ЖЫЛДЫЗДАР КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

Сахна көркү, экран жүзү болгон жылдыздар көрөрмандар, күйөрмандардын алдына ар дайым сулуу болуп чыгышат. Аларды көрүп "ырчы же актриса болуп кетсемби, татынакай болуп жасанып эле жүрөсүң" деп тамшангандар көп. Ошол жылдыздар сиз көргөн сулуу деңгээлге чейин кандай болушкан?..

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ, ЫРЧЫ:


– Ильяз Абдыразаков деп 2006-жылдан тартып чыга баштагам. Мурун ырчылар сахнага атайын кийим тиктирчү эмес беле. Форманы кийгенде аябай толкундангам. Бир жагынан кубансам, бир жагынан "өмүр бою ушинтип форма кийип өтөмбү?" деп капа да болуп кеткем. Анан да биринчи жолу концерт койгонумда чачымды жасатканыма күлкүм келген, улам "ушинтип өмүр бою сахнага чыккан сайын чачымды жасата беремби?" деп. Эми болсо чачымды деле жасатпай калдым, чоңойбодукпу.

НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА, ТЕЛЕАЛПАРУУЧУ:


– Алгач 2005-жылы "Хит-парадга" чыккам. Ал жаштар берүүсү болгондуктан, жынсы, спорттук кийимдерди кийүүнү талап кылышчу. Жумушка өзүм да кызыккандыктан, чач жасалга, макияжды акыркы акчама болсо да жасаткан күндөр болгон.
Салондорго дайым барып тургандыктан, кээде акчам жок болуп калса, карызга жасап беришчү. Колума тийген акча ошондой иштерге кетчү.

НАЗИРА АЙТБЕКОВА, АЛПАРУУЧУ:


– Мен эл алдына чыкканыма 7-8 жылдын жүзү болуп калды. Алгач Алексей Филатов экөөбүз "Хит-парадга" чыкканбыз. Динара эже экөөбүз тартылган видеону кийин көрсөтүп жатпайбы. Ошондо өзүмдү көрүп маанайым абдан чөккөн. Анан да биринчи эфир бүткөндө Динара эжеге көрөрмандар чалып, "эмне мынча түрү суук кызды алып алгансыңар?" деп айтышканы эсимден кетпейт. Салонго деле барган болчумун, ал жактан да адистер чарчашканбы, айтор, эптеп эле боёп коюшса керек.
Апам айлыгынын көбүн мага сарптачу эле. Экөөбүз кечке базар кыдырып, мага кийим издечүбүз. Күйөөгө чыккандан кийин жолдошум салондорго алпарып, бийге, моделдик агенттикке жаздырып, азыркы деңгээлге жеттим.

АРСЕН, ЫРЧЫ:


– Алгач сахнага 2009-жылы кадам шилтегем. Кан башка тээп турган чакта өтө ачык түстөгү, жалтырак кийимдерди стилдүү деп ойлочумун. Арадан үч эле жыл өтсө да, ошол сүрөттөрүмдү азыр көрүп күлүп калам.
Арык болчумун, көп кийимдер чоң келип калгандыктан, көбүнчө жабышкан кийимдерди кийчүмүн. Арык кишини ал нерсе андан беш бетер арык көрсөтө турганын мен кайдан билейин?.. Эми болсо өзүмө өзүм сынчымын, стилимди да өзүм тандайм. Учурда ретро кийимдерге басым жасап, бир түстүү кийимдерди кие баштадым. Чаар ала, ар түрдүү түстөрдү кийбейм.

ЗАМИР МЫРЗА, ЫРЧЫ:


– Мен 2001-жылдан баштап чоң сахнага чыккам. Ал кезде Мурат Насыров, "А-Студио" тобу укмуш популярдуу эле. Ошолорго таасирленип чачты да өстүрдүк, клёш шымдарды кийдик.
Мурун азыркыдай бренд болгон, фирмалык кийимдер аз жана кымбат болчу. Шартка ылайыктап, анын фасондорун уурдап тиктирип алып кийип жүрдүк. Алгач сахна кийимин кийгенде аябай эле толкундангам. Анткени бизде жоопкерчилик көп да. Ар кандай адамдар болот, ар биринин көңүлүн алсам дейсиң. Азыр эми замандын талабына жараша клёштон ичке шымдарга өтүп, чачты кыскарта баштадык.

ЭЛИНА АБАЙ КЫЗЫ, АКТРИСА:


– Тасмага 16 жашымда тартылгам. Ал кезде көйнөк, шиш така, маникюр, педикюр, салонго баруу деген ой түшкө кирчү эмес. Бул нерселерге эми гана аралашып калбадымбы. Кээде отуруп күлүп калабыз, "экранга чыкпасак, боёнбой, көйнөк дегенди деле унутуп калсак керек" деп. Азыр ошол сүрөттөрүмдү көрүп, "апей, мен ушундай кыз белем?" деп күлүп калам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Dohtar
2012-04-16 20:46:58
Назира биринчи эфирге чыкканда менин деле журогум тушкон,азыр онолду просто красавица болуп калды!
0
aiganysh88
2012-04-16 21:20:22
ильяз и замир так изменились
0
itslujba
2012-04-16 22:46:48
Ч. Айтматов атабыз айткандай "Ааламга жол айылдан башталат". Баардыгы жонокой нерседен башталаааааат.
0
itslujba
2012-04-16 22:49:31
НАЗИРА АЙТБЕКОВАнын куйосу дэээги озу жакшы бала Искендер,салондорго алыпбарып кичине тузоп жамап ондоп коептур Назираны.
0
Love_kg
2012-04-18 13:43:32
itslujba, нет она до замужество еще похорошела .....
0
akiykat
2012-04-18 14:39:34
Love_kg, Чын эле. Куйоого тие элек кездеги суротторун карасанар, таптатынакай болуп озгоргон. Жакшы аял жолдошунун жакшысын арттырат, жаманын жашырат болуп,Назира куйоосун мактап койсо керек. Куйоосу да азамат экен артисти аял кылып, анан да колуна которуп баккан. Баардык кыздарга ошондой куйоо берсин!
0
itslujba
2012-04-16 22:50:21
Назира Айтбекова менден Искендерге чон салам!
0
gulku
2012-04-17 00:16:19
сахнадагы адамдарды кудум айдан тушкондой карайбызго.аларда биздей эле адамдар экенго.алгачкы кебетелерин карасан кулкун келет экен!
0
solnyshko
2012-04-17 11:05:09
вахахахахаххаааа
0
LadyD
2012-04-17 11:43:10
Назира чын эле аябай озгоду, куйоого тийген абдан жарашыптыр, куйоосу азамат жигит экен!!!!
0
sejit
2012-04-17 12:18:51
Назира айтбекова аябай озгоруптурго чиркин
0
gulperi.kg
2012-04-17 17:48:24
назира ,замир нурзаттын азыркы стилдери жакты а тиги елина илгерки стилинен еч еле озгорбоптур!! ийгилик силерге!
0
akisha
2012-04-18 08:08:56
Беркилердин суроту 3-5 жыл эле аралык турбайбы. Назираныкы 9 жыл мурункусу экен. Мектеп кезиндеги сурот го? Анан албетте айырма чон болот. Дагы азамат, ушунча озунун стилинин устунон иштептир. Кээ бири тоодон тушкон бойдон журо беришет да. Осуш керек!
0
Naziwka
2012-04-18 18:00:40
Naziranyn kimosun koruvatsam, kollegalarym turk, tayka, orustar ay iiy kyrgyz kyzdary nazik, anan kozunordun formasy da sonun bolt ee dep ayavay suktanywty...)) Menim4e Nazira an4a myn4a 18 20 waltaktap boengon zvezdalarga karaganda oto jaw anan, estestvennaya korunot, kuyosu eko da sonun para, baktyluu boluwsun!! Elina stilinin ustunon iwtew kerek go...
0
akisha
2012-04-18 21:56:38
Naziwka, Назиранын кинодо ойногону аябай жакты!!!Мыкты актриса чыкчудай.
0
maradona
2012-04-19 12:09:07
Бул жерде Назира менен Ильяз озгоруптур.
0
altyshka1992
2012-04-19 15:43:06
iliazdy suiom go... iliaz kebetesi m.n ele emes baardygy m.n ozgordu... a9l algandan beri kulboi da kaldy... kyrgyzda erkek bashkarchy ele ui buloonu... bularda medina bashkarat okshoit
0
Bati
2012-04-20 10:45:54
Замирдин мурунку стили жакты мага
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан