Адатта, ырчылардын үнүнө, ырына гана эмес, кийген кийимине да эл назар салат эмеспи. Биз айрым ырчылардын сүрөттөрүн алып, алардын стилин атайын адистердин сыдыргысынан өткөрүүнү чечтик. Адистердин сыны кандай болду дебейсизби?..
АЙПЕРИ КУБИК КЫЗЫ
Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Айпери учурда өзүнүн стилин издеп жүргөн убагы окшойт. Бул ич көйнөккө окшогон көйнөгү такыр жаккан жок. Өзүнө деле жарашпаптыр.Мындайча айтканда, татына жүздүү, келбеттүү кызды бул көйнөк бузуп койгон. Ал эми чач жасалгасын сөзсүз өзгөртүшү керек. Негизи эле Айпери жыртылган жынсы менен кесилген кол кап кийгенин токтотуп, ич кийимге окшогон көйнөгүн чечсе эле өзгөрөт болчу.
САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА
Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Кийген формасы абдан улуу көрсөтүп коюптур. Башындагы чалмасын кийбей эле койсо болмок. Анын ордуна жакшы чач жасалга жасатып чыкса жарашмак.
Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Негизи, сыя көк түс күндүзү эмес, кечкиге жакшы. Көйнөгүнүн түсү күндүзү байкалбай, тескерисинче, артында бийлеген кыздар көзгө урунуп, биринчи планга чыгып кетишиптир. Күндүзү жеңил түстөр жакшы роль ойнойт. Мисалы, ак түс. Башындагы чалмабы же жоолукпу, белгисиз. Бети тоголок болгондон кийин чач менен жаап-жашырса, анткени чачты жыйганда бет чоң болуп көрүнөт. Бут кийими көйнөгүнө төп келбептир.
АЙНУРА САЛАХИДИНОВА
Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Айнурага кызыл түскө караганда ак түс жакшы жарашары көрүнүп турат. Түстөр жакшы эле тандалган, бирок аксессуарларды ашыкча колдонуп жиберген. Колундагы билериги жарашкан, ал эми күмүш шакектердин кереги жок болчу.
Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Айнура стилинин үстүнөн дагы көп иштеши керек экен. Камерага башка, фотосессияга башка макияж жасатышы зарыл. Экинчиден, болерону жеңи кыска көйнөктөр менен кийген оң. Бул жерде көйнөгүнүн жеңи чыгып, жакасы көрүнүп турат. Аксессуарларды да колдонууда аша чаап кетиптир.
ГҮЛНУР АСАНОВА
Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Бул кыз өзү жаш эле болсо керек, бирок бир көргөндө 35 жашта деп ойлойсуң. Кийип турган көйнөгү фольклордук стиль. Көйнөктү бир аз кыскартса болмок, сырт кийиминен ашыкча узун көрүнүп калыптыр. Жашыл түстөгү көйнөккө сары түстөгү оймо-чиймелер шайкеш келет, бирок оймо-чиймелер абдан көп, азайтуу керек болчу.
Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Гүлнур өтө улгайган деле айым эмес экен. Мындай көйнөк менен башталгыч класстардын мугалиминдей көрүнүп калыптыр. Көйнөгүнүн фасону да анча эмес . Колготкини тандоодо жалтырак эмес, буттун өңүндөй түстөргө басым жасаса. Мисалы, бул формага жашыл түстөгү колготки кийсе деле жарашмак. Стиль дегенди такыр көргөн жокмун, Гүлнурдун бул турушунан.
Кайыргүл
Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Бул юбка менен кофтаны сахнада кийип ырдоо акылга сыйбаган нерсе. Мындай кийим менен көчөдө же кеңседе жүрсө болот.
Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Бул стиль эмес, жөн эле күнүмдүк жашоодо кийүүчү кийим. Билбейм, балким, жакшы ырдаса керек, бирок мындай кийим менен сахнада эмне бар деген ой келди. Жеңил, жайкы бут кийим менен капрон колготки кийип алыптыр, бул уят.
Лунара Бекиева
star@super.kg