ЧЫНДЫК КАЙ ТАРАПТА?

Январь айында түрмөлөрдө болгон ызы-чуудан бери Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковдун тегерегинде сөз тынчый элек. Анын ишин иликтеп чыккан парламенттик комиссиянын жыйынтыгынан кийин көпчүлүк депутаттар Байзаковду кызматтан алуу сунушу менен өкмөткө да кайрылышкан. Экинчи тарап болсо, Байзаковдун чыныгы реформатор экендигин, ал жетекчи болуп келгенден бери түрмө чөйрөсү, андагы тартип оңолуу жолуна түшкөнүн айтышып чуу түшүүдө.

«АБАКТАРДА МЫЙЗАМДУУЛУК ОРНОЙ БАШТАГАН»

Шейшенбек Байзаковду колдоого алгандардын бири «Честь имею» аттуу запастагы аскер адамдарынын коомдук бирикмесинин мүчөсү, запастагы подполковник Усен Полотов мырза буларды айтат:
– Башкасын айтпайлы, абактарда кадимкидей расмий мыйзамдуулук орноп, өкүм сүрүп жаткан учурда түшүнбөстүктөн же жеке кызыкчылыгын гана ойлогон айрым адамдар каршылыгын көрсөтүп жатканы өкүнүчтүү. Шейшенбек Байзаков көтөргөн бир катар демилгелердин демин кайтарган кадамдарга барып жатышканы жанды кейитет. Мисалга алсак, Байзаков Ысык-Көлдөгү №50-тергөө изоляторунун негизинде жаза аткаруу тутумун түзүү, Ош шаарында имараты ижарага алынган №41-жатак абагын жаап салуу демилгелерин көтөргөн. Байзаков маалында түрмөлөрдөгү “общяк” деген нерсе жоголду (Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, мурун ар ай сайын түрмөдө отургандардан кримдүйнөнүн капчыгына 180 миң доллар түшүп турган). Буга чейин каалаганда ачылып, жабылып турган камералардын эшиги толугу менен буулуп, түрмө ичиндеги баш аламандык, зордук-зомбулук азайды. Мунун баарын өкмөт дагы колдоп, токтом чыгарган.
– Сиз ал киши менен чогуу иштешип калдыңыз беле?
– Мен Шейшенбек Байзаковдун кол алдында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы учурунда 3 айдай иштешип калдым. Тагыраак айтсам, ал жетектеген оперативдүү топтун видеооператору болчумун. Ишин тыкан аткарган, талапты кол алдындагыларга акыйкаттуулук менен койгон адам экенин ошондо эле билгем. Өз кызматын абдан баалаган оперативдүү топтун башчысы чынында көптөгөн кесиптештеримдин купулуна толчу.
– Демек, ага тагылып жаткан айыптар куру жалаа дейсизби?
– Ооба, түрмөлөрдөгү абалды астейдил өзгөртүүгө киришкен бул генералды кызматтан кетирүү кимдир бирөөлөргө керек окшобойбу. Анын кызматтан алынышына Жогорку Кеңештин депутаттары Токон Мамытов, Тынчтык Шайназаров, Туратбек Мадылбеков жана ал жетекчи болуп келгенден кийин кызматтан алынгандар кызыкдар болгонун Байзаков деле айтып жатпайбы. Токон Мамытов анын ордун күйөө баласына алып бергиси келгендигин, Шайназаров болсо атасын 2 жолу камаганы үчүн кегин алгысы келип жатканын, Мадылбеков эмне себептен каршы болуп жатканы түшүнүксүз экенин Байзаков мырза өзү деле айтты го.

Ушундай жооптордон кийин Жогорку Кеңештеги аталган үч депутатка кайрылдык.

– Токон мырза, чын эле күйөө балаңызды Байзаковдун бошогон ордуна дайындоо тууралуу сөз болду беле?
– Кептин чыны, Байзаков мурдун тарта албай жүргөндө менин күйөө балам район, облустук деңгээлде иштечү, министрдин орун басары болуп. Бул кишинин ушундай бир адаты бар, адамгерчиликке, тууган-урукка асылганды жакшы көрөт. Айласы кеткенде таап чыккан сөзү бул. Мен өткөн жылы эле Шамиль Атахановдун иш бөлмөсүндө отуруп: «Шамиль Есенжанович, бул киши интригант, эртең «менин ордумду күйөө баласына алып бергени жатат» деп айтып чыгышы деле мүмкүн. Күйөө баламды эч жерге жетекчи кылбай, тескерисинче, жумуштан бошотуп бериңиз»,- деп өзүм сурангам. Муну Байзаковдун көзүнчө айткам. Мына, ошондой болду. Күйөө балам жумуштан алынган, азыр бош, эч жерде иштебейт. Анан кантип анын ордуна барып директор болуп калсын?

– Туратбек мырза, Байзаковдун кызматтан кетишин талап кылышыңыздын башка бир себеби барбы?
– Мен депутат катары өз ишимди аткарып жатам. Парламенттик комиссия түзүлгөндө «сенин адистигиң ушул тармакка жакын» дешип депутаттык комиссияга төрага кылып дайындашты.
Же эмне, «Байзаков менен чогуу иштешкем, досум болот» деп баш тартышым керек беле? Текшерсек, түрмөдө ал тарабынан бир дагы жумуш аткарылган эмес болуп чыкты. Буга чейинки коррупциялык системаны пайдаланып келген. Эсептөө палатасы 15 миллионго жакын акчаны кайда жумшаганы белгисиз экенин айтып чыкты. Эми бул кишинин кыялы ошондой, кай жерге барбасын чабышып жүргөнү жүргөн. Эртеби-кечпи, кетирген катачылыктарына жооп берет.


Ал эми Тынчтык Шайназаровго кайрылып "сиздин атаңызды Байзаковдун 2 жолу камаганы чынбы? " деген суроого жооп алалы десек, ишинин көптүгүнө шылтап жооп берүүдөн баш тартты.


КЫСКАСЫ...

Саясатта көнүмүш, биротоло кулакка сиңип бүткөн «Акыйкат жеңет!» деген ураан бар. Ошону дагы бир жолу кайталоого туура келди. Кимдин ким экенин сот, эч болбой баратса мезгил тастыктап берер.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asboi
2012-04-10 20:02:57
Байзаковдун кетиши-"Черныйлардын" жеңиши дегенди билдирет. Кыкемдер деги аман болгула. Башка сөз жок.
0
mamatkerim
2012-04-11 13:07:12
asboi

Байзаковдун кетиши-"Черныйлардын" жеңиши дегенди билдирет. Кыкемдер деги аман болгула. Башка сөз жок.-мен да ошондой ойдомун
0
Шаиста Шатманова
2012-04-11 19:14:13
mamatkerim, Байзаковду Бабанов жумуштан алды:((
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан