ЭКСПЕРИМЕНТТЕН КОРКПОГОН РИАННА

Бүгүнкү күнү ырчы Рианна музыканын гана эмес, стилдүүлүктүн да иконасы аталып келет. Буга анын кайда барбасын көзгө түшкөн, интрига жараткан кийимдери, образдары себеп. Рианна ушул кезге чейин канча образды жаратты, кызыкпы?..

СТИЛИСТТЕРДИН КЕҢЕШИНЕ МУКТАЖ ЭМЕС
24 жаштагы Робин Рианна Фенти шоу-бизнес дүйнөсүнө кирери менен атак-даңкка жетип, планетаны хит ырлары менен каптаганы шексиз. Лирикалык ырлары менен популярдуу болгон Рианна учурда ритмикалуу ырларга басым жасоодо. Бир кездеги жынсы юбка кийген узун чачтуу уяң Рианна азыр стили менен имиджин байпагын алмаштыргандай эле тез-тезден өзгөртүп турат. Ооба, ырчы эч бир стилисттин кеңешин укпайт, кайсыны туура деп эсептесе, ошону гана киет. Анын фантазиясында чек жок. Көпчүлүк айымдар назик, жумшак кийингенге аракет кылышса, Рианна чечкиндүү, эркек мүнөз образдарга кызыгат. Керек болсо шайкеш келбеген түстөрдү да төп келтирип кийип алат. Мындай эрдигинен улам стилисттер аны моданын мыйзам чыгаруучусу деп атап коюшкан. Сахнада жана күнүмдүк жашоодо Рианна ачык түстөгү кийимдерге басым жасайт.

ДЕЛЕБЕНИ КОЗГОГОН ОБРАЗДАРЫ
Барбадостук Рианна келишкен келбети үчүн да жарнамалык роликтерге тартылып, миллиондорду чапчыган гонорар алат. Ырчы эротикалык образдардан куру эмес. Буга төмөнкү сүрөттөр далил.

ШИШ ТАКА МЕНЕН ДОС
Рианна шиш такалуу бут кийимдерди абдан жакшы көрөт. Мейли концертте, фотосессияда, съёмка учурунда, көчөдө болсун, шиш такалуу бут кийим кийип жүрөрүн айтат. Жадакалса спорттук бут кийимдердин да такасы барын киет. Бийик такалуу бут кийимде ырчы өзүн эркин сезет экен.

ЭПАТАЖДУУЛУК ЖАГЫНАН ГАГАДАН КАЛЫШПАЙТ
Леди Гага менен Рианнанын окшоштугу эмнеде? Албетте, ойго келбеген образдарды ойлоп тапкандыгында. Бирок Рианна бул жаатта Гагага караганда бир аз ыймандуураак. Негизинен, Рианнанын имиджи менен стили 2009-жылдан кийин кескин өзгөрүүгө дуушар болгон. Бул нерсеге ушул жылы чыккан ырчынын “Жакшы кыз жаман болгондо” (“Good Girl Gone Bad”) аттуу альбому түрткү болуптур.

КҮТҮЛБӨГӨН ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ МАШ
Ырчы жана продюсер Жей Зинин сүймөнчүгү Рианна эң саркеч кийинген поп ырчылардын бири. Ал күтүүсүз өзгөрүүлөрдү жакшы көрөт. Мисалы, чачтарачка кирет, бирок жарым сааттан кийин кандай чач жасалга менен чыгарын билбейт. Анткени ырчынын фантазиясы дал ошол жерден иштеп, ойлогондон такыр башка чач жасалга жасатып салышы мүмкүн. Рианна чачын күрөң, кызыл, кара, сары түстөргө тез-тезден боёп, эксперимент кылуудан коркпойт.

ТЫЮУ САЛЫНГАН НЕРСЕЛЕРДИ БУЗГАНДЫ ЖАКТЫРАТ
Рианна: “Мага модельерлер ойлоп тапкан мода бир нерсени чектеп койгондой туюлуп, тескерисинче, тыюу салынган нерселерди бузган жагат. Мисалы, кара менен күрөң түстү чогуу кийбеш керек дегенге такыр кошулбайм. Мен кара костюм, кара жынсыны күрөң кур жана күрөң бут кийим менен кийип жүрөм”,- дейт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jazka
2012-04-16 16:41:40
жакшы кором ушул ырчыны...талант!обожаю!
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан