EURO 2012: ИСПАНИЯ

ИСПАНИЯ

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1909-жыл.
Лакап аты – "Кызыл бука".
Башкы машыктыруучусу – Висенте дель Боске.
Капитаны – Икер Касильяс (“Реал” Мадрид).
Мыкты бомбардир – Рекордчу: Давид Вилья (51).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Икер Касильяс (127).
Эң ири жеңиши –13:0 эсебинде Болгарияны (1933-жыл, 21-май).
Эң ири жеңилүүсү – 7:1 эсебинде Италиядан (1928-жыл, 4-июнь).
Жетишкендиктери – Европанын 2 жолку чемпиону (1964, 2008)
ФИФАнын рейтингин жетектеп турат.

44 ЖЫЛДАН СОҢ... 44 ЖЫЛДАН СОҢ...
Расмий эмес маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндөгү Испания курама командасы күйөрмандарынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ал мындай жеңишти 44 жылдык тыныгуудан соң, тагыраак айтканда, 2008-жылы Европанын чемпиондук тактысына кайтуу менен олжолоду. Ооба, "ЕВРО-1964төн" башка тарыхый жеңиши жок Испания орто жолдо “жолсуз команда” деген атка конгон. "ЕВРО-1984түн" финалына чыкканы болбосо, калган мелдештерде жарым финалга да чыгып көргөн эмес.
2008-жылы мелдеш алдында күтүлгөндөй эле континенттин чемпиондугун жеңип алып, пиренейликтер майрамдап эле жатып калышты. Артынан "ЮАР-2010ду" жеңип, Испания футболдук державага, жеңиш өлкөсүнө айланып калды. Санай кетсек, бул өлкөнүн тарыхында кезинде клубдун деңгээлинде мыкты ойноп таанылган Альфредо ди Стефано, Ладислав Кубала, Ференц Пушкаш, Андони Гойкоэчеа, Хосеп Гвардиола сыяктуу залкар футболчулар ойношкон.

"РЕАЛ"+"БАРСА"=ИСПАНИЯ
"ЕВРО-2012" Испания үчүн чоң мааниге ээ. Ал бул жолу утса, континенттин чемпиондугун эң көп уткан Германия менен теңелет. Анан да Европа чемпиондугунун салтын бузуп, катары менен жеңишке жетишкен команда болот. Бул үчүн команданын башкы машыктыруучусу дель Боске курамды сактап келди. Ал: “Чемпиондук наамыбызды коргойбузбу, жокпу, убакыт көрсөтөт”,- деп гана чектелүүдө. Ал курамдагы атаандаштыкты күчөтүп, адатта, “Реал” менен “Барселонанын” оюнчулары эле ойноочу курамга өзгөртүү киргизери айтылууда.
Идеалдуу курам болуп келген команданын башкы машыктыруучусун да, күйөрмандарды да түйшөлткөн маселе бар. Бул – команданын чабуулдук сызыгы. Чабуулчу Фернандо Торрес мыкты спорттук калыпта эмес болсо, Давид Вилья жаракатынан улам командага кирбей калуу коркунучу алдында турушат. Мелдешке келсек, башкы талапкер болгон испаниялыктарды коомчулук эчак эле тайпадан чыгарып, алар үчүн кызуу кармаш плей-оффто башталарын айтышат. Эмне дейбиз, тамашалуу түрдө айтканда, курамына эки-үч оюнчуну кошуп алган “Барселонага” ийгилик каалайбыз.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Maxatbek
2012-04-16 18:02:39
Оо,Испания-менин командам!
-1
Talant86
2012-04-16 19:46:19
испания быйыл да европанын чемпиону болот
-1
maisal1919
2012-04-16 20:56:10
испания жегет быйыл дагы
-1
Ulan5
2012-04-17 00:29:29
byiyl Ispani9 jene albait Germani9 alat EURO 2012
+2
JACOB BLACK
2012-04-17 16:30:53
potugali9 finaldan ispani9ny utup sensaci9 jaratat!!!
-1
RukaPashnik
2012-04-19 07:31:24
Голландия чемпион болот,ким мени менен мелдешет?!эстеп койгула.!
+1
Baha.kg
2012-04-21 11:24:31
туура айтасын Рукапашник, Голландия чемпион болот.!!!
0
new_hacker
2016-06-15 09:25:14
жаман
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан