18 жаштагы Тимур Абдижалил уулунун жаратылыш кырсыктарынын алдын алуучу аппаратты ойлоп тапкан эмгегин ОшТУнун бир сынагынан көрүп, таң калып, ишенип-ишене албай калгам. Кийин анын так экенин аныктоо максатында өзүнө кайрылдым.
АЛГАЧКЫ АРАКЕТ
– 10-класста окуп жатканда “XXI кылымдын интеллектуалдары” деген республикалык сынак болгон. Ошого катышам деп алгач коңгуроо жасагам, аны “жер титирөөнү алдын алуучу аппарат” деп атап койгом. Бирок ал жөнөкөй эле коңгуроо болчу. Ошону менен райондук сынакка чакыруу алдым. Райондук сынакка катышып жатканымда калыстардын бирөөсү менден “өрттүн алдын алуучу аппарат жасай аласыңбы?” деп сурап калды. Мен ойлонбой эле ооба дей койдум. Аны жасаш үчүн 3 күн убакыт берди. Кагаздарды колума алып отуруп ар нерсени ойлоп көрдүм, болбойт, жасаган нерсеме канааттанбайм. Жиним келип кагаздардын баарын мыжыгып-мыжыгып өрттөп жибердим. Күйбөй аябай түтөй берди, чаканын үстүнө бүтүн кагазды таштасам, түтүн кагазды көтөрүп салды. Ошондо мага “абанын басымынан түтүндүн басымы жогору экен да” деген ой келди. Мен ошол көрүнүштүн кичинекейин жасап чыктым. Түтөтүп текшергенибизде биз ойлогон өрттөн сактоочу аппарат жасалып чыккан.
“АППАРАТТАН АЖЫРАП КАЛАЙЫН ДЕГЕМ”
– Америкада, Японияда кандай эмгек жасап чыгышпасын, биринчи адам өмүрүн алдыңкы максатка коюшат. Текшерип көрүшөт, эгерде терс таасири көп болсо, аны жасабай ошол жеринде токтотушат. Ал эми пайда жагы көп болсо, анда терс жактарын дагы да азайтууга аракеттенишет. Негизи, дүйнөдө кандай илим изилденбесин, адам өмүрү биринчи орунда. Мен да ошол нерсени эске алгам. Чоң-Алай районунун Нура айылында болгон жер титирөөдө канчалаган мекендештерибиз каза болду, ошондо аябай ичим ачышкан. Менин бул аппаратым жогорку деңгээлде болбосо да, бир айылды же бир үй-бүлөнү сактап калса кубанам. Бул аппаратка ушул убакта эч ким ишенбөөсү мүмкүн. Себеби жөнөкөй эле нерседей көрүнөт. Ушул турушунда азыр бирөөнүн үйүнүн башына коюп койсом, сөзсүз жыйынтык берет. “XXI кылымдын интеллектуалдары” сынагында республикалык деңгээлден өтүп, эл аралык сынакка катышканымда япондор 1,5 миллион сомго сат дешкен. Макул болгон эмесмин. Себеби мен бир үйдүн пайдубалын тургузуп туруп эле сатып жибергендей болуп калмакмын, а пайдубалын япондор улантып кетмек. Эгер сатып жибергенимде япондор мунун үстүнөн патент алып алмак да, кийин мен ал нерсени ойлонгонго да укуктуу болбой калат элем. Жер титирөө 3 баскычтан турат: 1. Негизги чекит. 2. Анын тегерегинде болуучу толкун. 3. 5-6 мүнөт алдына кетүүчү толкун. 3-толкунду жаныбарлар гана сезет. Мына ошол толкунду ушул аппарат сезип, адамдардын алдын ала документтерин алып, балдарын жетелеп чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Канча баллда болорун да жазып туруусун аныктагам. Бирок аны жогорку деңгээлде иштеп чыгарыш үчүн мага убакыт керектелет.
“АГАЙЛАРЫМ КӨРӨ АЛБАСТЫК КЫЛЫП...”
– Үйдүн тегерегин казып, жасаган аппараттарымды орнотуп, түнү менен иштеп жатсам ата-энем ишенчү эмес. Эртең менен туруп алып “мен сынакка кеттим” десем, апам “мейли, балам, бир нерсеге илээшсең болду да” деп уктап калчу. Менин максатым сынактан жеңүү эмес, бир илимди ойлоп табуу. Ноокат районундагы Бөрбашев мектебинде окуп жатып жер титирөөнүн алдын алуучу аппаратты жасагам. Аны менен облустук сынактан жеңгенде мектептеги өзүмдүн агайларым көрө албастык кылып, “сага бирөө жардам берди, болбосо акча менен биринчиликти сатып алдың” дешкен. Мунун айынан балдар менен мушташкам. Кийин 11-классты Көк-Жар орто мектебинен аяктадым. Алар лабораторияларга алып кирип, агайлар кеңештерин айтып, аябай жардам беришкен. 10 жыл окуган мектебиме караганда, 1 жыл окуган Көк-Жар мектеби мага колдоо берди.
Уулбү Каныбекова
info_osh@super.kg