтыгын тарттырып жиберген" деген туура эмес маалыматтар кетти. Ок Салижановдун куралы менен атылгандыгын Баткен ОИИБинин башчысы Алимбеков да тастыктаган.
КУРАЛ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕН ҮЧҮН ЖАЗА КОЛДОНУЛАБЫ?
Бул иште маанилүү орду бар Муратбек Салижанов менен байланышка чыктык:
– Окуяны билесиздер да, мен көзүм менен көргөн нерсени айтайын. Эл чогула баштаганда эле биз кошумча күч чакырдык. Канат элге "тынчтангыла" деп кыйкырып жаткан. Ошол учурда Анипа деген аял Канаттын автоматына жулунуп, "чек арачылардын автоматтарын тартып алгыла" деп кыйкыра баштады. Отряд арткы жакта, мен жинденген элдин арасында калдым. Акылбек деген адам менин куралымды тартып алганга аракет кылып жатты. Колумду таш менен уруп жибергенде куралым колумдан бошоп кетти. Көзүм караңгылап баратканда өзүм жакка чуркап барып "автоматтарды тартып алды" дедим. Ошол учурда Канатка ок жаңылды.
– Куралды тарттырып жибергениңиз үчүн жаза колдонулабы?
– Анысын билбейт экенмин, азыр аскердик прокуратурада иш тергелип жатат. Окуяга күбө болгон командир Акжол Жусумамытов буларды айтат:
– Биз чек аралык устав менен иштейбиз. Уставда "куралын тарттырып жиберген аскерге жаза колдонулсун" деген пункт жок. Ошондуктан азыр Салижанов өз ордунда иштеп жатат. КРнын УКМКнын Чек ара аскерлигинин кол башчысынын орун басары, полковник Раимберди Дүйшембиев бул окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: – Мыйзам боюнча, аскер адамы колунан куралын тарттырып жибергени үчүн жаза алабы? – Мындай учурда шартка карап баа бериш керек. Салижанов 7-8 адамдын ортосунда калган. Куралын күч менен жулуп жаткан адамга, негизи, чек арачы ок чыгарышы керек эле, бирок ал жерде жаш балдар жана аялдар болгондуктан, Салижанов ок чыгарганга барган эмес. Азыр иш аскер прокуратурасында каралып жатат жана өз баасын берет. – Ок аткан Акылбек аттуу жарандын кылмыш иши кандай жүрүп жатат?
– Чек арачыны өлтүрүп коюп эле оңой кутулуп кетпейт. Азыр иш козголуп, тергелип жатат. Аскер прокуратурасы Баткен облустук прокуратурасына өткөрүп берген ишти. Ал иш чечилгенден кийин Салижанов мылтыгын тарттырып жибергени тууралуу сөз болот. Күнөөлүүлөр, албетте, жооп беришет.
– Мурда дагы чек арада каза болгон жигиттердин өлүмү ушуга чейин иликтенбей келет дешет...
– Ал сөздөр фактылар менен айтылышы керек. Иш ушундай, окурман. Кантсе да Канаттын өлүмүнө күнөөлүү адамдар өз жазасын алат деп үмүттөнөбүз. Ал эми бул ыр саптары Канаттын элесине багышталат: Айрылган ботосунан, Каймалдай эне боздоп. Зыркырап бүт тамыры, Атасы уулун жоктоп. Ишенип, ишене албай, Айлана аны коштоп. Чырактай жапжаш өмүр, Капыстан калды токтоп. Азадан, кайгы-муңдан, Кара жер турду онтоп...
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg