Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты: «ҮЙДҮН УЛУУСУ БОЛСОМ ДА, КЕЧ ҮЙЛӨНДҮМ»

Депутаттар сүйлөгөндү жакшы көргөн калк келет. Телевизордон “сөз бербей койду” деп таарынгандарын көрүп, бекеринен регламентти ойлоп табышпаса керек дейсиң. Бул депутат болсо, кыска жана нуска сүйлөйт. Андыктан буга чейинки маектердин ичинен убакыттын аздыгы боюнча рекорд койдук.

“ДЕМ АЛЫШ КҮНҮ ТҮШКӨ ЧЕЙИН УКТАЙМ”

  • 1972-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Шанкол айылында туулган.
  • Жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, Ош технологиялык университетинде экономист адистигине ээ болгон.
  • ЖКнын IV-V чакырылыштарынын депутаты.
  • Учурда парламентте “Республика” фракциясынан депутат.
  • Бош убактысы боло калса тоого чыгып кетет, ат сарайына барып эс алат.
  • Жазуучу Асыкбек Оморовдун чыгармаларын баалайт.
  • Чылым тартпайт, арак ичпейт.

– Депутат болгонго чейин калың журт сизди спорт чөйрө­сүнүн өкүлү катары таанычу. Кандайча спортко аралашып калдыңыз эле?
– Өзүмдүн кызыгуум менен келдим. Спорттун көп түрү менен машыккам. Рингге чыгып, мелдештерге катышып кандайдыр бир чоң ийгиликтерге жетишкен жокмун. Себеби жумушка алаксып калдым. Ошентсе да соңку 20 жылдан бери спорт залга барганды калтырбай, күн сайын болбой калса, ар эки күндө машыгып турам. Эң негизгиси, каалоонун болушу жетиштүү.

– Билишимче, улак тартышты да жакшы көрөсүз...
– Ооба. Аны кыргыз жигитинин милдети деп эсептейм. Ар бирибиз ат үстүндө ойногонду билишибиз керек. Болбой баратса ат кармап, колдон келбесе улуттук оюндарга колдоо көрсөтүп, буга да күч жетпей баратса, жок дегенде улак тартышка барып, оюнду тамаша кылуу менен күйөрман болушу зарыл.
Улактын сезону кыш эмеспи, бирок мен мезгил тандабай, дем алыш күндөрү да барып турам. Бул оюнда эки жолу бутум сынса деле баары бир токтоткум келбейт.

– “Ошто спорт залдары бар, анда машыккан балдары менен шаарды кармап турат” деген чынбы?
– Ишенимдүү жигиттерим бар экени чын. Бирок “Ошту кармап турат” деген жакшы сөз эмес. Мыйзам, күч органдары, анын ичинде милиция кызматкерлери кармап турат десе болот. Спорт залдарга келсек, анда балдарды түз жолго тарбиялап келебиз. “Алтын темир” залы 2000-жылы ачылган. Балдар эркин күрөш, бокс, эрежесиз уруш жана башка спорт түрлөрү менен машыгат. Ичинен кыйындарын жумушка орноштуруп, көмөк көрсөтүп келебиз.

– Ийгиликке жетишкендерин атап кетесизби?
– Панкратион боюнча Замир Сыр­габаев Дүйнө чемпиону болгон. Көптү үмүттөндүр­гөн жаш балдарыбыз да чыгып келе жатат.

– Кээде депутаттардын ичинен сөзгө келбей көшөрүп туруп ал­ган­дары чыкса керек. Андайда сес көрсөтүп коюш үчүн жигитчилик кылып түйүлгөн муштумду көрсөтүп койгон учурлар болобу? “Бирди көрүп калба!” дегендей эскертүү берип...
– Жок. Мүнөзүм оор. Ачуум тез келет. Аз сүйлөйм. Бирок андай көрүнүш ушул күнгө чейин боло элек. Кудай сактасын. Мамиле же сүйүү менен ала албаганды күч менен эч качан ала албайсың. Ишти сөз менен чечкенге эч нерсе жетпейт.

– Келинчегиңиз кайсы кесиптин ээси, балдарыңыз да спортко жакынбы?
– Үй-бүлө курганыма 12 жыл болуп калды. Жубайым чет тилдер факультетин бүтүргөн, азыр балдар менен үйдө. Эки уул, эки кызыбыз бар. Эң улуусу 3-класста окуса, кенжетайыбыз бир жаштан өттү. Спортко кызыгуусу байкала элек, азыр алар кичинекей. Кез-кезде ат мингенге алып барып турам. Анын үстүнө убакыт да тар, балдарды көрбөй калган күндөр деле болот.

– А сиздин бала чагыңыз кандай өттү?
– Өтө шоктугумдун айынан далай ирет апамдан таяк жеген күндөр менен эсте калган. Баламын да, сөзсүз бир жумушту туура эмес кылып койчумун. Азыр апам айылда, инимдин колунда. Өз убагында ал киши каржы тармагында иштеп, райкеңештин депутаты да болгон. Эки аптада бир келип, кайра “ушул шаарыңарда көпкө тура албайм” деп кеткиче шашат.

– Бир туугандарыңыз эмне менен алек?
– Эки карындашым жана бир иним бар. Иним ишкердик менен алектенип, жакында эле Оштун шаардык Кеңешине депутат болуп шайланды. Карындаштарым өз турмуштары менен алек.

– Ата-энеңиз кандай кишилер? Саясат жолун тандап алууга алар себепчи эмеспи?
– Атам эрте эле кайтыш болгон. Өзү ревизор эле. Мен ошондо “атам бүтүрө албай калган иштердин аягына чыгам” деп сөз бергем өзүмө. Кайсы бири өз жемишин берип баштаса, айрым иштердин аткарылышы алдыда. Саясатка келсек, кичинемде депутат болоюн деген ой деле болгон эмес. Турмуш алып келди окшойт.

– Атаңыз эрте кайтыш болсо, үйдүн улуусу катары көп түйшүктү башы­ңыздан өткөр­сөңүз керек...
– Албетте, оор жоопкерчилик турду. Инимди үйлөп, карындаштарымды турмушка узаткандан кийин гана өзүм үй-бүлө курдум.

– “Алтынбек Сулайманов эң бай адамдардын бири” деп калышат, учурда бизнесиңизге ким көзөмөл кылат?
– Оозуңарга май, бай эле болгон жакшы. Ар бир кыргыз бай болсун деген ойдомун. Байлык бул – биздин мамлекетибиз, жерибиз, желегибиз, ата-тегибиз жана кыргыз деген улутубуз.
Ишкердикке келсек, депутат болгондон бери инилериме өткөрүп бергем. Алар анча-мынча заводдорго көз болуп турушат.

– “Ош шаарына мэр болуп барат экен” деген сөздөр күчөй баштады. Макул болот белеңиз?
– Депутаттык мандатты эл берген. Алардын ишенимин актап бүтө элекпиз. Жасай турган иштер көп. Тагдыр кайда буруп кетерин билбейм, “бир жакка барам же барбайм” дегенден алысмын. Азырынча депутаттыкты аркалап, берген убадаларды аягына чыгаралы деген тапшырмалар турат.

– Баш прокурор Аида Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн депутаттар арасында кол топтолууда. Анын башында сизди турат деп жатышат...
– Ооба, мен жүрөм. Баш прокурорго ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоп жатабыз. Биз аны “саясий буюртмаларды аткарып жатат” деген бүтүмгө келдик. Кол топтоп, палатага алып чыгуу үчүн 41, кызматтан алуу сунушуна 81 депутаттын колу керек. Азыр жетиштүү добуш чогулган. Жыйынга алып чыгуу жагын да карайбыз, турмуш көрсөтөт го.

 Кыстарылган видео 
Алтынбек Сулайманов: "Үйдүн улуусу болсом да, кеч үйлөндүм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mek-81kg
2012-04-16 11:06:23
молодец ар бир кыргыз жигити ушундай болсо, чындыкты бетке айткан эч нерседен корпогон чыныгы эркек ушундай болот.
0
monchok
2012-04-16 15:23:30
Алтын темир убагында Ошто Авторитети кучтуу болчу.
0
komp07
2012-04-17 18:45:06
ушундай депутатар коп болсун
0
nematulla
2012-04-18 19:47:04
en jakshi
0
jhanibek
2012-04-19 00:53:03
эн жакшы азаматсыз. сиздей жигиттер коп болсо
0
mansur2284kg
2012-04-19 01:06:01
маладец брат ишинизге ийгилик
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан