Ош
Ош шаарынын түштүк-чыгыш кичирайонунда май айына карата насостук станцияны оңдоо иштерине байланыштуу бардык иштер аягына чыгат. Мэриянын өкүлү Раимберди Доврановдун айтымында, азыркы тапта Туран, Калинин, Достук жаңы конуштарынын тургундары таза суу менен камсыздалган. Ага чейин жаңы конуштарда суу келүүчү линиялар да жок болуп, калк каналдан суу ичип калган эле.
Насостук станция 50 миң адамды суу менен камсыздоого каралган, ал Германиядан келген жабдуу менен иштейт. Жаңы станция эскисине салыштырмалуу үч эсе аз электр энергия коротот.