КЕРЭЭЗИ АТКАРЫЛБАЙ КАЛГАН СҮЙМӨНКУЛ

Келечекке алгачкы кадамдар

Улуу талант Сүймөнкул 1939-жылы 9-ноябрда азыркы Бишкек калаабыздан анча алыс эмес жердеги тоолуу Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Чокмор колунан көөрү төгүлгөн темир жана жыгач уста эле. Укмуштуудай ээрлерди жасап, өрүктөн комуз чаап, күү чертип, созолонтуп ыр ырдаган өнөрлүү адам болгон.

Сүймөнкулдун тунук булактан суу ичкен, көк шиберлүү талаада жүрүп мал кайтарган, балык кармоонун кызыгына баткан керемет балалык күндөрү өз айылында калган. Жүрөк менен кандын байланышы кандай болсо, искусство менен табияттын байланышы да дал ошондой эмеспи. Кыязы, Сүймөнкулдун балалык сезимдерине ошол кездеги табияттын кооз көрүнүшү өз таасирин тийгизип, анын сүрөтчүлүк талантына шык берип, ички сезимдерин ойготсо керек. Ошол себептүү “сүрөтчү болом” деген аруу тилеги менен 1953-жылы Фрунзедеги Сүрөтчүлөр окуу жайына кирип, 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Министрлигинин көрсөтмөсү менен Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарындагы И.С.Репин атындагы Сүрөтчүлөр академиясына тапшырган. Аны 1964-жылы бүтүргөн. Өз жерине кайтып келген соң Сүрөтчүлөр окуу жайында иштеп баштап, 1967-жылы 27-ноябрда СССР сүрөтчүлөр Союзуна кабыл алынган.

Кино дүйнөсүнө карай ачылган жол

Бир көргөн нерсе көп учурларда эсте кала бербейт эмеспи. 1966-жылы чыгаан режиссёр Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” аттуу алгачкы кинотасмасынын ачылышы болгону жаткан. Океевге бир бейтааныш жигит басып келип: “Кесибим сүрөтчү. Сиздин ушул кинотасмаңыз жөнүндө көп угуп жүрөм. Мүмкүн болсо, киргизип коёсузбу?”-дейт. Жүзүнөн нуру тамган, уялыңкы, узун бойлуу жигиттин өтүнүчүн режиссёр дароо орундатат. Ошол бойдон экөө көпкө чейин көрүшпөйт.

Бирок экинчи жолу да жолугушуу болот. “Кыргызфильм” студиясынын көркөм кеңешине жаш режиссёр Б.Шамшиев “Караш-караш” фильмине карата алгачкы актёрдук даярдыктарды көргөзүп жаткан болчу. Көркөм кеңештин курамында Төлөмүш Океев да бар эле. Экрандан киного тандалып алынган актёрлорду биринин артынан бирин көрсөтө башташат. Бир маалда Б.Шамшиев: ”Кунт коюп карап туруңуздар. Мына бул жигит башкы ролду аткарууга башкы талапкер”,- деп эскертет. Т.Океев башкача таңдана түшөт. Анткени кадрда баягы узун бойлуу, уялчаак бейтааныш жигит турган. Ал жигит С.Чокморов эле. “Режиссёр актёрлукка эч кандай тиешеси жок, кыймылы илең-салаң, үнү андан бетер жагымсыз жигитти башкы ролго дайындап жатабы?” деген кооптонуу отургандардын баарында пайда болот. Ошого карабай Шамшиев айтканынан кайтпай, ал жигитти башкы ролго бекитет. Көпчүлүк “тажрыйбасы жок ушул баладан эмне чыкмак эле?” деген ойдо калышат.
Жыл өтөт. Фильм экранга чыгат. Баягы Көркөм советте отургандарын кооптонуусу, чаң учкандай эле жок болот. Өзү актёр болбосо да, эң татаал ролду укмуштуудай сонун ойнойт. “Караш-караш” киносу Сүймөнкулга атак-даңк, биринин артынан бири чууруган ролдорду алып келүү менен бирге кино дүйнөсүнө кенен жол ачып берет.

Кино жана живопись

“Сүрөтчү менен киноактёрлук бул - өзү эки башка пландагы кызыгуу эмеспи? Бирине-бири тоскоол болбойбу?” деген суроолорго: “Жок, кыргыздар “эгерде сенин күлүгүң болсо, анда сен байсың” дешет. А менин бир эмес, эки күлүгүм бар. Ал «живопись жана кино». Мен эки эсе баймын” деп айтчу улуу сүрөткер.

Образдардагы эрдик

Кино тартылуу учурларында Сүймөнкул өз каарманынын бардык кооптуу жерлерин дублёрсуз өзү аткарган. Кинонун чындыкка жакын болуп чыгышы үчүн Чокморов жанын аяган эмес. Каскадёрлор кооптонуп аткарышпаган нерселерди өзү аткаруудан баш тартпаган. “Көк серек” фильмин тартуудагы алгачкы эпизоддордун биринде Сүймөнкул аткарган Ахангул көк жал карышкыр менен кармашып, жип менен байлап салуусу керек болгон. Байлаганда да эч кандай курал-жарактын жардамысыз. Карышкырды түптүз эле качырып барып байлап салуу оңой-олтоң иш эмес эле.
Бул эпизодду тартуунун алдында баарынын башы катат. Аңгыча Сүймөнкул өзү сунуш киргизип, «кабатыр болбогула, баарын өзүм жасайм» деп айтат. Ошентип, мал байлаган акырда кармашуу башталат. Бир аз тиктешкен соң карышкырды качырып кирет. Сүймөнкулдун ар бир кыймылы өмүр бою карышкырлар менен алышып жүргөн мергендикиндей сыяктанып, акыры бурчка такап туруп көк жалды чырмап байлап салат. Мындайды баатырдык эмес деп айтууга акыбыз жок.

«Оскарга» жеткен кыргыз

“Элестелип дүйнөгө бүт таркады,
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй...”,- деп Жолон акын жазгандай Сүймөнкул аткарган кинолор аркылуу кыргыз жүзү, кыргыз киносу бүт дүйнөгө таркабадыбы. Ал аткарган кинолор 1977-жылы Непал, Индия, Польша, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлгөн. 1975-жылы “Көк серек” фильми АКШ киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгынын “Чет элдик мыкты фильм” деген наамына талапкер болгон. 1977-жылы бул сыйлык дүйнөгө белгилүү режиссёр Акиро Куросава (Япония) тарткан “Дерсу Узала” фильмине ыйгарылган. С.Чокморов бул фильмде да роль аткарган.

Жаралбай калган образдар

Сүймөнкулдун көп пландары ишке ашпай калган. 1980-жылы ооруп калар алдында: “Менин 12 жылда жараткан чыгармаларым бул башталышы гана, чоң нерселер алдыда. Жок дегенде ортолоп барсам көп иш жараткан болор элем”,- деп көп кайталачу. Эгерде ден соолугу болуп бардык ою ишке ашканда, балким, кыргыз киносу Азия киносу менен бирге дүйнөлүк аренада алдыңкы орундардын ээси болмок. “Дагы кимдердин образын жараткыңыз келет?” деген суроолорго Манастын, Чыңгызхандын образдарын жараткысы келерин эч жашырчу эмес. Анан дагы Че Геваранын образын жаратууну тилек кылып жүрчү экен. Чыңгызхандын образы тууралуу, «азиаттын ролун азиат гана ойной алат» деп көп кайталачу.
Белгилүү япондук режиссёр Акиро Куросава: “С.Чокморов дүйнөлүк масштабдагы актёр”, - деп айтып, аны ааламга даңкы кеткен актёр Мифуне менен бирге киного тартууга чакырган. Бирок жабышып кетпей койгон оорунун айынан Мифуне менен ат салыша албай калган. Кинолордон катуу жапа чеккендиктен бөйрөгү иштебей калган. 9 жыл ичинде 55 жолу оор операцияга туш болуп, адам көтөрө алгыс азапты башынан өткөргөн.

Сүймөнкулдун керээзи

Керээз – адам өлөр алдында айтылган акыркы сөзү. Өмүрдүн, жашоонун эң таттуулугуна ынанып, жылдызы өчүп баратканда “эх, дүйнө!” деп кайгы менен сүйүнүчүнө күйүнүп, жарык дүйнө менен коштошууга кылган камылгасы.

“Жараткан эмгектеримди, сүрөттөрүмдү сактагыла, талаага таштабагыла. Алар элдин байлыгы катары эсептелсин. Кийинки муундарга калтырган белегим болсун. Бардыгын устаканамда калтырдым”. Бул сөздөр эң улуу кыргыз уулдарынын биринин калтырган керээзи эле. Көзү өткөн адамдын керээзин аткаруу тирүүлөрдүн милдети эмеспи. Биз өз милдетибизди канчалык аткара алдык? Анын устаканасы каралбай калган. Көз жумганына 17 жылдын жүзү болсо да, эстелиги тургузула элек. “Эстелик тургузулсун” деген буйруктун чыкканынан бери көп убакыт өтүп, эстелик тургузулчу жер анык болсо да, алигиче жыйынтык жок. Бул өлкө бийлигине, элибизге жана искусство адамдарына аябай эле уят иш. Улуттук банктын С.Чокморовдун элеси түшүрүлгөн 5000 сомдук банкнотту чыгаруусу анын улуулугун, кайталангыс инсан экенин далилдеп турбайбы.

Алган сыйлыктары

  • СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Спорт чебери Сүймөнкул Чокморов эмгегинин артында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон:
  • Тартылган ролдору үчүн Бүткүл Союздук кинофестивалдарында “Эркектин эң мыкты ролу” наамын беш жолу жеңип алган.
  • Орто Азия кинофестивалында “Тоо бүркүтү” наамы (Казакстан,1969-жыл);
  • “Жамийла” фильминдеги образы үчүн сыйлык (Франция, 1970-жыл);
  • Локарно Эл аралык кинофестивалда “Көк серек” фильминдеги ролу үчүн баш байге (Швейцария,1974-жыл);
  • Дели шаарындагы кинофестивалда “Көк серек” фильми менен баш байге (Индия, 1975-жыл);
  • Чикагодо “Көк серек” фильми менен баш байге (АКШ, 1977-жыл);
  • “Дамасктын күмүш кылычы” сыйлыгы (Сирия, 1981-жыл).

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

(Макаладагы маалыматтар Н.Чокморовдун «Өчпөс жылдыз» китебинен алынды).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан