АГАССИ РОЛАН ГАРРОСТУ ИЧ КИЙИМСИЗ УТКАН

Башка спортчуларга салыштырмалуу теннисчилер обу жок жосундарды, түрдүү ырымдарды көп жасашат. Бири беттеш маалында ырдап жиберсе, кай бирлери ага упай апкелген топту баркташат. Бул жолу теннисчилердин адаттан тыш жоруктары жана карманган ырымдары тууралуу кеп козгодук.

НАДАЛДЫН КЫЖЫРГА ТИЙГЕН КОШ ШИШЕСИ
“Эгер мен Надаль менен ойносом, анын шишесин тээп, анын эмне кыларын көрмөкмүн”,- дейт британиялык теннисчи Жон Ллойд. Ооба, испаниялык Рафаэль Надалдын оюн танаписинде этикеткасын кортту каратып коюп койгон эки шишесине бир эле Ллойд эмес, көптөгөн теннис сүйүүчүлөрү кыжырданышат. Мындай көрүнүштү Надаль адат деп түшүндүрүп: “Бул айланамды тыкан кармап, өзүмдү жыюуга жасаган аракетим”,- деп кошумчалайт.

СЫЛАНКОРОЗ РОДДИК
Энди Роддик менен ойногон теннисчи анын топту оюнга киргизип узатуусун көбүрөөк күтүүгө тийиш. Ал жоругун башындагы шапкесин көтөрүп, кайра түшүрүп баштайт да, сол колтугун искеп, оң колундагы саатын түшүрүп, оң ийинин, анан сол ийинин копшоп, топту кортко элеп, анан гана узатат. Бул америкалык теннисчи үчүн кортто нервди тынчтандыруу экен. Мындай ыкма ага жардам бергенин анын ийгиликтүү узатылган топторунан көрүүгө болот.

КОРТ СЫЗЫГЫНАН КАЧКАН КҮЛ АЛА КЫЗ
Орус кызы Мария Шарапова да мындай адаттардан куру эмес. Анын негизги адаты – оюн учурунда корттун сызыгын басып албайын деп абайлоосу. Мындай кылыгы Марияны бир караганда кортто чалынып, олдоксон аракет кылып жаткандай көрсөтөт.

ФЕДЕРЕРДИН ОБУ ЖОК ЖОСУНУ
Швейцариялык Рожер Федерер дүйнөнүн №1-ракеткасы болуп турганда андан көптөгөн теннисчилер үлгү алышчу. Анын бир кезде ракетканы алаасынан өткөрүп топ узаткан жоругуна азыр Жон Изнер жана Маркос Багдатис аттуу жуптукта ойногон теннисчилер өмүр тартуулап келишет. Жогорку тактыкты жана тобокелдикти талап кылган бул опсуз жосунду Рожер эчак эле таштаган.

ЗИНАНЫН СЕКСУАЛДУУ АРАКЕТИ
Америкалык теннисчи айым Зина Гаррисон теннис сүйүүчүлөрүнө “Уимблдон” мелдешинде Моника Селеш менен Штеффи Графтын мизин кайтарып таанылган. Бирок ал эл эсинде бул жеңиштери менен эмес, ошондогу кызыктай жоругу менен сакталып калды. Топ узатардын алдынан ал жамбашын стриптиз бийчиси сыяктуу айландырып “бийлеп” койчу. Бир караганда жамбаштардын көргөзмөсүнө түшүп жаткандай көрүнгөн анын жоругун эч ким кайталай элек.

Ошондой эле 4 белгилүү теннисчинин ырым-жырымдарын сунуштайбыз.

БООГО “БАЙЛАНГАН” СЕРЕНА УИЛЬЯМС
Ырым демекчи, кылым жаңыргандан тарта теннис дүйнөсүнө кыргын салган Серена Уильямс ырымдап бут кийиминин боосун мыктап байлайт. Ал өөн учураган ырымынан күчтөнүп, өзүнө көбүрөөк ишенип каларын айтат. Айрым теннис сүйүүчүлөрү “бул ырым карьерасында Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерди 13 ирет уткан улуу теннисчиге жарашпайт” дешет. “Эмнеге жеңилип калдыңыз?” деген суроого Серена “жөрөлгөмдү колдонбогонум үчүн” деп ачык эле жооп берет.

ТОП ТАШУУЧУЛАРДЫН ФОБИЯСЫ – РИШАР ГАСКЕ
Ришар Гаскенин карманган ырымы коомчулукка жагып, ырахат тартууласа да, корт четинде топ ташуучу балдарга жакпайт. Ал упай апкелген топту барктап, кортто топ апкелүүчү балдарды (болл-бой) дал ошол топту апкелүүгө мажбурлайт. Бул топторго ал жеңилип баратканда ишеними артып, ийгилик апкелүүгө жөндөмдүү деп эсептейт. Гаскенин бул ырымы болл-бойлордун кыжырын келтирери анык.


БОРГДУН САКАЛЫ ИЙГИЛИК АПКЕЛЧҮ БЕЛЕ?
Швециялык Бьорн Боргдун 1975-жылдан тарта “Уимблдон” мелдешин 5 ирет жеңгенин эл ырымдын таасирине жоруйт. Көпчүлүк учурда сакал койбогон Борг “Уимблдон” мелдеши үчүн ырымдап атайын сакалын өстүрчү. Боргдун ырымы кийин атактуу болуп, аны колдонгон спортчулар көбөйгөн. Атүгүл 2009-жылы хоккей командасы “Детройт Рэд Вингстин” бардык оюнчулары бул ырымды жасап, дүңүнөн сакал өстүрүп, коомчулукту таң калтырышкан.

ЖОКОВИЧКЕ БОЛО БЕРЕБИ?
Сербиялык Новак Жокович топту элөө менен көпчүлүктүн жинине тийип келет. Ооба, ушул жоругу менен көп убакыт алат. Анан да убакыт менен иши жок, оюндан соң сүлгүсү менен кортто “сейилдөөгө” өтөт. Тамашалуу түрдө айтканда, бул убакыт ал үчүн качан, кайсы жерден жыгылуу керектигин ойлонууга сарпталат. Кантсе да ал №1-теннисчи эмеспи, түшүнсөк болот.

АГАССИ ИЧ КИЙИМИН УНУТУП...
Америкалык теннисчи Андре Агасси жакында чыккан китебинде ("Агасси ачык түрдө") өзүнүн бир сырын ачыкка чыгарды. Ал 1999-жылы Франциянын Ачык чемпиондугунун алгачкы беттешинде ич кийим кийүүнү унутуп калганын кортко чыкканда гана билет. Айласыздан беттешти аягына чейин ойнойт. Кызыгы, оюнда жеңип чыгып, муну ырымдап, калган оюндарда кортко ич кийимсиз чыгууну чечет. Ошентип, Агасси мелдеште чемпион болгон. Кээде "ич кийим кийбей коюу ийгилик апкелет" деп ишенген спортчулар да ушундай жолго барышат. Бирок Агасси бул жерде күтүлбөгөн жерден күлкүлүү жосунга барып калган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан