КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН ТАРЫХЫНАН...

Алгачкы кадам

Кыргыз эстрадасынын тарыхы Чоро Кожомжаровдун ысмы менен байланыштуу. 1967-жылы Канадада өткөн “Экспо-67” деген аталыштагы дүйнөлүк көргөзмөгө биринчи жолу Кыргызстандан Карамолдо Орозов атындагы оркестр катышып келет. Ошол жактан келгенден кийин Чоро Кожомжаров биздин улуттук эстрадабыз жок экенине арданып, белгилүү композитор Эркин Урмановдун жардамы менен кыргыз эстрадасынын ансамблин жаратуу жөнүндө ойлой баштайт.

Ошол эле жылы Чоро Кожомжаров филармониянын алдында улуттук эстрада ансамблин чогултат. Ал ансамблде Аскар Тезекбаев аккордеондо, Юрий Черкасов контрабаста, Окен Усубалиев домбрада, Сардарбек Жумалиев менен Белек Эгембердиевдер электр комузунда, Камил Мамасалиев барабанда ойношот. Ошентип, кыргыз музыкасынын жаңы доору башталган. Жаңыдан пайда болгон кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө салым кошкондор Айша Базарбаева, Кеңеш Кожомкулов, Алтынбек Сапаралиев, Анарбек Ибраев, Гүлбүбү Адамалиева, Султан Каримов, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеева жана башкалар болгон.

Айлыктары

Ал учурда ар бир ырчыга мамлекет кадимкидей айлык төлөп берген. Андан тышкары, телевидениеге же радиого интервью берип калганда 3-4 сомдон гонорар алышканы гана болсобо, ырчылардын башка кирешеси болгон эмес.

Ошол учурда деле азыркыдай болуп бардар адамдар артисттерди тоюна чакырып турушкан. Бирок ырчыларга тойлордо ырдоого катуу тыюу салынган. Эгер алардын кайсы бир тойдо ырдап жүргөнү билинип калса, атайы ошол ырчы үчүн чогулуш өткөзүлүп, катуу сөгүш жарыяланчу.

Андан тышкары, ырчыларды милдеттүү түрдө кышкысын кыштоого, жайкысын жайлоого, кыркынга, туутка, куутка деп машина толтура музыкалык аппараттары менен гастролдорго жөнөтүшчү.

Алгачкы клип

Ал кезде “клип” деген түшүнүк такыр жок болгон. 1968-жылы Дооронбек Садырбаев баш болуп кыргызтелефильмдин кинокамералары менен Асанкул Шаршенов оператор болуп, фильм-концерт тартылган. Андан кийинки фильм-концерт азыркы “Хаяттын” ордундагы “Кыргызстан” мейманканасынын тегерегиндеги бакчада жана тепкичтеринде тартылган. Ошондо биринчи жолу Алтынбек Сапаралиевдин аткаруусунда “Кантым бар” деген ырга клип тартылган.

Ырчылардын формалары

Бардык артисттердин формалары филармония тарабынан тиктирилип берилчү. Эскирип калган формаларды убак-убагы менен алмаштырып берип турушкан. Анын үстүнө сөзсүз түрдө аялдар жалаң кыргыз көйнөк кийсе, эркектер кара костюм шым, галстугу менен ак көйнөк кийиши шарт болгон. Парторгдор келип, эркектердин шымын көтөрүп, байпагынын өңү кандай экенин текшерип турушчу. Алардын байпагынын өңү кара, күрөң же көк болуш керек эле.

Музыкалык аспаптар

Алгач ырчылардын музыкалык аспаптар менен иши болгон эмес. Анткени кандай гана аспап болбосун бардык жабдууларды филармониянын камсыздоо бөлүмү даярдап берип турган.

1990-жылдардан кийин гана жеке ырчылар жана топтор чыгып өздөрүн камсыздай башташкан.

Топтор...

70-жылдардын башталышында “Гүлкайыр”, “Ариет”, “Наристе” “Мээрим”, “Толкун”, “Шоола”, 1974-жылы “Досум-Үсөн”, “Кыз-Бурак” эстрадалык ансамблдери түзүлүп, тез убакыттын ичинде эле эл оозуна алынышкан.

1985-жылы Т.Сатылганов атындагы Филармониянын алдында Марат Алыбаевдин жетекчилиги менен “Таазим” деген биринчи эстрадалык тамаша тобу ачылат. Ал топто болгону бир гана ямаха жана эки микрофон болсо да түрлүү-түркүн ырларды жаратууга жетишишкен. Андан кийин Тарас Асанакунов Жаштар театрынын алдында эстрадалык тамаша топ уюштурат. Ал топту учурдун белгилүү ырчылары Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Расул Маматкулов, Алина Жетигенова, Абдумалик Шерматовдор толуктаган.

1996-жылдан тарта Динара Акулованын “Динара” тобу, Айчүрөк Иманалиеванын “Айчүрөк” эстрада театры, Расул Маматкулов, Мерген Турган деген ырчылар өз жолдору менен чыгып, кыргыз элинин жүрөгүнөн орун алууга өтөт. Булар менен удаа эле Бек Борбиев да эстрадага ыктап, популярдуулуктун туу чокусуна жете алды.

Фонограмма

Кыргызстанда эстрада пайда болгондон тартып 1985-жылга чейин ырчылардын бардыгы жалаң жандуу үн менен ырдашчу. Андан кийин кыргыз телевидениесинин көңүл ачуу программаларына үн режиссёру Ваныкин фонограмма жаздыра баштаган. Ырчылар фонограмманы башында телевидение, радио үчүн колдонуп келишсе, бара-бара аудио кассета салынган аппаратураларды отургучтардын алдына катып коюп, концерт учурунда даяр фонограмманы койгонго көнүп калышкан. Ошону менен азыркы күнгө чейин фонограмма өз актуалдуулугун жоготпой келет.

“Кыз-Бурак” тобу тууралуу

Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун алдында “Шоола” деген ат менен жалаң кыздардан турган эстрадалык топ ачылган.

1974-жылы бул топко кыздарды алуу үчүн сынак жарыяланат. Бир солистканын ордуна 40-50дөн кыздар ат салышат. Ошолордун арасынан тандалып отуруп аягында 8 кыз калган. Алардын бири урма аспапта ойногон Гүлшайыр Садыбакасова болчу.

Ал ансамбль Бишкекте алгачкы тушоо кесүү концертин 4 ыр менен аяктоого мажбур болгон. Себеби көрүүчүлөр залга батпай толкуп, сахнага чейин чыгып кетишкен.Төртүнчү ырдан кийин “Шооланын” кыздарын милиция кызматкерлери эки-экиден эшикке көтөрүп чыгууга аргасыз болушкан.

Кийин Гүлшайыр Садыбакасова менен бас гитарада ойногон Салкын Кунанбаева экөө Оштогу педагогикалык окуу жайга мугалим болуп дайындалышат. Ошол жактын жетекчилери тарабынан мурдатан түзүлүп, бутуна тура албай жаткан “Кыз-Бурак” тобун жандандыруу милдети Гүлшайыр эжеге тапшырылган. Ошентип, 6 ай дегенде жалаң кыздардан турган ансамблдин иши оңолуп, тез аранын ичинде атактуу болуп чыга келет.

Союз күчүндө турган кезде Өзбекстандын Фергана шаарында Орто Азия боюнча республикалык топтордун кароо сынагы өтөт. Ал жакка Кыргызстандын атынан “Кыз-Бурак”, Өзбекстандан “Ялла” андан тышкары дагы 4 ансамбль барат. Анда “Ялла” абдан популярдуу болсо да жалпы 13 ансамблдин ичинен “Кыз-Бурак” тобу 1-орунду жеңип алган.

Гүлмира Турманбетова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан